https://sputnik.kg/20250509/1093883468.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, жаңы Рим папасы Лев XIVтү Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы... 09.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-09T18:59+0600
2025-05-09T18:59+0600
2025-05-09T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/09/1093883336_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0aa5a2c07b038fe74d6712abdd448639.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, жаңы Рим папасы Лев XIVтү Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы менен куттуктады. «Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим Папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Сиздин Рим Папасы катары аткарган вазийпаңыз эл аралык тынчтыкты жана адилеттүүлүктү чыңдоодо, ошондой эле дүйнөлүк диндер ортосундагы алаканы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Кыргыз Республикасы Ватикан менен жетишилген достук мамилелерин жогору баалоо менен бирге, өз ара түшүнүү, урматтоо жана бүткүл тынчтыкка умтулуу принциптерине негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирем.
Тарых илимдеринин кандидаты, педагог Саламат Малабаев Улуу Ата Мекендик согушта СССРдин жеңишке жетишинин негизги себептерин атады. Фашисттик Германиянын ал кездеги ресурсу СССРдикине салыштырмалуу көбүрөөк болгон. Анын союздаштары да акчалуу эле. Ошого карабай жеңишке Советтер Союзу жетти. Мунун үч себебин бөлүп карасак болот, биринчиси — тылдын бекемдиги, андан кийин — биримдик, үчүнчүсү — руханий байлыктын жогорулугу. Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиши унутулбай эскерилип, кийинки муундарга туура жеткирилиши керек.Тарыхчы Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу сөз болгондо айрым учурларда СССРди коштой жүргөн тоталитардык өлкө деген түшүнүктү да четке какты.Ал Улуу Ата Мекендик согуш темасын изилдөөдө постсоветтик өлкөлөр бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырышы зарылдыгын кошумчалады.
АКШ Москва менен Киевдин эпке келүүсүнө багытталган аракеттерди уланта берет, бирок жылыш болбой жатканын байкаса сүйлөшүү процессинен чыгат. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости Fox News телеканалына таянуу менен жазды. "Биз бекем тынчтыктын орношу үчүн эки тарапты жакындаштыруу жаатында иштей беришибиз керек. Азырынча максатыбызга жете элекпиз. Жылыш болбой калгыча аракет улана бермекчи", — деп кошумчалаган Вэнс. ЖМКлардын "андан кийин АКШ сүйлөшүүлөрдөн чыгабы" деген тактоочу суроосуна вице-президент "ооба" деп жооп берген. Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Украинада ок атууну 30 күнгө чейин токтотууга чакырып жатат. Ал атышууну тез арада эле токтотууга болорун, макулдашуу шартынын аткарылышын көзөмөлдөөчү чара катары аны бузган тарапка санкция киргизилерин белгилеген. "Россия менен Украинанын сүйлөшүүсү уланууда. АКШ алдын ала коюлган шарты жок эле атышууну 30 күнгө токтотууга чакырат", — деп айтылат макалада.Трамп тынчтык Россия менен Украина жана аны колдоп жаткан Европанын ортосунда орнойт деп үмүт артып жатканын да кошумчалаган.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, жаңы Рим папасы Лев XIVтү Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы менен куттуктады. «Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим Папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Сиздин Рим Папасы катары аткарган вазийпаңыз эл аралык тынчтыкты жана адилеттүүлүктү чыңдоодо, ошондой эле дүйнөлүк диндер ортосундагы алаканы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Кыргыз Республикасы Ватикан менен жетишилген достук мамилелерин жогору баалоо менен бирге, өз ара түшүнүү, урматтоо жана бүткүл тынчтыкка умтулуу принциптерине негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирем.Тарых илимдеринин кандидаты, педагог Саламат Малабаев Улуу Ата Мекендик согушта СССРдин жеңишке жетишинин негизги себептерин атады. Фашисттик Германиянын ал кездеги ресурсу СССРдикине салыштырмалуу көбүрөөк болгон. Анын союздаштары да акчалуу эле. Ошого карабай жеңишке Советтер Союзу жетти. Мунун үч себебин бөлүп карасак болот, биринчиси — тылдын бекемдиги, андан кийин — биримдик, үчүнчүсү — руханий байлыктын жогорулугу. Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиши унутулбай эскерилип, кийинки муундарга туура жеткирилиши керек.Тарыхчы Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу сөз болгондо айрым учурларда СССРди коштой жүргөн тоталитардык өлкө деген түшүнүктү да четке какты.Ал Улуу Ата Мекендик согуш темасын изилдөөдө постсоветтик өлкөлөр бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырышы зарылдыгын кошумчалады.АКШ Москва менен Киевдин эпке келүүсүнө багытталган аракеттерди уланта берет, бирок жылыш болбой жатканын байкаса сүйлөшүү процессинен чыгат. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости Fox News телеканалына таянуу менен жазды. "Биз бекем тынчтыктын орношу үчүн эки тарапты жакындаштыруу жаатында иштей беришибиз керек. Азырынча максатыбызга жете элекпиз. Жылыш болбой калгыча аракет улана бермекчи", — деп кошумчалаган Вэнс. ЖМКлардын "андан кийин АКШ сүйлөшүүлөрдөн чыгабы" деген тактоочу суроосуна вице-президент "ооба" деп жооп берген. Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Украинада ок атууну 30 күнгө чейин токтотууга чакырып жатат. Ал атышууну тез арада эле токтотууга болорун, макулдашуу шартынын аткарылышын көзөмөлдөөчү чара катары аны бузган тарапка санкция киргизилерин белгилеген. "Россия менен Украинанын сүйлөшүүсү уланууда. АКШ алдын ала коюлган шарты жок эле атышууну 30 күнгө токтотууга чакырат", — деп айтылат макалада.Трамп тынчтык Россия менен Украина жана аны колдоп жаткан Европанын ортосунда орнойт деп үмүт артып жатканын да кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/09/1093883336_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6fc199946907afa7809c7d2df67dc182.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио