00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Наследники
Возвращались живыми, если стрелком был он: жизнь и подвиги полного кавалера Ордена Славы из Кыргызстана Абдыкасыма Карымшакова
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Турак-жайга баа арзандайбы? Эксперт менен маек
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Москвадагы Кызыл аянтта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы басып өттү. Россиянын борборунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад отту.Сапты полковник Нурбек Дүйшөнбаев жетектеди. Президент Садыр Жапаров аларга ордунан туруп колдоо көрсөттү. Эске салсак, Улуттук гвардиянын аскерлери быйыл Москва жана Минскидеги параддарга катышары айтылган.
Быйыл "Өчпөс полк" жүрүшү Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда өттү. Бишкек шаарында ага 30 миңдей адам катышканын милициядан кабарлашты. Коомдук тартипти 2,5 миң тартип сакчысы көзөмөлдөгөн.Ош калаасында "Өчпөс полк" жүрүшүнө 7 миңден ашуун адам катышканын калаа мэриясынан билдиришти.Жалал-Абаддагы "Өчпөс полкко" бир нече миң адам катышканы маалым болду."Өчпөс полк" — Россияда жана бир катар жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө өткөрүлүп келген жүрүш. Акция Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган. Биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында журналисттердин демилгеси менен өтүп, 2013-жылы бүткүл россиялык иш-чарага айланган. "Өчпөс полк" Кыргызстанда 2015-жылдан бери уюштурулуп келет. Жыл сайын аталган акцияга катышкан региондордун саны өсүп жатат.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына Таласта СССР Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулуп, Чүй облусунда легендалуу генерал Иван Панфиловдун айкели реконструкциядан кийин ачылды.Түлөбердиевдин эстелиги Айтматов районундагы Чолпонбай айылында жайгашкан. Sputnik ок себелеп жаткан дзотко көкүрөгүн тосуп, эрдик кылган кыргызстандык баатыр тууралуу тасма тарткан.Ал эми генералдын аты ыйгарылган айылдагы Иван Панфиловдун эстелиги КРСУнун демилгеси менен жаңыланды.1941-жылдын 12-июлунда Кыргызстан менен Казакстандын тургундарынан түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясы негизделип, кийинчерээк 8-гвардиялык мотаткычтар дивизиясы болуп өзгөргөн. Аны Кыргыз ССРинин аскер комиссары Иван Панфилов жетектеп, дивизия Москваны коргоо операцияларында болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн.
Россия президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин Украина баштаган бир катар маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды. "Си Цзиньпин Украина боюнча кызматташууга негизделген жалпыга орток глобалдуу коопсуздуктун туруктуу концепциясын жактай турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта. Си Цзиньпиндин айтымында, КЭР бардык мамлекеттердин коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, кризистин түпкү себебин жоюу зарыл. "Кытай тынчтык орнотууга жасалган аракеттердин баарын кубаттап, диалог аркылуу адилеттүү, узакка созулган, бардык тарапка ылайык келген тынчтык келишими кабыл алынарына ишенет", — деген өлкө лидери. Си Цзиньпин — Москвада өтө турган Жеңиш парадына келген ардактуу меймандардын бири.
Жаңылыктар түрмөгү
0