https://sputnik.kg/20250509/1093860940.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктадыСузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылыштыПутин Жапаровду жана... 09.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-09T11:00+0600
2025-05-09T11:00+0600
2025-05-09T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/09/1093860808_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bdf8b76f400a6b70373c6d3eaa6f0cf1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктадыСузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылыштыПутин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктадыАлдыда кененирээкАталарыбыз СССРдин аймагынан душмандарды кууп гана тим болбостон, Европа жана Азия элдерине эркиндик менен эгемендик тартуулаган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата куттуктоосунда айтылган. Өлкө башчынын 1941-1945-жылдары жүргөн согуштагы орду толгус жоготууларды терең кайгыруу менен эскерип, фашизмди ойрон кылган Улуу Жеңишке сыймыктануу менен караарыбызды айткан. "Кан күйгөн фронтто өлүмгө тике карап салгылашкан, согуш учурунда ооруктун болуп көрбөгөндөй оор сыноолорун башынан өткөргөн жүз миӊдеген кыргызстандык бар. Кан майдандагы жоокерлерибиздин майтарылгыс кайрат-күчү, тайманбастыгы, ооруктагы жумушчуларыбыздын: аялдар менен балдардын бекем эрки, өжөрлүгү Улуу Жеңишке жетүүгө чоң салым кошту. Алардын кылган эмгегин, кайтпас демин эч нерсе менен салыштырып баалоого болбойт", — деп жазылган куттуктоодо. Ошондой эле ал Жеӊишти Советтер Союзунун бардык элдери камсыз кылганын белгилеп, бул орток Жеңиш экенине токтолгон.
Россия лидери Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Президенттин сөзү Кремлдин сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, ошондой эле куттуктоо Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Израиль, Грузия жана Молдова өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Россия лидери бул мамлекеттер нацисттик баскынчылар менен салгылашкан аталардын элесин ыйык тутуп, эскерип келерин белгиледи. "Биздин милдетибиз — баатырлардын осуятын ыйык тутуу. Андыктан жалпы тарыхыбызды өзгөртүүгө аракет кылгандардын жолун бууп, нацисттер жасаган ишти актоого жол бербешибиз керек", — деди РФ президенти.
Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатышат. Премьер-министрлердин телеграммалары мининстрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, куттуктоолорду ушул тапта Александр Турчин (Беларусь), Олжас Бектенов (Казакстан), Михаил Мишустин (Россия), Кохир Расулзода (Тажикстан) жана Абдулла Арипов (Өзбекстан) жөнөткөн. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган куттуктоолордо советтик жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин эрдиги, алардын эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшү өзгөчө белгиленип, бул Жеңиш элдердин биримдигинин, кайраттуулук менен жан аябастыктын түбөлүктүү символу болуп калары айтылды. Ошондой эле бардык билдирүүлөрдө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, өз ара урмат жана өнөктөштүк мындан ары да чыңдалып, өнүгөрүнө ишеним артылган.
Сузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылышты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларда 99 жаштагы Мамасалы Жумаевге Honda CR-V унаасын тартууланган.Ошондой эле аймактагы мекеме, ишканалардын жамааттары "Өлпөс полк" жүрүшүнөн өткөнү кошумчаланды.
Президент Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктадыСузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылыштыПутин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктадыАлдыда кененирээкАталарыбыз СССРдин аймагынан душмандарды кууп гана тим болбостон, Европа жана Азия элдерине эркиндик менен эгемендик тартуулаган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата куттуктоосунда айтылган. Өлкө башчынын 1941-1945-жылдары жүргөн согуштагы орду толгус жоготууларды терең кайгыруу менен эскерип, фашизмди ойрон кылган Улуу Жеңишке сыймыктануу менен караарыбызды айткан. "Кан күйгөн фронтто өлүмгө тике карап салгылашкан, согуш учурунда ооруктун болуп көрбөгөндөй оор сыноолорун башынан өткөргөн жүз миӊдеген кыргызстандык бар. Кан майдандагы жоокерлерибиздин майтарылгыс кайрат-күчү, тайманбастыгы, ооруктагы жумушчуларыбыздын: аялдар менен балдардын бекем эрки, өжөрлүгү Улуу Жеңишке жетүүгө чоң салым кошту. Алардын кылган эмгегин, кайтпас демин эч нерсе менен салыштырып баалоого болбойт", — деп жазылган куттуктоодо. Ошондой эле ал Жеӊишти Советтер Союзунун бардык элдери камсыз кылганын белгилеп, бул орток Жеңиш экенине токтолгон.Россия лидери Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Президенттин сөзү Кремлдин сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, ошондой эле куттуктоо Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Израиль, Грузия жана Молдова өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Россия лидери бул мамлекеттер нацисттик баскынчылар менен салгылашкан аталардын элесин ыйык тутуп, эскерип келерин белгиледи. "Биздин милдетибиз — баатырлардын осуятын ыйык тутуу. Андыктан жалпы тарыхыбызды өзгөртүүгө аракет кылгандардын жолун бууп, нацисттер жасаган ишти актоого жол бербешибиз керек", — деди РФ президенти. Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатышат. Премьер-министрлердин телеграммалары мининстрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, куттуктоолорду ушул тапта Александр Турчин (Беларусь), Олжас Бектенов (Казакстан), Михаил Мишустин (Россия), Кохир Расулзода (Тажикстан) жана Абдулла Арипов (Өзбекстан) жөнөткөн. Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган куттуктоолордо советтик жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин эрдиги, алардын эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшү өзгөчө белгиленип, бул Жеңиш элдердин биримдигинин, кайраттуулук менен жан аябастыктын түбөлүктүү символу болуп калары айтылды. Ошондой эле бардык билдирүүлөрдө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, өз ара урмат жана өнөктөштүк мындан ары да чыңдалып, өнүгөрүнө ишеним артылган.Сузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылышты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларда 99 жаштагы Мамасалы Жумаевге Honda CR-V унаасын тартууланган.Ошондой эле аймактагы мекеме, ишканалардын жамааттары "Өлпөс полк" жүрүшүнөн өткөнү кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/09/1093860808_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d6eed623067617049058149226aaa0ed.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио