Путин менен Си Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Талкууланган маселелер
14:19 08.05.2025 (Жаңыртылды: 14:26 08.05.2025)
© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүМосквада Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин

© Sputnik / Алексей Никольский
/ Жазылуу
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Москвада Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү өтүп жатканын РИА Новости жазды.
Путин Си Цзиньпинге Жеңиштин 80 жылдык мааракесине катышуу үчүн келгенине ыраазычылык билдирди.
РФ лидеринин кебинин урунтуу учурлары:
Путин расмий сапар менен Кытайга кайрадан барууга даяр;
Россия менен Кытай башка мамлекеттерге каршы чыгуу үчүн эмес, өз элдеринин жыргалчылыгы үчүн мамилелерди өнүктүрүүдө;
Россия менен Кытайдын өкмөттөрү эки тараптуу келишимдердин бардык комплексин ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат;
Си Цзиньпиндин Москвага сапары Россия үчүн чоң мааниге ээ;
Путин Си Цзиньпинди эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча пикир алмашууга чакырды.
Кытай башчысынын кебинин урунттуу учурлары:
Си Цзиньпин Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанатка катышууга кубанычта экенин белгиледи;
Пекин менен Москва Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы жөнүндөгү чындыкты коргоого даяр;
Россия менен кытай эли мындан 80 жыл мурда оор жоготуулардын арты менен Улуу Жеңишке жетип, адамзаттын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошту;
сүйлөшүүлөр башталар алдында Кремлдин Георгий залында Кытай лидерин расмий тосуп алуу аземи болду. Ага Путин менен Си Цзиньпин, ошондой эле орус-кытай делегацияларынын өкүлдөрү катышты;
президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, сүйлөшүүлөр түрдүү форматта өтөт. Тагыраагы, тар чөйрөдө, эки делегациянын сүйлөшүүлөрү жана мамлекет башчыларынын жеке баарлашуусу болот.
Си Цзиньпин Москвага 7-майда барган. Анын Россияга сапары 10-майга чейин созулат.
Россия менен Кытайдын лидерлери Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен билдирүүлөрдү жасап, маалымат каражаттарына кайрылуу жасап, чай үстүндө бейформал баарлашат.
Си Цзиньпин 9-майда Кызыл аянттагы Жеңиш парадында негизги чет элдик коноктордун бири болот. Москва Жеңиш парадына 27 чет элдик лидердин келишин күтүүдө.