https://sputnik.kg/20250508/1093844781.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россия лидери Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады... 08.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-08T17:00+0600
2025-05-08T17:00+0600
2025-05-08T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/08/1093844649_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7ad204633129800909b7a655e51dbdc1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россия лидери Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Президенттин сөзү Кремлдин сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, ошондой эле куттуктоо Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Израиль, Грузия жана Молдова өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Россия лидери бул мамлекеттер нацисттик баскынчылар менен салгылашкан аталардын элесин ыйык тутуп, эскерип келерин белгиледи. "Биздин милдетибиз — баатырлардын осуятын ыйык тутуу. Андыктан жалпы тарыхыбызды өзгөртүүгө аракет кылгандардын жолун бууп, нацисттер жасаган ишти актоого жол бербешибиз керек", — деди РФ президенти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаарында өткөрүлгөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашты. Ведомстводон маалымдашкандай, айрыкча аскердик оор техникаларды коштоп жүрүү, чоң көчөлөрдө жол тыгындарына жол бербөө багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Азыркы учурда оор техникалар өтүү үчүн убактылуу жабылган жолдор ачылып, шаарда жол кыймылынын абалы туруктуу жана баары көзөмөлдө.
Сузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылышты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларда 99 жаштагы Мамасалы Жумаевге Honda CR-V унаасын тартууланган.Ошондой эле аймактагы мекеме, ишканалардын жамааттары "Өлпөс полк" жүрүшүнөн өткөнү кошумчаланды.
Иордания, Ливан жана Самоага ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктери колдонулат. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жеңилдиктер өнүгүп келе жаткан жана начар өнүгүп жаткан өлкөлөргө пайдаланылат. "Бул өзгөртүүлөр айрым товарларга бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп же такыр алынат. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн талдоосуна ылайык, Иордания, Ливан жана Самоа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулуп, ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктерин колдоно алышат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Бутан Королдугу менен Сан-Томе жана Принсипи республикалары да жеңилдиктерди колдонгондордун катарында экени белгиленип, ал эми Маршалл аралдары жана Эль-Сальвадор республикаларынан бул жеңилдиктер алып салынганы кошумчаланды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын чагылдыруу үчүн борбордук "Манеж" көргөзмө залында Эл аралык пресс-борбор ачылганын Sputnik Ближнее зарубежье билдирди. Бул жай бир учурда эле ЖМКлардын 2,5 миңге чукул кызматкерин тейлей алат. Борбор саат 6:00дөн тарта 2:00гө дейре 10-майга чейин иштемекчи.Ал жерге бир нече стенд орнотулган. "Россиянын почтасы" деп аталган бөлүмүнөн дүйнөнүн каалаган жерине Жеңиш парадынын белгиси түшүрүлгөн открытканы бекер жөнөтүп, андан сырткары, сувенирлерди алса болот. "Сбер" стендинен карта алып, валюта алмаштырып, баасы 4 миңден 15 миң рублге чейинки күмүш монеталардын ээси болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Россия лидери Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Президенттин сөзү Кремлдин сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, ошондой эле куттуктоо Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Израиль, Грузия жана Молдова өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Россия лидери бул мамлекеттер нацисттик баскынчылар менен салгылашкан аталардын элесин ыйык тутуп, эскерип келерин белгиледи. "Биздин милдетибиз — баатырлардын осуятын ыйык тутуу. Андыктан жалпы тарыхыбызды өзгөртүүгө аракет кылгандардын жолун бууп, нацисттер жасаган ишти актоого жол бербешибиз керек", — деди РФ президенти.Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаарында өткөрүлгөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашты. Ведомстводон маалымдашкандай, айрыкча аскердик оор техникаларды коштоп жүрүү, чоң көчөлөрдө жол тыгындарына жол бербөө багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Азыркы учурда оор техникалар өтүү үчүн убактылуу жабылган жолдор ачылып, шаарда жол кыймылынын абалы туруктуу жана баары көзөмөлдө.Сузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылышты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларда 99 жаштагы Мамасалы Жумаевге Honda CR-V унаасын тартууланган.Ошондой эле аймактагы мекеме, ишканалардын жамааттары "Өлпөс полк" жүрүшүнөн өткөнү кошумчаланды.Иордания, Ливан жана Самоага ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктери колдонулат. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жеңилдиктер өнүгүп келе жаткан жана начар өнүгүп жаткан өлкөлөргө пайдаланылат. "Бул өзгөртүүлөр айрым товарларга бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп же такыр алынат. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн талдоосуна ылайык, Иордания, Ливан жана Самоа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулуп, ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктерин колдоно алышат", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, Бутан Королдугу менен Сан-Томе жана Принсипи республикалары да жеңилдиктерди колдонгондордун катарында экени белгиленип, ал эми Маршалл аралдары жана Эль-Сальвадор республикаларынан бул жеңилдиктер алып салынганы кошумчаланды.Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын чагылдыруу үчүн борбордук "Манеж" көргөзмө залында Эл аралык пресс-борбор ачылганын Sputnik Ближнее зарубежье билдирди. Бул жай бир учурда эле ЖМКлардын 2,5 миңге чукул кызматкерин тейлей алат. Борбор саат 6:00дөн тарта 2:00гө дейре 10-майга чейин иштемекчи.Ал жерге бир нече стенд орнотулган. "Россиянын почтасы" деп аталган бөлүмүнөн дүйнөнүн каалаган жерине Жеңиш парадынын белгиси түшүрүлгөн открытканы бекер жөнөтүп, андан сырткары, сувенирлерди алса болот. "Сбер" стендинен карта алып, валюта алмаштырып, баасы 4 миңден 15 миң рублге чейинки күмүш монеталардын ээси болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/08/1093844649_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_60ea1653c4aeda2479be648979ba0baa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио