00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Путин менен Си Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөЖапаров балдардын өлүмүнө байланыштуу Эркин Чечейбаевге сөгүш бердиБишкектеги парад кандай өттү
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад өттү. Анда 3000ге жакын аскер кызматкерлери жана 120дан ашык аскердик техника, анын ичинде С-300 жана С-125 ("Печора") комплекстери, "Байрактар", "Аксүңгүр" жана "Акынжы" учкучсуз учактары көрсөтүлдү. Ошондой эле параддан тик учактар жана Канттагы авиабазанын истребителдери катышты. Борбор калаада коопсуздукту 2500дөн ашык милиция кызматкерлери камсыздап жатат. Президент Садыр Жапаров алгач Жеңиш аянтындагы монументке гүлчамбар коюуп, андан кийин бир мүнөттүк аза күтүлүп, аскерлер үч жолу асманга ок чыгарды. Мындан кийин өлкө башчы аскердик парадды кабыл алуу үчүн "Ала-Тоо" аянтына келип, 9-май — жүздөгөн элдерди бириктирген ыйык дата экенин айтты. Жапаров 9-май — ата-бабаларыбыздын майтарылбас эркин, жалтанбастыгын жана баатырдыгын эске салган өзгөчө дата экенин белгиледи.Эске салсак, мамлекет башчы эртең, 9-майда, Москвада өтө турган Жеңиш парадына конок катары катышат.
Садыр Жапаров балдардын өлүмүнө байланыштуу Эркин Чечейбаевди урушуп, сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлап, видеосун жарыялады.Маалыматка караганда, өлкө башчы параддан кийин Республикалык диагностикалык борборго күтүүсүз барган. Борбордо майдын башынан бери чет элдик адистер жүрөгү ооруган балдарга операция жасап, программа башталгандан бери үч бала чарчап калганы өлкө башчыга кабарланган. Мунун себеби катары чакырылган адистер борбордо зарыл шарттар жок экендигин айтышты."Диагностика эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялоочу бөлмө жок, мындан улам жабдуулар башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилүүдө. Бул бейтаптарга инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда", — деген чет элдик адистердин бири. Муну уккан мамлекет башчы ачууланып, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевди какты.Соңунда өлкө башчы ооруканадагы көйгөйдү чечүү үчүн министрге эки күн убакыт берип, чечилбесе аны иштен аларын кошумчалады.
Өлкө аймагында 9-11-майда нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, бул мезгилде тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо аба ырайы туруксуз болот. "Жаай турган нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. Кыргызгидромет бейшембиден баштап күндүн көзү бузулуп, ишемби жана жекшембиде көпчүлүк жерде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн экенин билдирген.
Москвада Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү өтүп жатканын РИА Новости жазды. Путин Си Цзиньпинге Жеңиштин 80 жылдык мааракесине катышуу үчүн келгенине ыраазычылык билдирди.Си Цзиньпин Москвага 7-майда барган. Анын Россияга сапары 10-майга чейин созулат.Россия менен Кытайдын лидерлери Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен билдирүүлөрдү жасап, маалымат каражаттарына кайрылуу жасап, чай үстүндө бейформал баарлашат.Си Цзиньпин 9-майда Кызыл аянттагы Жеңиш парадында негизги чет элдик коноктордун бири болот. Москва Жеңиш парадына 27 чет элдик лидердин келишин күтүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0