00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Аталарыбыздын өмүрү менен келген тынчтыкты балдарыбыз менен неберелерибиз үчүн сактап калышыбыз зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик параддагы сөзүндө билдирди. Мамлекет башчы Экинчи дүйнөлүк согуш адамзат үчүн сабак болушу керектигин айтып, андан азыр да туура жыйынтык чыгара билүү кажет экенин кошумчалады."Мындан ары мындай кызыл кыргынды болтурбоонун жолун издөө азыр да актуалдуу. Биз мына ошого жооптуу болушубуз абзел! Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, он миллиондогон бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепетин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын, бейпилчиликтин баа-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз", — деди Жапаров. Өлкө башчы аталар кан кечкен согушта Улуу Жеңишке жетсе, азыркы муун бейпил келечек үчүн эмгектенүүдө жеңиштерге жетишин тиледи.
1-июлдан тартып аскер кызматкерлеринин маянасы 35 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатканда билдирди. Анын айтымында, мамлекет күч органдарынын эң жогорку талаптарга жооп бериши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. "Куралдуу күчтөрүбүздүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн бюджети 2020-жылдарга салыштырмалуу 400 пайыздан ашык көбөйтүлдү. Аскерлерибиз заманбап курал-жарак менен камсыз болууда, аскердик шаарчалардын жана гарнизондордун инфратүзүмү өнүгүп жатат. Материалдык-техникалык жабдуу менен татыктуу деңгээлде камсыздалууда", — деди Жапаров. Ал быйыл аскерлер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана турак жай жалдагандыгы үчүн акчалай компенсациясы көтөрүлгөнүн эске салды. "1-июлдан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга көбөйтүлөт, ал эми келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын маянасы 1-ноябрдан баштап ушундай эле көлөмдө көбөйтүлөрү пландалууда", — деди өлкө башчы. Президент бул аракеттер Мекенди коргоодо күнү-түнү көз ирмебей эмгектенгендердин мээнетин баалоо болуп эсептелерин кошумчалады.
Президент Дональд Трамп АКШнын Экинчи дүйнөлүк согуштагы ролун ашыра баалап жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.Ал Трамптын Truth Social социалдык тармагына Америка дүйнөлүк согуштарда, анын ичинде Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда абдан көп иштерди жасады дегенине комментарий берген.ТИМ өкүлүнүн пикирине караганда, АКШ экономикалык, саясий эле эмес, моралдык жактан да терең каатчылыкта турат.Өткөн аптада Трамп 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин күнү деп жарыялап, эки согушта тең "жеңишке жеткенбиз, эч ким бизге күчү, эрдиги жана аскердик чеберчилиги боюнча жакындай алган жок" деген.
Пакистандын Лахор шаарында бир нече жарылуу болгонун Samaa TV каналы полициядагы маалымат булактарына таянып кабарлады.Индиянын Коргоо министрлиги 6-майда Пахалгамдагы терактыга жооп кылып "Синдур" операциясын баштаганын жарыя кылган. Чабуул негизинен Пакистандагы "террордук түзүмдөргө" жасалганын, тогуз жай бутага алынганын, алардын арасында аскердик объектилер жоктугун айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0