https://sputnik.kg/20250506/1093799563.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып... 06.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-06T18:59+0600
2025-05-06T18:59+0600
2025-05-06T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/06/1093799431_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9640a0e37fdff14e62641ae105bfdf94.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди. Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген: Ошондой эле Социалдык фондго Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебине акционердик коомду алуу тапшырмасы берилди. Түшкөн 1 миллиард сом 750 миллион сом өлкөнүн Турукташтыруу фондуна жөнөтүлөт. Эске салсак, апрелдин ортосунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик соода борбордун өзүн жана биринчи айтылган жер тилкени аукционго койгон. Анда баштапкы баа 1 миллиард 244 миллион сом деп көрсөтүлгөн.
Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда бомба бар деп элди дүрбөткөн киши кармалганын Бишкек ШИИБден билдиришти.Ага ылайык, белгисиз киши милицияга жашыруун номер менен бомба тууралуу кечээ кечинде чалган. Жерине барган укук коргоо органдары имараттан эч кандай жардыргыч зат табышкан эмес. Милицияны "ойноткон" 31 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ШИИБ мындай кылмыш үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын кошумчалады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аймактарга каттаган коомдук транспорттордун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Автобекеттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүзгөн. Анын алкагында аймактарга каттаган коомдук транспорттордун айдоочуларына жол кире акысын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча дагы маектешүүлөр орун алган. Ошондой эле маалыматта учурда Автобекеттерде абал туруктуу жана көзөмөлдө. Жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алуу фактыларына жол берилбейт.
Россиянын май айындагы элдешүү боюнча чечими Украинадагы чырды жөнгө салууда чоң мааниге ээ. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө билдиргенин РИА Новости жазды. "Россия лидери үч күн ок атышууну токтото турууну демилгеледи. Аз көрүнгөнү менен, эмнеден баштаганыбызды эске алсак, бул көп нерсени түшүндүрөт", — деген АКШ президенти. Буга чейин Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата согушту токтото турууну сунуштаган. Убактылуу элдешүү 8-майдан 10-майга чейин күчүндө болот. Анткен менен бул мезгил аралыгында Украина убактылуу элдешүүнү буза турган болсо, Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп кайтара турганы белгиленген.
Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди. Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген: Ошондой эле Социалдык фондго Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебине акционердик коомду алуу тапшырмасы берилди. Түшкөн 1 миллиард сом 750 миллион сом өлкөнүн Турукташтыруу фондуна жөнөтүлөт. Эске салсак, апрелдин ортосунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик соода борбордун өзүн жана биринчи айтылган жер тилкени аукционго койгон. Анда баштапкы баа 1 миллиард 244 миллион сом деп көрсөтүлгөн.Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда бомба бар деп элди дүрбөткөн киши кармалганын Бишкек ШИИБден билдиришти.Ага ылайык, белгисиз киши милицияга жашыруун номер менен бомба тууралуу кечээ кечинде чалган. Жерине барган укук коргоо органдары имараттан эч кандай жардыргыч зат табышкан эмес. Милицияны "ойноткон" 31 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ШИИБ мындай кылмыш үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын кошумчалады.Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аймактарга каттаган коомдук транспорттордун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Автобекеттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүзгөн. Анын алкагында аймактарга каттаган коомдук транспорттордун айдоочуларына жол кире акысын өз алдынча көтөрүп албоо боюнча дагы маектешүүлөр орун алган. Ошондой эле маалыматта учурда Автобекеттерде абал туруктуу жана көзөмөлдө. Жол кире акыларын өз алдынча көтөрүп алуу фактыларына жол берилбейт. Россиянын май айындагы элдешүү боюнча чечими Украинадагы чырды жөнгө салууда чоң мааниге ээ. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө билдиргенин РИА Новости жазды. "Россия лидери үч күн ок атышууну токтото турууну демилгеледи. Аз көрүнгөнү менен, эмнеден баштаганыбызды эске алсак, бул көп нерсени түшүндүрөт", — деген АКШ президенти. Буга чейин Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата согушту токтото турууну сунуштаган. Убактылуу элдешүү 8-майдан 10-майга чейин күчүндө болот. Анткен менен бул мезгил аралыгында Украина убактылуу элдешүүнү буза турган болсо, Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп кайтара турганы белгиленген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/06/1093799431_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1f8dec2220894fb3b89128b178dfd2bb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио