00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди. Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле Социалдык фондго Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебине акционердик коомду алуу тапшырмасы берилди. Түшкөн 1 миллиард сом 750 миллион сом өлкөнүн Турукташтыруу фондуна жөнөтүлөт.
Баткендин Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылындагы арак-шарап заводу мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, 1997-жылы аталган айыл аймактын тургундарынын жыйынынын чечими менен "Төрт-Гүл" ЖЧКсы түзүлүп, ишкана менчикке өткөрүлгөн. "2006-жылы арак-шарап заводунун 2,89 гектар аймагы чет элдиктердин тиешеси бар жеке фирмага арзан баага сатылып кеткен", — деп жазылат кабарда. УКМК текшерүү жүргүзүп, натыйжада заводдун негиздөөчүлөрү менен директору заводдун мүлкү менен жер тилкени мамлекетке ыктыярдуу өткөрүп беришкени кошумчаланды.
Кыргызстанга Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү, “Эстелик оту” алып келинди. Эрдиктин жана унутулгус элестин символу Бишкекке, Ошко жана өлкөнүн башка шаарларына берилет. Кыргызстанда “Эстелик оту” эл аралык акциясы башталды, анын алкагында республикага оту жанган чырактар алып келинди. Аны салтанаттуу тапшыруу аземи 6-майда Бишкектеги “Баатырлар аллеясы” комплексинде жана Ош шаарындагы Өчпөс оттун алдында өттү. Борбор шаарга отту россиялык космонавт-учкуч Дмитрий Петелин, ал эми Ошко Олимпиада чемпиону Елена Вяльбе жеткирип келди. Өчпөс оттун чырактары Жалал-Абад облусуна жана өлкөнүн башка аймактарына берилди.
АКШ Борбор Азиянын сейрек кездешкен металлдарына кызыгуусу күч, Украинада анын запасы өтө эле аз. Бул тууралуу РИА Новости National Interest басылмасына шилтеме берип жазды. "Украина менен жаратылыш ресурстары боюнча макулдашууга кол коюу — бул биринчи эле кадам. Республиканын аймагында дүйнөдөгү пайдалуу кендин беш пайызы гана бар, ал эми АКШга зарыл болгон 50 элементтин 22си гана кездешет", — деп айтылат макалада. Басылма ошондой эле сейрек кездешүүчү металл боюнча дүйнөдө Кытай монополист экенин эске салып, Вашингтон буга каршы турууга аракет кылып жатканын билдирген. "Америка кен казуунун башка жолдорун карап чыгышы керек, анын бири Борбор Азия болушу мүмкүн. Ал жакта дүйнөлүк кен байлыктын басымдуу бөлүгү жатат. АКШ сейрек металлдарга жол ачам десе, Борбор Азия мамлекеттери менен алака түзгөнү оң", — деп айтылат материалда.Макалада аталган регион Россия менен Кытайдын кызыкчылыгында экенин, АКШ маанилүү ресурстар үчүн бир топ күч жушашы керек болорун кошумчаланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0