00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев аларга маданий борбордун аймагына экскурсия уюштуруп, анын ачылуу тарыхын айтып берди. Андан кийин ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирске барышып, ал жерден музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү. Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылып, концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилди.Ошондой эле маалыматта мейманга улуттук даамдар тартууланып, ал максым, куруттан ооз тийгендиги айтылат. Чанпэн Чжао кыргыздын улуттук ашканасынын өзгөчөлүгүн белгилеген. Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өтмөкчү. Ага Чанпэн Чжао катышат.
АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жарандын жоголгонун туугандары кабарлаган. “Элчилик АКШнын тиешелүү органдары менен кызматташып, аталган жарандын дайынын тактоо боюнча иш жүргүзүүдө. Мындан тышкары, Виржиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен маалымат алышууда”, — деди ТИМ. Ошондой эле министрлик жоголгон жарандын туугандары менен байланышта экени кошумчаланды.
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо алгачкы ирет “Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу” үчүн ат чабыш өткөрүлүп, ал кыска аралыкка чабылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, Мелдештин жалпы байге фонду 4 миллион сомду түздү. Анда 1-орунга - 600 000 сом, 2-орунга - 150 000 сом, 3-орунга - 80 000 сом ыйгарылган. Министрлер Кабинетинин Төрагасы куттуктоо сөзүндө күлүк ат менен жылкынын кыргыз элинин руханий маданиятындагы мааниси терең экенин белгилеп, аны эркиндиктин, кубаттын жана салттардын уландысынын символу катары белгилеген. Кыска аралыкка ат чабуудан тышкары алыстыкка чабуу жана салттуу 20 чакырымга аламан байге да болгон.
Ишембиде Израилдин аба соккуларынан Газа секторунда 39 палестиналык, анын ичинде үч бала каза болду. Бул тууралуу Al-Jazeera телеканалына шилтеме жасап РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Хан-Юниста жайгашкан качкындар лагерине ЦАХАЛдын соккуларынан 11 адам, анын ичинде үч өспүрүм каза тапты. Маалымат боюнча, 18-марттан бери анклавда 2 300дөн ашуун адам каза болуп, алты миңден ашык адам жаракат алган. Израилдин аскерлери Газага соккуларын 18-мартка караган түнү жандандырган. Өлкө премьер-министри соккулар ХАМАСтын ок атышууну токтотууну узартуу жана туткундарды бошотуу боюнча америка планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн улантылганын билдирген. Расмий түрдө ок атышууну токтотуу мөөнөтү 1-мартта аяктаган. Ортодо тараптарды сүйлөшүүгө тартуу аракеттери жүрүп жаткандыктан согуштук аракеттер башталган эмес. Ошол эле учурда Израиль Газадагы суу тазалоочу заводго электр энергиясын токтотуп, гумжардам ташыган унаалары үчүн чек араны жапкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0