00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев аларга маданий борбордун аймагына экскурсия уюштуруп, анын ачылуу тарыхын айтып берди. Андан кийин ардактуу коноктор комуз түрүндө жасалган пирске барышып, ал жерден музыкалык аспапта ойноо чеберчилиги көрсөтүлдү. Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылып, концерттик программа менен коштолгон бейформал сый тамак берилди.Ошондой эле маалыматта мейманга улуттук даамдар тартууланып, ал максым, куруттан ооз тийгендиги айтылат. Чанпэн Чжао кыргыздын улуттук ашканасынын өзгөчөлүгүн белгилеген. Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин биринчи жыйыны өтмөкчү. Ага Чанпэн Чжао катышат.
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо алгачкы ирет “Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу” үчүн ат чабыш өткөрүлүп, ал кыска аралыкка чабылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, Мелдештин жалпы байге фонду 4 миллион сомду түздү. Анда 1-орунга - 600 000 сом, 2-орунга - 150 000 сом, 3-орунга - 80 000 сом ыйгарылган. Министрлер Кабинетинин Төрагасы куттуктоо сөзүндө күлүк ат менен жылкынын кыргыз элинин руханий маданиятындагы мааниси терең экенин белгилеп, аны эркиндиктин, кубаттын жана салттардын уландысынын символу катары белгилеген. Кыска аралыкка ат чабуудан тышкары алыстыкка чабуу жана салттуу 20 чакырымга аламан байге да болгон.
Россияда курулушта иштеген Кыргызстандын үч жараны ураган топурактын алдында калды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Россиядагы элчиликтин маалыматына ылайык, 3-майда Геленджик шаарындагы курулуш жүрүп жаткан жерлердин биринде топурак көчкөн. “Кырсыктан улам 3 кыргыз жараны топурактын алдында калган. Аларды издөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, дагы бир жаран оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген”, — деп жазылат маалыматта. Россиянын тийиштүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, элчилик тиешелүү органдар менен байланышта экени кошумчаланды.
Владимир Зеленский колунан келгендин баарын жасады, эми ал жакынкы убакытта четтетилет. Бул тууралуу АКШ армиясынын мурдагы полковниги Энтони Шаффер YouTube платформасында айтканын РИА Новости жазды. "Зеленскийдин доору аяктап, эки тарапка тең кереги жок болуп бара жатат. Неонацисттер андан алчусун алышты. Ал согушту бардык сунуштарга карабай узартып жатат. Зеленскийди алар менен да, биз менентда, Россия менен да жаркын келечек күтүп турат деп ойлобойм. Украина башчысы бардык мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды", — деген полковник. Шаффер Зеленскийдин бул абалдан чыгуу үчүн колунда көзүрү жок экенин кошумчалаган. "Ал Россияга сөөм жерин берсе дагы, неонацисттер аны четтетип, жок кылып коюшу мүмкүн", — деген ал.
Жаңылыктар түрмөгү
0