00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:59
1 мин
Ежедневные новости
18:00
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.Долбоордун максаты — браконьерлердин айынан тукум курут болгон жейрендерди Кыргызстандын жапайы жаратылышына кайтарып келүү. Учурда Ысык-Көлдөгү борбордо 43 жейрен багылууда, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалган. Жаныбарлар ал жерде жарым-жартылай эркин шартта кармалып, кийинчерээк жаратылышка кое берилет. Быйыл багылып жаткан жейрендердин 12 эркеги, алар көнүшүп кеткенден кийин 13 ургаачысы улагы менен биринчи жолу табиятка кое берилери айтылды. Мамлекет башчы кыргызстандыктарга, өзгөчө Ысык-Көлдүн тургундарына кайрылып, Кызыл китепке кирген жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин колдоого, эркиндикке кое берилген жейрендерди атпоого чакырды.
Кыргызстан Памирдеги кандаштар үчүн 250 миллион сомго мектеп курууну пландоодо. Бул тууралуу 2026-2029-жылдарга "Кайрылман" программасын бекитүү тууралуу министрлер кабинетинин токтом долбоорунда айтылган. Маалыматка ылайык, Памирде 1300гө жакын этникалык кыргыз катаал шарттарда жашап, ар кандай оорулардан жапа чегип, билим алышпайт. "2017-жылдан бери Памирден көчүрүлүп келген 172 этникалык кыргыз үчүн 23 турак жай курулуп, балдары билим берүү мекемелерине жайгаштырылганы кабарланган. Мындан улам Кыргызстанга көчүп келүүнү каалаган кандаштардын саны өсүп жатканы айтылган. Ошондуктан аларды көчүрүп келүү боюнча чараларды кеңейтүү, ошондой эле Кичи жана Чоң Памирдин аймагында сапаттуу билим берүүнү камсыздоого, эне тилин жана маданий өзгөчөлүгүн сактоого багытталган жалпы билим берүүчү мектеп куруу демилгесин ишке ашыруу пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, азык түлүк, дары-дармектен турган гуманитардык жардам уюштуруу дагы мерчемделген. Мектеп курууга мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактарды пайдалануу менен 250 миллион сом коротулары айтылган. Ал эми программаны ишке ашыруу үчүн 4 жылдын ичинде жалпы жолунан 60,6 миллион сом сарптоо көздөлүүдө.
Украина маселесинде АКШ сүйлөшүү процессинен чыга турган болсо Евробиримдик ортомчулук милдетти аркалабайт. Бул тууралуу Европанын тышкы саясий кызматынын расмий өкүлү Анвар аль-Ануни билдиргенин РИА Новости жазды. Ага Вашингтон тынчтык орнотуу боюнча аракеттерин токтотушу мүмкүн деген кептен улам Евробиримдик арага түшө алар-албасына байланышуу суроо узатылган. Өкүлдүн айтымында, Брюссель, тескерисинче, Киевге мындан ары да курал-жарак жагынан жардам берүү ниетинде. Ал ЕБдин дипломатиялык аракеттери “Украинанын өзүн-өзү коргоо укугун колдоого” багытталарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0