00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Run the Silk Road - 2026: 3000 участников, Иссык-Куль и старт туристического сезона
08:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Илимий реформа жана Академиянын келечеги: каржылык автономиянын таасири — Канатбек Абдрахматов менен маек
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Закон против дорожных драчунов: что в нём не так - объясняет юрист
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаратылыштан жаралган мода: Keshteнин жаңы коллекциясы коомго сунулду
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барып, жейрендин популяциясын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу анын маалымат кызматынан кабарлады. Анын максаты — браконьерлердин айынан тукум курут болгон жейрендерди Кыргызстандын жапайы жаратылышына кайтарып келүү. Учурда Ысык-Көлдөгү борбордо 43 баш жейрен багылууда, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалган. Жаныбарлар ал жерде жарым-жартылай эркин шартта кармалып, кийинчерээк жаратылышка кое берилет. Быйыл багылып жаткан жейрендердин 25 башы улактары менен биринчи жолу кое берилери айтылды. Мамлекет башчы кыргызстандыктарга, өзгөчө Ысык-Көлдүн тургундарына кайрылып, Кызыл китепке кирген жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин колдоого, эркиндикке кое берилген жейрендерди атпоого чакырды.
Мамдуманын айрым депутаттары сунуштап жаткан мыйзам долбоорундагы Россияга мигранттардын үй-бүлөсүн алып кирүүгө тыюу салуу боюнча норма ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарына жайылтылбайт. Бул тууралуу Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча биринчи департаментинин директору Микаэл Агасандян билдиргенин РИА Новости жазды. "Бул Россиянын эл аралык милдеттенмелерине, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эмгекчилер үчүн Россиядагы өзгөчө миграциялык режимди камсыз кылган ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин алкагында да каршы келмек", — деди ал. Буга чейин Мамдуманын Россиянын либералдык-демократиялык партиясынын лидери Леонид Слуцкий баш болгон депутаттардын тобу Россиянын жарандыгы жок мигранттарга үй-бүлөсүн өлкөгө алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун демилгелешкен. Мамдуманын иш планы боюнча документ ноябрь айында каралат.
Ушул жылдын 25-30-апрелинде Сараево шаарында 42-чи Балкан математика олимпиадасы өттү. Олимпиадага 23 өлкөдөн 143 окуучу катышты. Жыйынтыгы боюнча алты окуучудан турган Кыргызстандын командасы, бир күмүш жана төрт коло медаль утту.Кыргызстан бул олимпиадага жетинчи жолу катышууда. Алар жалпы алганда бул олимпиадада 12 медаль утушкан, анын ичинен 2025-жылы 5 медаль жана 2024-жылы 4 медаль. Балкан математика олимпиадасынын максаты таланттуу окуучуларды математика тармагында колдоо жана өнүктүрүү, катышуучу өлкөлөрдүн мектеп программалары жана тажрыйбасы боюнча маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү болуп саналат.
Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн-казинонун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери башка мамлекеттин жарандары Бишкектеги үйлөрдүн биринде алдамчылык менен алектенип жатканын аныкташкан."Ижарага алынган үйдө жашап, "Покер" онлайн-казиносун уюштурган чет өлкөнүн жарандары кармалды. Тинтүү учурунда алар жашаган жерден системалык блоктор, спутник антенналары, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 мобилдик аппарат, ноутбук жана планшеттер табылган", — деп жазылат кабарда. Учурда Кыргызстандын жарандарына келтирилген материалдык зыяндын көлөмү аныкталып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0