https://sputnik.kg/20250502/1093716910.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш министри Нурлан Орунтаев "Манас" эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштерин көрүп чыкканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.Ага... 02.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-02T15:00+0600
2025-05-02T15:00+0600
2025-05-02T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/02/1093716778_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_93e7181d9d84960003e1b5ce6bf05967.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Курулуш министри Нурлан Орунтаев "Манас" эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштерин көрүп чыкканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, учурда аэропорттун фасады эл аралык стандардка ылайыкталып жаңыртылып, кошумча корпусу салынууда. Министр аба майдандагы май куюучу комплекстин курулуш иштерин да көрүп, башкы подрядчы болгон "Кыргыз курулуш" ишканасынын директоруна курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын көзөмөлгө алып, өз убагында бүтүрүүнү тапшырган. Министр Чүйдө салынып жаткан эки мектептин курулуш иштеринен да кабар алган. Ведомство Панфилов районунун Чорголо айылында 100 орундуу, Военно-Антоновка айылында 700 орундуу мектеп салынып жатканын белгиледи. Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүтүп калганы кошумчаланды.
Россия элчилигинин дипломаттары менен Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун кызматкерлери Жеңиш күнүнүн урматына Ала-Арча паркында жыл сайын өтчү эл аралык альпиниадага катышты. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматта иш-чара Жеңиштин 80 жылдыгына арналганы айтылат. Альпиниаданын катышуучулары 2 204 метр бийиктиктеги Комсомолец чокусун багындырып, Улуу Жеңишти даңазалаган тууну сайышкан.
Бишкекте парктарда эс алуучуларды ташыган гольф-кар эркек баланы сүзүп кетти. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.Билдирмеге караганда, окуя 1-май күнү болжол менен саат 20:30дар чамасында болгон. Анда 49 жаштагы киши Golf-car поездин Раззаков көчөсү менен айдап баратып, Пушкин көчөсү менен кесилишкен жерде электросамокат тээп бараткан бала менен сүзүшкөн. "Натыйжада электросамокат тээп бараткан бала жаракат алып, Тез жардам кызматы менен ооруканага жаткырылган", — деп жазылат маалыматта. Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, бардык экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.
Москвадагы Жеңиш парадына АКШдан өкүл келиши мүмкүндүгүн РИА Новости "Звезда" телеканалына таянып жазды. Анда Американын жогорку кызматтагы өкүлү иш-чарага катыша турганын боолгологон. Азырынча келе турган коноктун ким экени белгисиз. Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга бир нече мамлекеттин президенти, анын ичинде Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров барары маалым. Ошондой эле Москвадагы парадга шериктеш 19 өлкөдөн аскер бөлүктөр чакырылган.
Украина 2014-жылдарга чейинки чек арасына кайтып келе албайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Украина Россияны 2014-жылкы ордуна кайра жылдыра албайт", — деген ал. Мамлекеттик департаменттин башчысынын айтымында, АКШ украин чатагын жөнгө салуу аракетинен баш тартпайт. Ошол эле учурда ал жаңжалды жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен Киевдин позициялары дагы эле жакындаша электигин белгилеген. Рубио АКШ бул маселеге дагы канча убакыт коротору боюнча чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кабыл аларын кошумчалаган.
Курулуш министри Нурлан Орунтаев "Манас" эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштерин көрүп чыкканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, учурда аэропорттун фасады эл аралык стандардка ылайыкталып жаңыртылып, кошумча корпусу салынууда. Министр аба майдандагы май куюучу комплекстин курулуш иштерин да көрүп, башкы подрядчы болгон "Кыргыз курулуш" ишканасынын директоруна курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын көзөмөлгө алып, өз убагында бүтүрүүнү тапшырган. Министр Чүйдө салынып жаткан эки мектептин курулуш иштеринен да кабар алган. Ведомство Панфилов районунун Чорголо айылында 100 орундуу, Военно-Антоновка айылында 700 орундуу мектеп салынып жатканын белгиледи. Учурда курулуш иштеринин 70 пайызы бүтүп калганы кошумчаланды.Россия элчилигинин дипломаттары менен Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун кызматкерлери Жеңиш күнүнүн урматына Ала-Арча паркында жыл сайын өтчү эл аралык альпиниадага катышты. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Маалыматта иш-чара Жеңиштин 80 жылдыгына арналганы айтылат. Альпиниаданын катышуучулары 2 204 метр бийиктиктеги Комсомолец чокусун багындырып, Улуу Жеңишти даңазалаган тууну сайышкан. Бишкекте парктарда эс алуучуларды ташыган гольф-кар эркек баланы сүзүп кетти. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.Билдирмеге караганда, окуя 1-май күнү болжол менен саат 20:30дар чамасында болгон. Анда 49 жаштагы киши Golf-car поездин Раззаков көчөсү менен айдап баратып, Пушкин көчөсү менен кесилишкен жерде электросамокат тээп бараткан бала менен сүзүшкөн. "Натыйжада электросамокат тээп бараткан бала жаракат алып, Тез жардам кызматы менен ооруканага жаткырылган", — деп жазылат маалыматта. Аталган факт Бирдиктүү реестрге катталып, бардык экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.Москвадагы Жеңиш парадына АКШдан өкүл келиши мүмкүндүгүн РИА Новости "Звезда" телеканалына таянып жазды. Анда Американын жогорку кызматтагы өкүлү иш-чарага катыша турганын боолгологон. Азырынча келе турган коноктун ким экени белгисиз. Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга бир нече мамлекеттин президенти, анын ичинде Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров барары маалым. Ошондой эле Москвадагы парадга шериктеш 19 өлкөдөн аскер бөлүктөр чакырылган.Украина 2014-жылдарга чейинки чек арасына кайтып келе албайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Украина Россияны 2014-жылкы ордуна кайра жылдыра албайт", — деген ал. Мамлекеттик департаменттин башчысынын айтымында, АКШ украин чатагын жөнгө салуу аракетинен баш тартпайт. Ошол эле учурда ал жаңжалды жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен Киевдин позициялары дагы эле жакындаша электигин белгилеген. Рубио АКШ бул маселеге дагы канча убакыт коротору боюнча чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кабыл аларын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/02/1093716778_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3991b4ed115da1b53d0ff6628ef985ef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио