https://sputnik.kg/20250502/1093714431.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды. Эми кененирээк Коргоо министрлиги парадга алып келе жаткан техникалардын катарына... 02.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-02T13:00+0600
2025-05-02T13:00+0600
2025-05-02T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/02/1093714299_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_65b8dc150babcee0c8434ffd68c1beb2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды. Эми кененирээк Коргоо министрлиги парадга алып келе жаткан техникалардын катарына кыпчылып кирбөөнү, аларды видеого тартып социалдык тармактарга жайылтпоону суранды. Маалыматка ылайык, 8-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында болуучу парадга 120дан ашуун аскердик техника тартылат. "Токмокто Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга даярдык көрүлүүдө. Ал жактагы техниканы Бишкектеги иш-чарага алып келүү зарыл. Мына ошол мезгилде техникалардын катарына кыпчылып кире калбоону жана коомдо дүрбөлөң жаратпаш үчүн аларды сүрөт, видеого тартып соцтармактарга жайылтпоону суранабыз", — деп айтылган маалыматта. Ошондой эле министрлик бул учурда жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнгөн.
Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери түнкүсүн бишкектиктерге уйку бербей тынчын алган мотоцикл менен мопеддерге рейд жүргүзүп, жапырт айып короого токтотуп жатканын кабарлады.“Текшерүү учурунда мопеддерине кошумча жабдык орнотуп алып, үнүн катуулатып айдагандардын көбү тиешелүү документи жок өспүрүмдөр экени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, былтыр октябрда түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзам кабыл алынган. Анда турак үйлөрдө, эс алуу зоналарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин катуу, ашыкча добуштарды чыгарбоо керектиги белгиленген.Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун үнү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк салым кошконун айтып, 8-майды Жеңиш күнү деп жарыялады. Бул тууралуу ал Truth Social соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. "Союздаштарыбыздын жана досторубуздун көбү 8-майды Жеңиш күнү катары белгилешет. Бирок Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда биз абдан көп иштерди жасадык. 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп, ал эми 11-ноябрды Биринчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялайм", — деп жазган ал. Трамп АКШ эки согушта тең жеңгенин айтып, мындан ары бул күндү майрамдоону сунуштаган.
Украина 2014-жылдарга чейинки чек арасына кайтып келе албайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Украина Россияны 2014-жылкы ордуна кайра жылдыра албайт", — деген ал. Мамлекеттик департаменттин башчысынын айтымында, АКШ украин чатагын жөнгө салуу аракетинен баш тартпайт. Ошол эле учурда ал жаңжалды жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен Киевдин позициялары дагы эле жакындаша электигин белгилеген. Рубио АКШ бул маселеге дагы канча убакыт коротору боюнча чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кабыл аларын кошумчалаган.
Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды. Эми кененирээк Коргоо министрлиги парадга алып келе жаткан техникалардын катарына кыпчылып кирбөөнү, аларды видеого тартып социалдык тармактарга жайылтпоону суранды. Маалыматка ылайык, 8-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында болуучу парадга 120дан ашуун аскердик техника тартылат. "Токмокто Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга даярдык көрүлүүдө. Ал жактагы техниканы Бишкектеги иш-чарага алып келүү зарыл. Мына ошол мезгилде техникалардын катарына кыпчылып кире калбоону жана коомдо дүрбөлөң жаратпаш үчүн аларды сүрөт, видеого тартып соцтармактарга жайылтпоону суранабыз", — деп айтылган маалыматта. Ошондой эле министрлик бул учурда жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнгөн.Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери түнкүсүн бишкектиктерге уйку бербей тынчын алган мотоцикл менен мопеддерге рейд жүргүзүп, жапырт айып короого токтотуп жатканын кабарлады.“Текшерүү учурунда мопеддерине кошумча жабдык орнотуп алып, үнүн катуулатып айдагандардын көбү тиешелүү документи жок өспүрүмдөр экени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, былтыр октябрда түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзам кабыл алынган. Анда турак үйлөрдө, эс алуу зоналарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин катуу, ашыкча добуштарды чыгарбоо керектиги белгиленген.Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун үнү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк салым кошконун айтып, 8-майды Жеңиш күнү деп жарыялады. Бул тууралуу ал Truth Social соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. "Союздаштарыбыздын жана досторубуздун көбү 8-майды Жеңиш күнү катары белгилешет. Бирок Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда биз абдан көп иштерди жасадык. 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп, ал эми 11-ноябрды Биринчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялайм", — деп жазган ал. Трамп АКШ эки согушта тең жеңгенин айтып, мындан ары бул күндү майрамдоону сунуштаган.Украина 2014-жылдарга чейинки чек арасына кайтып келе албайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Украина Россияны 2014-жылкы ордуна кайра жылдыра албайт", — деген ал. Мамлекеттик департаменттин башчысынын айтымында, АКШ украин чатагын жөнгө салуу аракетинен баш тартпайт. Ошол эле учурда ал жаңжалды жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен Киевдин позициялары дагы эле жакындаша электигин белгилеген. Рубио АКШ бул маселеге дагы канча убакыт коротору боюнча чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кабыл аларын кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/02/1093714299_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c1fe4af2841184ccb2f4934bef2902ab.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио