00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
2025-жылы Кыргызстанда техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин, жарандык персонал жана жалдоо шартында иштеген адамдардын айлыгы этап-этабы менен көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды 1-май — Эмгекчилердин күнүнө карата куттуктоосунда билдирди. Өкмөт башчы эмгек акыны түзүүнүн бирдиктүү моделине өтүү иштери 2026-жылы аяктай турганын кошумчалады. Ал ошондой эле Кыргызстандын экономикасы соңку жылдары туруктуу өсүп жатканына токтолгон. "2024-жылга карата ИДП 1,5 триллион сомдон ашты, үч жылдын ичинде киши башына ички дүң продукт эки эседен ашык өстү. Орточо эмгек акы да туруктуу өсүүдө, 2024-жылдын аягында ал 429 долларга жетип, социалдык-экономикалык прогресстин маанилүү көрсөткүчү болду", — деди Касымалиев. Жумуш орундарын камсыз кылуу, эмгекчилердин укугун коргоо, жакшы шарттарды түзүп берүү учурда өкмөттүн негизги максаттарынын бири экени белгиленди. Өкмөт башчы өлкө бийлиги ар бир кыргызстандык өзүнө жана жакындарына татыктуу жашоону камсыз кылгандай жумуш шарттарын түзүүгө умтулуп жатканын кошумчалады. Касымалиев куттуктоо сөзүндө май майрамдарында үй-бүлөгө, досторго жакшы көңүл бөлүп, жашаган жердин айланасын тазалоого чакырды.
Май айынан тартып Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жана жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштайт. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2025–2030-жылдарды камтып, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана бизнес үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган. Долбоор мамлекеттин республикалык бюджеттин жана "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК микрокредиттик компаниясынын 500 млн сом өлчөмүндөгү өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Бишкекте Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү кармалганын Sputnik агенттигине өздүк булактар билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, милиционер 150 миң сом талап кылып, анын 80 миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн. Тергөөчү кылмыш ишин токтотуу үчүн акча сураганы айтылды. Кечээ УКМК кызматкерлери милиция бөлүмүндө тинтүү жүргүзгөн.
АКШ президенти Дональд Трамп Ватиканда Владимир Зеленский менен жолугуп, "Россия абдан чоң жана күчтүүрөөк" деп аны Украинанын ресурстары боюнча келишим түзүүгө көндүрүүгө аракет кылганын РИА Новости жазды. "Мен ага келишимге кол койсок абдан жакшы болорун, анткени Россия алда канча чоң жана күчтүү экенин айттым", — деген Трамп News Nation телеканалына курган маегинде. Ошол эле учурда америкалык лидер армия жагынан алганда Россия "АКШчалык күчтүү эмес" деген ойго келгенин кошумчалаган.Буга чейин Россия президенти Владимир Путин россиялык армиянын күжүрмөн даярдыгы, аскердик өнөр жай комплекси дүйнөдө алдыңкы орунда турарын билдирген. Кремль Россия эч кимди коркутпай турганын, бирок өлкө кызыкчылыгына доо кетирчү кооптуу аракеттерди көңүл сыртында калтырбай турганын белгилеген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0