https://sputnik.kg/20250429/1093654467.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда рубль менен операциялар жаңы тартип боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазды. Минкаб башчысы соңку... 29.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-29T17:00+0600
2025-04-29T17:00+0600
2025-04-29T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093654335_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0ad83b2649162a8ab1164a47a7c702e7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда рубль менен операциялар жаңы тартип боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазды. Минкаб башчысы соңку жылдарда банктардан тышкары жүргүзүлгөн операциялар көбөйүп, санкцияларды кыйгап өтүүгө шарт түзүп келген. Мындан улам акчаны ачык-айкын которууга шарт түзүү максатында рубль колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, рубль менен операциялар мамлекеттин "Борбор Азиянын Капитал Банкы" аркылуу жүргүзүлүп, которуулардын суммасы боюнча эч кандай чектөөлөр коюлган эмес. Ошондой эле ал акчаны Россиядагы санкцияга туш болбогон бардык финансы уюмдары аркылуу которуп, Кыргызстандан "Борбор Азиянын Капитал Банкынын" каалаган филиалынан алса болорун кошумчалады.
Курулуш министрлиги көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына бала бакча, мектеп ачууга уруксат берди. Министр Нурдан Орунтаев мындай чара бала бакча, мектептердеги орун тартыштык маселесин чечүүгө жана жеке бакча, мектептерге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн көрүлүп жатканын белгилеген. Орунтаев коомчулукта "балдар кайда ойнойт, маморгандар эмнеге мектеп, бала бакча салбайт, мындай жерде коопсуз эмеспи" деп жаралчу суроолорго да жооп берген. "коопсуздук маселеси боюнча айта кетсем, көптөгөн жарандар балдары менен көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Бүгүнкү күндө курулуш нормалары катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт; бардык көп кабаттуу үйдө жана турак жай комплекстеринде балдар аянтчалары бар, алар күндүз көп учурда бош турат. Ал аянтчалар колдонулушу керек; бул долбоор жеке мектептер менен бакчаларга гана тиешелүү. Бул акы төлөп, жеке билим берүү мекемелеринин кызматын колдонууну каалаган жарандарыбызга багытталган", - деген ОрунтаевБуга чейин министрлер кабинети курулуш компанияларын үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирген норма иштеп чыгып жатканы кабарланган.
"Ак-Жол" чек ара бекетинде "Жеңиш эстафетасы" эл аралык аскердик-патриоттук акциясынын символун салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Казакстандык чек арачылар эстафетаны кыргызстандык кесиптештерине тапшырышты. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чара 2-февралда Брест жана Мурманск шаарларында бир убакта башталган. Эстафета КМШ өлкөлөрүнүн чек араларынан өтүп, Кыргызстанда 4-майга чейин уланат. Анда Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустары камтылат. Эстафета каттамы Кыргызстандын аймагында 4-майда Бор-Дөбө өткөрүү пунктунда аяктап, тажик чек арачыларына өткөрүп берилет. Иш-чара 28-майда Москвадагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүндө өтө турган салтанат менен жыйынтыкталат.
Кызыл-Кыя шаарында 10 автобус сатып алынып, каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган транспорттор Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 740 миң долларга лизингге алынган. Анын 20 миллион сому республикалык бюджеттен Баткенди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 500 сомдун эсебинен алынды. Япониянын технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралган автобустарда бардык шарт бар экени кошумчаланган.
Кыргызстанда рубль менен операциялар жаңы тартип боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазды. Минкаб башчысы соңку жылдарда банктардан тышкары жүргүзүлгөн операциялар көбөйүп, санкцияларды кыйгап өтүүгө шарт түзүп келген. Мындан улам акчаны ачык-айкын которууга шарт түзүү максатында рубль колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, рубль менен операциялар мамлекеттин "Борбор Азиянын Капитал Банкы" аркылуу жүргүзүлүп, которуулардын суммасы боюнча эч кандай чектөөлөр коюлган эмес. Ошондой эле ал акчаны Россиядагы санкцияга туш болбогон бардык финансы уюмдары аркылуу которуп, Кыргызстандан "Борбор Азиянын Капитал Банкынын" каалаган филиалынан алса болорун кошумчалады.Курулуш министрлиги көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына бала бакча, мектеп ачууга уруксат берди. Министр Нурдан Орунтаев мындай чара бала бакча, мектептердеги орун тартыштык маселесин чечүүгө жана жеке бакча, мектептерге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн көрүлүп жатканын белгилеген. Орунтаев коомчулукта "балдар кайда ойнойт, маморгандар эмнеге мектеп, бала бакча салбайт, мындай жерде коопсуз эмеспи" деп жаралчу суроолорго да жооп берген. "коопсуздук маселеси боюнча айта кетсем, көптөгөн жарандар балдары менен көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Бүгүнкү күндө курулуш нормалары катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт; бардык көп кабаттуу үйдө жана турак жай комплекстеринде балдар аянтчалары бар, алар күндүз көп учурда бош турат. Ал аянтчалар колдонулушу керек; бул долбоор жеке мектептер менен бакчаларга гана тиешелүү. Бул акы төлөп, жеке билим берүү мекемелеринин кызматын колдонууну каалаган жарандарыбызга багытталган", - деген ОрунтаевБуга чейин министрлер кабинети курулуш компанияларын үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирген норма иштеп чыгып жатканы кабарланган."Ак-Жол" чек ара бекетинде "Жеңиш эстафетасы" эл аралык аскердик-патриоттук акциясынын символун салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Казакстандык чек арачылар эстафетаны кыргызстандык кесиптештерине тапшырышты. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чара 2-февралда Брест жана Мурманск шаарларында бир убакта башталган. Эстафета КМШ өлкөлөрүнүн чек араларынан өтүп, Кыргызстанда 4-майга чейин уланат. Анда Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустары камтылат. Эстафета каттамы Кыргызстандын аймагында 4-майда Бор-Дөбө өткөрүү пунктунда аяктап, тажик чек арачыларына өткөрүп берилет. Иш-чара 28-майда Москвадагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүндө өтө турган салтанат менен жыйынтыкталат.Кызыл-Кыя шаарында 10 автобус сатып алынып, каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган транспорттор Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу 740 миң долларга лизингге алынган. Анын 20 миллион сому республикалык бюджеттен Баткенди өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 500 сомдун эсебинен алынды. Япониянын технологиясы менен жасалып, Өзбекстанда куралган автобустарда бардык шарт бар экени кошумчаланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093654335_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5b1e0341550d5156c16c17e09626de43.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио