https://sputnik.kg/20250428/semen-sukhin-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093620551.html
Семен Сухин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Семен Сухин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман жоокерлер... 28.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-28T20:07+0600
2025-04-28T20:07+0600
2025-04-28T20:07+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
семен сухин
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093118882_0:22:440:270_1920x0_80_0_0_b2e574bc31f58387f680b83600e5bdab.png
Лейтенант Семен СухинАл 1905-жылы 21-сентябрда Томск уездине караштуу Нелюбино волостундагы Орловка кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Беш класстык билим алган. Алтай аймагындагы Рубцов айылдык кеңешинин төрагасы болгон.1927–1929-жылдары Кызыл армиянын катарында кызмат кылган. 1941-жылы сентябрда аскерге кайрадан чакырылат да, полк мектебин аяктайт. Согушка 1941-жылы ноябрда кирет. Батыш жана 2-Беларусь фронтторунда жүрүп, фашисттер менен кармашкан. 1942-жылы аскерлерге саясий тарбия берүү жана алардын ички ишенимин көтөрүүгө жооптуу болуп, иш алып барчу саясий жетекчинин (саясий инструктор) курсун бүтүрүп чыгат.Неман дарыясын кечип бара жатканда каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1944-жылы 64-аткычтар дивизиясы немецтик баскынчыларга карата чабуул койгон согушту баштайт. 433-аткычтар полкунун алдыда жүргөн кайгуулчулары дарыяга чыгып, батыш жактагы жээкти чалгындай баштайт. Душманды алагды кылып туруу үчүн лейтенант Сухин башында турган аскерлер тобу Гроднен облусуна караган Лунна кыштагынын жанында Неманды кечип, башка жээкке чыгат. Муну менен азганактай киши советтик негизги аскерлерге дарыянын ыңгайлуу жеринен өтүп кетиши үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берген. Десантчы фашисттердин аскердик күзөтчүсүн дал жээктен көрүп, ок чыгарат. Душмандар кызыл армиячылардын бардыгы ушул жерден кечип баратат деген ишенимде болуп, ок жаадырат. Беркилерди батальондун башка бөлүктөрүнөн ажыратып салган жана аларга дарыядан өтүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Сухиндин бөлүгүнөн Немандын батыш жээгине болгону жети гана аскер тирүү өткөн. Алар тик жээктен чыгып, гитлерчилердин ээлеген жерин басып, анча чоң эмес плацдарм түзүшөт. Жети киши фронттун ичине 50 метрдей кирип барган. Лейтенант коргонууну тегерете уюштуруп, ар бир жоокердин аткара турган тапшырмасын аныктап, аткылай турган багытын көрсөтүп берет. Каарман жети аскер душмандын сегиз жолу жасаган контрчабуулунун мизин кайтарып, бир топ фашисттерди жер жаздантат. Тогузунчу жолу чабуулга каршылаштар артиллерия менен минометко таянган 150 гитлерчини салат. Советтик аскерлер бул сапар да аларга катуу каршылык кылып, немистер 80 жоокеринен ажырап, айласыз чегинет. 10-жасалган чабуулда жети советтик аскерге каршы 300 гитлерчини жөнөтүшкөн. Күчтөр тең эмес эле. Советтик солдаттар артиллериянын жардамы менен бул сапар да туруштук берет. Душман согуш талаасына 150 жоокери менен офицеринин сөөгүн калтырып, качат.Лейтенант Сухиндин тобу бир күндө 12 чабуулдун мизин кайтарган. Бөлүктүн эр жүрөк аскерлеринин ичинен тирүү калган жетөө бул жерде душмандын көңүлүн өздөрүнө буруп, бир кадам артка жылбай, жанын оозуна тиштей айыгыша кармашып жатып, негизги аскердик күчтөрдүн айланып өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Советтик солдаттар дарыянын башка жеринен өтүп, душмандын тылына кирип чабуул койгон. Ошентип, коюлган согуштук тапшырма орундалган.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1945-жылдын 24-марттагы жарлыгы менен Немандан өткөндөгү жана батыш жээктеги плацдармды кармап туруудагы көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Семен Сухинге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары Кызыл жылдыз, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.Сухин 1944-жылы запаска бошотулган. Кыргызстанга келип райондук финансы бөлүмүн жетектейт да, кийинчерээк облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1949-жылы партиялык мектепти аяктап, Куйбышев (азыр Самара) облусунда Новокуйбышев шаарында айыл чарба администрациялык иштерде эмгектенет. 1969-жылдан тарта Томск шаарында жашайт. 1971-жылы 22-декабрда көз жуумп, Томск-II станциясынын жанына жерге берилген.Анын ысымы Бишкек шаарындагы кыска көчөлөрдүн бирине, Томск кадеттик корпус жатак мектебининин издөө салган Прометей отрядына ыйгарылган. Новокуйбышевдеги ал жашап турган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
https://sputnik.kg/20250427/ivan-nemtsev-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1093589954.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/04/1093118882_0:0:440:331_1920x0_80_0_0_b324eea9e1715c43e998ea9260f06ff9.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, семен сухин
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, семен сухин
Семен Сухин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Ал 1905-жылы 21-сентябрда Томск уездине караштуу Нелюбино волостундагы Орловка кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Беш класстык билим алган. Алтай аймагындагы Рубцов айылдык кеңешинин төрагасы болгон.
1927–1929-жылдары Кызыл армиянын катарында кызмат кылган. 1941-жылы сентябрда аскерге кайрадан чакырылат да, полк мектебин аяктайт. Согушка 1941-жылы ноябрда кирет. Батыш жана 2-Беларусь фронтторунда жүрүп, фашисттер менен кармашкан. 1942-жылы аскерлерге саясий тарбия берүү жана алардын ички ишенимин көтөрүүгө жооптуу болуп, иш алып барчу саясий жетекчинин (саясий инструктор) курсун бүтүрүп чыгат.
Неман дарыясын кечип бара жатканда каармандыгы менен өзгөчөлөнгөн. 1944-жылы 64-аткычтар дивизиясы немецтик баскынчыларга карата чабуул койгон согушту баштайт. 433-аткычтар полкунун алдыда жүргөн кайгуулчулары дарыяга чыгып, батыш жактагы жээкти чалгындай баштайт. Душманды алагды кылып туруу үчүн лейтенант Сухин башында турган аскерлер тобу Гроднен облусуна караган Лунна кыштагынын жанында Неманды кечип, башка жээкке чыгат. Муну менен азганактай киши советтик негизги аскерлерге дарыянын ыңгайлуу жеринен өтүп кетиши үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берген.
Десантчы фашисттердин аскердик күзөтчүсүн дал жээктен көрүп, ок чыгарат. Душмандар кызыл армиячылардын бардыгы ушул жерден кечип баратат деген ишенимде болуп, ок жаадырат. Беркилерди батальондун башка бөлүктөрүнөн ажыратып салган жана аларга дарыядан өтүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Сухиндин бөлүгүнөн Немандын батыш жээгине болгону жети гана аскер тирүү өткөн. Алар тик жээктен чыгып, гитлерчилердин ээлеген жерин басып, анча чоң эмес плацдарм түзүшөт. Жети киши фронттун ичине 50 метрдей кирип барган.
Лейтенант коргонууну тегерете уюштуруп, ар бир жоокердин аткара турган тапшырмасын аныктап, аткылай турган багытын көрсөтүп берет. Каарман жети аскер душмандын сегиз жолу жасаган контрчабуулунун мизин кайтарып, бир топ фашисттерди жер жаздантат. Тогузунчу жолу чабуулга каршылаштар артиллерия менен минометко таянган 150 гитлерчини салат. Советтик аскерлер бул сапар да аларга катуу каршылык кылып, немистер 80 жоокеринен ажырап, айласыз чегинет. 10-жасалган чабуулда жети советтик аскерге каршы 300 гитлерчини жөнөтүшкөн. Күчтөр тең эмес эле. Советтик солдаттар артиллериянын жардамы менен бул сапар да туруштук берет. Душман согуш талаасына 150 жоокери менен офицеринин сөөгүн калтырып, качат.
Лейтенант Сухиндин тобу бир күндө 12 чабуулдун мизин кайтарган. Бөлүктүн эр жүрөк аскерлеринин ичинен тирүү калган жетөө бул жерде душмандын көңүлүн өздөрүнө буруп, бир кадам артка жылбай, жанын оозуна тиштей айыгыша кармашып жатып, негизги аскердик күчтөрдүн айланып өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Советтик солдаттар дарыянын башка жеринен өтүп, душмандын тылына кирип чабуул койгон. Ошентип, коюлган согуштук тапшырма орундалган.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1945-жылдын 24-марттагы жарлыгы менен Немандан өткөндөгү жана батыш жээктеги плацдармды кармап туруудагы көрсөткөн эрдиги менен каармандыгы үчүн Семен Сухинге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары Кызыл жылдыз, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.
Сухин 1944-жылы запаска бошотулган. Кыргызстанга келип райондук финансы бөлүмүн жетектейт да, кийинчерээк облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1949-жылы партиялык мектепти аяктап, Куйбышев (азыр Самара) облусунда Новокуйбышев шаарында айыл чарба администрациялык иштерде эмгектенет. 1969-жылдан тарта Томск шаарында жашайт. 1971-жылы 22-декабрда көз жуумп, Томск-II станциясынын жанына жерге берилген.
Анын ысымы Бишкек шаарындагы кыска көчөлөрдүн бирине, Томск кадеттик корпус жатак мектебининин издөө салган Прометей отрядына ыйгарылган. Новокуйбышевдеги ал жашап турган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "
Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.