00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: агрардык өлкөбүз дегенибиз менен көрсөткүчтөрүбүз чабал бойдон калууда

© Sputnik / Кенжебай СатканалиевЭкономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2025
Жазылуу
Рыскулбеков атындагы КЭУнун Экономика илим-изилдөө институтунун экономикалык секторлор бөлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидады, доцент Анаркан Жаманкулов жана Абдрахманов атындагы МБАнын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов өлкөнүн реалдуу секторунун өнүгүшүнө саресеп салышты.
Кыргызстанда соңку жылдары экономикалык жылыш бар, жок деп айтууга болбойт. Бирок көбүнесе тейлөө тармагына ооп кеттик. Мисалы, 2024-жылы ИДП 1,5 триллион сомго чыкты. Анын 52 пайызын кызмат көрсөтүү тармагы түздү. Бул тууралуу Анаркан Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
© Sputnik / Кенжебай СатканалиевРыскулбеков атындагы КЭУнун Экономика илим-изилдөө институтунун экономикалык секторлор бөлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидады, доцент Анаркан Жаманкулов
Кандидат экономических наук, доцент Анаркан Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2025
Рыскулбеков атындагы КЭУнун Экономика илим-изилдөө институтунун экономикалык секторлор бөлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидады, доцент Анаркан Жаманкулов
Анын билдиргенине таянсак, былтыркы ички дүң продукциянын 16,17 пайызын өндүрүш түзгөн.
"Кыргызстан социалистик экономикадан рыноктук экономикага алгачкылардан болуп өттү. Бирок биз алып-сатарлыкка ооп кеттик. Өндүрүшүбүз өнүкпөй калды. Буга биздин менталитеттин да таасири болушу мүмкүн. СССР учурунда Кыргызстан интеллектуалдык өлкө катары эсептелип, ар бир үчүнчү киши жогорку билимдүү болчу. Ошол билимдерин өндүрүш тармагына иштетчү. Өзүбүз жалгыз чыгара албаган нерселерди кооперацияларга биригүү менен өндүрчүбүз. Учурда өндүрүш тармагыбыздын жакшы деңгээлге чыга албай жатканын бирден-бир себеби да ушул. Ирилешүү зарыл. ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу уюмдардагы мүмкүнчүлүктөрүбүздөн пайдаланып, мурдагы тажрыйбаларды колдонуп, бирдиктүү ири ишканаларды жаратуу керек. Ошондо алдыга койгон беш жылда ИДПны 30 миллиард долларга, 2050-жылдарга 200 миллиард долларга жеткирүү максатын чындыгында ишке ашыра алабыз", — деди Жаманкулов.
Анын сөзүн улай экономист Улукман Мамытов өлкө агрардык багытта кайра иштетүүгө басым жасашы зарылдыгын айтты.
"Биз канчалык агрардык өлкөбүз деп айтпайлы, бул багытта көрсөткүчтөрүбүз чабал бойдон калууда. Дүйнөдө бул тармак эки жол менен өнүгөт. Биринчиси, социалисттик өлкөлөрдө колдонулган ыкма. Бул баары борборлоштурулган, бардыгын мамлекет көзөмөлдөйт жана жоопкерчилик алат. Экинчи ыкмада мамлекет анчейин деле киришпейт, ортодо чоң-чоң компаниялар болот. Ошолор саясатын жүргүзүп, мамлекет алар менен иштешет, ал эми фермерлердин өндүргөн азыктарын кайра иштетүү, сатуу, өндүрүү жолдорун ошол ири компаниялар карайт. Бизде болсо бул эки ыкма тең толук иштебей жатат. Тагырагы, же тигинден эмес, же бул жакта жок саясаты жүрүүдө. Андыктан агрардык тармакта мыкты уюштуруучулук жетишпейт", — деди Мамытов.
Ал ошону менен катар эле өлкө агрардык багыт, кызмат көрсөтүүгө алаксып отура бербей ири өндүрүштөрдү колго алуусу заман талабы болуп турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0