00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
48 мин
On air
17:59
1 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Бендер против системы: экономика абсурда в “Золотом телёнке"
18:06
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Легендарлуу Т-34 танкы Панфилов айылда пайда болушу мүмкүнКесепеттүү тиркеме. Кыргызстандык мугалимдин Стамбулда эмнеге кармалганын айтыштыКыргызстандын мектептеринде математика сабагы көбүрөөк өтүлө баштайтАлдыда кененирээкТышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Кыргызстандын жараны Азамат Нурматовдун Стамбулда эмнеге кармалганын айтып берди. Ал Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып, кыргызстандык мугалим "Хизмет" кыймылына тиешелүү иш боюнча кармалганын билдирди. "Азамат Нурматов 2016-2017-жылдары аскерий төңкөрүш болгон маалда Түркиядагы бир жатаканада жашаган экен. Ошол кезде көбүнчө Фетхуллах Гүллендин колдоочулары пайдаланган уюлдук тиркемени колдонуптур. Түрк тарап ошонун негизинде Нурматовго издөө жарыялаган. Мугалим ошол үчүн кармалган", — деди Имангазиев. Министрдин орун басары педагогдун жактоочусу менен ТИМ кызматкерлери тыгыз иштешип жатканын, маселе көзөмөлдө экенин кошумчалады. FETO кыймылы Түркияда террордук уюм деп таанылган. Анын негиздөөчүсү маркум Фетхуллах Гүлен 2016-жылы жайында Түркияда 250дөй адам набыт болгон төңкөрүштү жасоого аракет кылган деп шектелип келген. Бул окуялардан кийин өлкөдө даабатчылар, кыймылдын миңдеген жактоочулары кармалган. Гүлен 1999-жылдан бери АКШда жашап, былтыр октябрда көз жумган.
"Алтын Казык" билим берүү реформасынын алкагында Кыргызстандын мектептеринде математика сабагын окутууга бөлүнгөн сааттардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди. Министрдин айтымында, окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктери боюнча акыркы улуттук изилдөө балдардын 62 пайызы базалык функционалдык математикалык сабаттуулукка ээ эмес экенин көрсөткөн. "Бул дисциплинаны окутуу үчүн дагы бир саат кошобуз. Анткени, заманбап дүйнөдөгү атаандаштык экономика, рыноктун ылдам трансформациясы жана климаттын өзгөрүү шарттарында математикасыз жана так илимдерсиз бала да, Кыргызстан да ийгиликке жете албайт", - деп түшүндүрдү министр. Ошондой эле Кендирбаева 12 жылдык окутууга өтүүнүн биринчи этабында мугалимдердин жүгү бир аз өзгөрөрүн айтты. Ал эми окуу пландарындагы олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу жакында айтылаарын министр кошумчалады.
Чүй районунун Панфиловка айылында Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин реставрациялоо иштери жүрүп жаткан учурда маанилүү кошумча — легендарлуу Т-34 танкын орнотуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу КРСУнун басма сөз кызматы билдирди. Бул идея университеттин демилгесинин алкагында жигердүү иштелип жатканы жана Санкт-Петербургдун өкмөтү менен экспонатты өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленген. Жолугушууда ректордун м.а. Сергей Волков 9-майга чейин эстелик Панфиловдун жана анын дивизиясынын эрдиги тууралуу акыркы маалыматтар жазылган жаңы такта менен толукталат. Жанаша жайгашкан аймакта мемориалдык парк да түзүлөөрүн айтты. Мурдараак маалымдалгандай, КРСУ Жеңиштин 80 жылдыгына карата Чүй облусунун Панфиловка айылындагы Иван Панфиловдун эстелигин калыбына келтирет. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майордун эстелиги 1972-жылы жергиликтүү тургундардын каражатына тургузулуп, акыркы жылдары жараксыз абалга келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0