00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
48 мин
On air
17:59
1 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
с Оксаной Крюковой
18:06
0 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Айыл чарба министрлиги аз аянт жерден кантип жарым миллион сомго чейин киреше тапса болорун айтты. Мекеме 10 сотых жерге 80 түп гилас, 330 карагат көчөттөрүн отургузууга боло турганын белгиледи. Мындай ыкманын көп артыкчылыктары бар. Мисалы, жерди семиртип, бош жерлерди кыскартат жана туруктуу кирешени камсыз кылат. Биринчи жылы карагат 300 килограммга чейин түшүм берип, 60 миң сомго чейин киреше алып келет. Ал эми гилас багы үч жылдан кийин түшүм бере баштайт. Орто эсеп менен жылына 2,5 тоннага чейин мөмө алынат. бир килограммынын орточо баасы 200 сом болгондо, жылына 500 миң сом киреше алып келет. Министрликтин эсеби боюнча, мындай бакчага кеткен чыгымдын суммасы 100 миң сомдон ашпайт. Мунун ичине тамчылатып сугаруу системасы да кирет.
Түркияда кармалган мугалимдин окуучулары олимпиадага катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Анталиядагы олимпиадага окуучуларды билим берүү компаниясы жөнөткөн. Ага министрликтин тиешеси жок. "Окуучулар ата-энелеринин нотариалдык макулдугу менен 20-апрелде сапарга чыгышкан. Уюштуруучулардын чакыруусу менен 36 окуучу, төрт ата-эне жана үч мугалим Анталияга барышкан. Балдар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар олимпиадага катышып, аларды компаниянын өкүлдөрү коштоп жүрөт. 25-апрелде өлкөгө кайтып келишет", — деп айтылат маалыматта.
"Ала-Тоо" аянтында 26-27-апрелде Бишкек шаарынын 147 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Иммерсивдик иш-чара саат 13:00дөн 22:00гө чейин уланат. Анда салттуулук менен заманбап технологияларды айкалыштырган спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлөт. "Жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер жана интерактивдүү оюндар шаар тургундарына майрамдык шаң тартуулайт", — деп айтылат маалыматта. Иш-чарада өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D мэппинг-шоу конокторго унутулгус таасир калтырары кошумчаланды.
Владимир Зеленский Украина боюнча Лондондо өтө турган сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу Россия Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. "Зеленский мындай кадамы менен тынчтык орнотуу аракеттеринин баарын жокко чыгаруу ниетин ачык көрсөттү", — деген Захарова брифингде. Дипломат Киев Минск макулдашууларына да, Пасхадагы элдешүүгө да ушундай мамиле жасап, энергетикалык объектилерге сокку урууга жарыяланган мораторий менен Стамбул сүйлөшүүлөрүн да минтип жокко чыгарганын эске салды. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 99 тыйынга евро 99 сом 28 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ Подводка: 25-апрелге караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын өрөөнүндө +13...+18 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ош шаарында +27...+29 градус жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0