Дрон, робот колдонулуп... "Асман көзөмөлү — 2025" антитеррордук машыгуусу өттү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Жазылуу
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Асман көзөмөлү — 2025" антитеррордук машыгуусу өттү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуу-машыгууларды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген. Анда атайын дайындоодогу аскерлер дрон, квадрокоптер, роботторду колдонууну үйрөнүп, жардыргыч заттарды талаа шартында пайдаланууга машыгышты.

1/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Кыргызстанда "Асман көзөмөлү — 2025" антитеррордук машыгуусу өттү

2/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты

3/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, окуу-машыгууларды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген

4/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Анда атайын дайындоодогу аскерлер дрон, квадрокоптер, роботторду колдонууну үйрөнүп, жардыргыч заттарды талаа шартында пайдаланууга машыгышты
1/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Кыргызстанда "Асман көзөмөлү — 2025" антитеррордук машыгуусу өттү
2/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты
3/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, окуу-машыгууларды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген
4/4
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Анда атайын дайындоодогу аскерлер дрон, квадрокоптер, роботторду колдонууну үйрөнүп, жардыргыч заттарды талаа шартында пайдаланууга машыгышты
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү аракеттер аткарылды:
роботторду колдонуу менен "шарттуу административдик имаратка" чабуул коюу, андан ары атайын аскердик топ тарабынан имаратты тазалоо;
жердеги камикадзе-дрондун жардамы менен унаа каражатын жардыруу;
чабуул жасоочу дронду колдонуу менен унаа каражатын жок кылуу;
жардыргыч заттар менен жабдылган дрондорду, ошондой эле ар кандай ок чыгаруу механизмдери бар көп жолу колдонулуучу FPV дрондорун пайдалануу.
Ташиев "А" атайын багыттагы аскер кызматкерлерине террордук-экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдү жок кылуу боюнча коюлган аскердик милдеттерди аткаруу үчүн ар дайым даяр болууга чакырды.
