00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Бишкеку - 148: история города, которую можно пройти пешком
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Балдардын суудагы коопсуздугу толугу менен ата-энелеринен көз каранды!». Сууга түшүүдө кандай коопсуздук эрежелерин сактоо керек?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше денег, меньше вакансий: изменит ли реформа кадровый кризис в школах КР
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
2025-2026-окуу жылында орус тилдүү мугалимдер Россиядан да келмей болдуБыйыл Улуу Британияга иштөө үчүн 17 миң кыргызстандык барышы күтүлүүдөЯнвардан тарта балдар үчүн жөлөк пулдун жаңы түрү киретАлдыда кененирээк2025-2026-окуу жылына мектептерге болжол менен 6 800 мугалим талап кылынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 3 000 мугалим "Наристе" программасы боюнча иштеп, жакында башталгыч класстарга сабак бере башташат. "Быйыл мектептерге педагогикалык ЖОЖдун — 2 100, орто кесиптик педагогикалык уюмдардын 6 061 бүтүрүүчүсү бөлүштүрүлөт. Ошондой эле министрлик орус тилдүү мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу үчүн Россия менен кызматташат. Бул кызматташтыктын алкагында учурда 105 мугалим тартылып, иштеп жатат. Аталган программаны кеңейтүү боюнча иштер уланууда", — деп айтылат кабарда. Ошондой эле "Заманбап мугалим" программасы ишке киргизилип, анын алкагында Чүй облусунда 29 жаңы мугалим иштеп жатканы кошумчаланды. Келечекте бул программа республиканын бардык аймактарына жайылтылат.
Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда саат 9:00дө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, салтанаттуу иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга, уюштурууга тыюу салынат. Ошондой эле тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, ден соолукка коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбойт. Аймактык, райондук жана шаардык билим берүү департаменттеринин жооптуу кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.
Бийик тоолуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн 3 жашка чейинки балдарына 2026-жылдан тартып жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мираида Нактаева билдирди. Анын айтымында, аталган жөлөк пул 2026-жылдан баштап оор шартта жашагандарга кирешесине карабай бала 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Андан кийин токтотулат. "3000 сомдон деп эсептегенбиз. Финансы министрлиги менен макулдашып, көлөмү бекитилет", — деди Нактаева. Депутат Рустамбек Советбек уулу төлөмдү 5 миң сомго чыгарууну сунуштады. Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Равшан Сабиров 2027-жылдан тарта бийик тоолуу жана барууга кыйын аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөргө "Бала береке" жөлөк пулу төлөнөрүн эскертти. "Төртүнчү бала төрөлгөндө – 100 миң сом, жетинчи балага – 1 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом төлөнөт", — деди Сабиров.
2025-жылы Кыргызстандын 17 миң жараны эмгек максатында Улуу Британияга кетүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин жыйынында КРдин Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Джусупов билдирди. Анын айтымында, Улуу Британияга барып иштөөнү каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө. "Эгерде 2022-жылы бул өлкөгө 4,5 миң, 2023-жылы 7,5 миң жараныбыз иштөө үчүн кетсе, 2024-жылы бул көрсөткүч 10 миң адамга жеткен", — деп белгиледи Улан Жусупов.
Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн 27 чет элдик жаран аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Цехтин кожоюндары жана тартип бузгандар административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Свердлов РИИБине жеткирилген.Атайын кызмат тигүү цехтеринин жетекчилигин чет өлкөлүктөрдү ишке мыйзамдуу алууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0