00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Почему детская анимация не терпит автоматической генерации
12:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что такое политический конфликт и чем он отличается от других - беседа с экспертом
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
15:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
В музее Фрунзе открыли выставку об Уркуе Салиевой - почему это важно
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран-АКШ-Изралиь согушу: Мунай баасынын өсүшүнөн ким көп жабыркайт?
17:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что такое система СПОТ и каковы последствия ее запуска для ЕАЭС
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Как конфликт на Ближнем Востоке влияет на рынок ГСМ в ЕАЭС
20:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
21:05
32 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Туристтик сезондо Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жолдо жана капчыгайларда жол эрежесин бузган айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, башкармалык мындай экспериментти өткөн жылы да жасап көргөн. "Былтыр пилоттук долбоор кылып Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда, Ош — Бишкек жолунда, айланма трассада дрон учуруп көргөнбүз. Жарым сааттын ичинде каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдык менен айдап жол эрежесин одоно бузган 30дай айдоочу аныкталган. Быйыл да ошол экспертиментти колдонобуз. Туристтик мезгилде инспекторлор Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жолдо жана капчыгайларда эреже бузгандарды дрондун жардамы менен аныктайт", — деген Байказы Айтикул уулу.
Бишкекте 19-21-апрель күндөрү мода жана текстиль тармагындагы ири эл аралык “Texpo IV” көргөзмө-форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетектөөчү адиси Замира Нуралиева радиолордун биринде берген маегинде билдирди. Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты - текстиль жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. "Көргөзмө-форум Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн дизайнерлерин, өндүрүүчүлөрүн, бизнес өкүлдөрүн жана адистерин бир аянтчага чогултат. Ага Россия, Германия, Беларусь, Түркия, АКШ, Татарстан, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан, Индия, Бангладеш, Кытай жана Япония өлкөлөрүнөн келген адистер катышат", - деди ал. Нуралиева белгилегендей, форум - Кыргызстандын мода жана текстиль тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүчү платформа болмокчу.
Нарындагы Калмак ашуусундагы көчкү түшкөн жол апрелдин аягында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган. Учурда жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө. Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак – Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.
АКШ Украинадагы тынчтык келишиминин алкагында Крымды Россиянын аймагы деп таанууга даяр. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымат булактарына шилтеме берип жазды. "Кошмо Штаттар Москва менен Киевдин ортосундагы кеңейтилген тынчтык келишиминин бир бөлүгү катары Крымды Россиянын көзөмөлүндө деп таанууга даяр", — деп айтылат билдирүүдө. Анткен менен агенттик Вашингтон бул маселе боюнча акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0