00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Негизги ооруканаларды Бишкектин четине көчүрүү долбоору президенттин көзөмөлүндө экенин саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Sputnik агенттигине билдирди. Ал белгилегендей, стационардык кызматты модернизациялоо идеясы 2-3 жыл мурун Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлүп, аны ишке ашырууга эми убакыт келип жетти. Бул үчүн Көк-Жар айылынан чоң аянт бөлүнгөн. Ал кошумчалагандай, жаңы участок тарапка алты тилкелүү трассалар салынып жатат. Ошондой жолдордо гана Тез жардам кызматы үчүн өзүнчө тилке бөлсө болот. "Медициналык шаарча түзүү идеясы медицина чөйрөсүндө көптөн бери, 10 жыл мурун пайда болгон, бирок саясий эрк жетпей келген", — деп жыйынтыктады ал.
Мэрия Бишкектеги сегиз көчөнү оңдоп-түзөө иштери болжол менен качан бүтөрүн кабарлады. Реконструкция иштери марттын аягында башталган, бирок баарында эмес. Оңдолуп жаткан жана оңдоло турган көчөлөрдүн тизмеси:Шабдан баатыр көчөсү 25-апрелде башталып 10-июнда аяктайт; Ахунбаев көчөсү 25-июндан 25-сентябрга чейин жасалат; Жибек Жолу 25-марттан 6-июнга чейин; Жаш Гвардия бульвары 25-марттан 26-июлга чейин; Лев Толстой көчөсү 1-майдан 31-августка чейин; Москва көчөсүнүн 20-майдан 3-июлга чейин; Медеров көчөсү 25-марттан 31-майга чейин; Ал эми Курманжан датка көчөсү 2-августтан 31-октябрга чейин ондолот.
Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын "Баймак" автожол көзөмөл өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөрдүн курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чек арачылар үчүн үч блоктон турган 30 батирлүү турак-жай комплекси курулат. Аталган турак жай комплекси Ала-Бука районунун Ызар айылында жайгашып, жергиликтүү ишкер тарабынан каржыланууда. Курулуш иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинада тынчтык орношу үчүн Россиядан санкцияларды алып салышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg агенттигине таянып жазды. "Украинадагы согуш отун өчүрүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдө Трамптын администрациясы санкцияларды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн соодалашууга курал катары пайдаланышы мүмкүн", — деп айтылат макалада. Андан сырткары, Трамп эки тараптын мамилесинин жакшырышын экономикалык мүмкүнчүлүк менен коммерциялык кызыкчылыктарга да пайдасын тийгизет деген максатта карап жатканы белгиленген. Ал арада америкалык катаал чектөөлөрдү жокко чыгаруу үчүн Конгресстин макулдугу керек болот. Ал эми эл аралык санкцияларды алып салуу үчүн Трамп Европадагы өнөктөштөрүн санкцияларды алып салууга ынандырышы шарт. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 41 тыйынга евро 99 сом 39 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 18-апрелге караган караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 18-апрель, жума күнү өрөөндөрдө жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +8...+13 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ош шаарында +13...+15 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0