00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Цирк, тигры и зооактивисты: Багдасаровы — о жизни за кулисами
08:03
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Кыргызстан Ислам университети — салттуу ислам түшүнүгү, исламдык диний билим берүүнү реформалоо кандай?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Тема дня
Бишкеку 147: какими изменениями в городе гордится мэр столицы
10:03
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде дары-дармектин баасын арзандатуу аракеттери жүрүүдө — бул өлкөгө кандай пайда алып келет?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Уроки, которые нельзя забыть: как школьникам рассказывают о Победе
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Студенттер арасындагы фестиваль жаштарга эле эмес мугалимдерге да тажырыйба, мүмкүнчүлүк берет
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Ыш менен күрөшүү жаатында мекеме аралык комиссия түзүлүп иш-пландарды кароодо
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
КР реалдык секторду өнүктүрүүдө ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу зарыл
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ИП или патент: зачем предпринимателям вернули право выбирать
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ыш менен күрөшүү жаатында мекеме аралык комиссия түзүлүп иш-пландарды кароодо
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Баш калаада "Мурас" турак жай комплексиндеги 476 ипотекалык батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан. Бүгүн үй алгандардын арасында мигранттар, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, 50 пайызын төлөгөн ишкерлер дагы бар. Белгилей кетсек, "Мурас" турак жай комплекси Бишкектеги мурдагы № 47 түзөтүүчү колониянын ордунда жайгашкан. Өткөн жылдын декабрь айында ошол жерден 510 ипотекалык батир берилген. 39 блоктон турган ушул эле комплексте жалпысынан 4 745 батир курулууда. Президент курулуш иштери 2026-жылдын соңуна чейин толугу менен бүтөрүн белгиледи. Учурда республика боюнча жалпысынан 60 миңден ашык батир курулуп жатат.
Чүйдөгү Шамшы дарыясына чакан ГЭС курууга 1 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков кабарлады. Маалыматка ылайык, станциянын жалпы кубаттуулугу жылына 600 миллион кВт/саатты түзөт. Шамшы дарыясындагы станция жылына 10 миллион кВт/саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат."ГЭС ишке кирсе Чүй районунун электроэнергияга болгон муктаждыгынын 10 пайызы жабылат. Ал эми курулуштун жалпы наркы 2 миллион доллардан ашса, анын теңин РКӨФ бөлгөн", — деди Новиков.Бул — фонддун жардамы менен курулуп жаткан 16 энергетикалык объектинин бири. Айрымдары эксплуатацияга берилсе, быйыл төрт ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.
Кыргызстанда 2024-жылы жол кырсыгынан 783 адам каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктары негизинен айдоочунун күнөөсүнүн аркасынан келип чыгууда. “Эң көп катталган жол кырсыктарынын ,басымдуу пайызы айдоочунун күнөөсү менен болгон кырсыктар. Карама-каршы тилкеге чыкканда, ылдамдыкты ашырганда, мас абалда унаа башкарганда кырсык окуялар көп катталууда. Ошондуктан президенттин коюлган тапшырмасы менен 1-сентябрдан тарта айдоочулардан жол эрежеси боюнча сынак алуу каралууда. Азыркы учурда мекемелер аралык комиссия түзүлүп, 14-апрелде комиссиянын биринчи отуруму өттү. Муну коомчулук да туура түшүнүүсү зарыл. Жолдон токтотуп алып эле биздин кызматкерлер сынак ала беришпейт. Кандайдыр бир олуттуу эреже бузуулар катталса, же унааны токтотуп текшергенде эреже бузуулары көп болсо айдоочудан сынак алынат”, - деди Бахрам Сайтходжаев. Ошондой эле ал айдоочулардан сынак алууда “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте иш алып барышаарын кошумчалады.
Бишкек — Ош автожолунда, Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосунда 750 метрлик тоннель курулат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлик япониялык компания менен келишимге кол койгон. Тоннель жолдун 400-чакырымына салынат. Курулуш иштери быйыл июнда башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0