00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинети электросамокат, сигвей жана гидроскутерлерди колдонуунун тартибин бекитти. Бул боюнча токтом кабыл алынып, андагы талаптардын көбү мобилдүү каражаттарды ижарага бергендерге тиешелүү болду. Эрежеге ылайык, ижарачыда коопсуздук эрежелери, тарифтер жана компаниянын ички саясатын камтыган мобилдик тиркемеси болушу керек. Ал самокатты ижарага алып жаткан адамдан паспорт же башка өздүгүн тастыктаган документин талап кыла алат; Ошондой эле транспорттор атайын бөлүнгөн жерден ижарага берилиши керек. Эгерде аны колдонгон адам жолдун ортосуна таштап кетсе, ижарачы аны дароо алып кетиши зарыл. Жергиликтүү бийлик электросамокаттар жолдо 3 сааттан ашык туруп калса аны алып кетип, ижарачыга айып төлөгөндөн кийин берет; Ал эми ири иш-чараларда ижарага берүү убактылуу чектелет. Мындан тышкары самокат тээп бараткан адам башка бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирсе мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылары кошумчаланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага алайык, 9-10-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү күтүлөт. Өлкөнүн Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды арыктарды, сел каналдарын тазалап, суу каптоонун алдын алууга чакырат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөгө эски унааларды импорттоого чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министр Медер Машиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, ыш көмүр жагуудан (40 пайыз), эски унаалардан (30 пайыз) жана чаңдан (13,5) пайда болот. "Өлкөдө 1 миллион 674 миң автоунаа катталган. Анын 1 миллион 392 миңи 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланылып келет. Бишкекте болсо 426,9 миң унаа катталса, анын 78 пайызы эскирип, 15 жылдан ашык пайдаланылган. Ал эми шаарга кирген машиналар 750 миңден ашат", — деди Машиев. Буга байланыштуу мекеме эски унааларды импорттоого жана көмүрдү пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча токтомдорду даярдоодо.
Уулунун сөөгүн алып кете турган чет элдиктен 100 миң сом талап кылган медик кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 19-мартта Өзгөндө Түркиянын 30 жаштагы жаранынын сөөгү табылган. Кылмышка шектүү катары 33 жаштагы адам кармалып, 40 жаштагы дагы бир шектүү издөөгө алынган."Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери уулунун сөөгүн алып кеткени келген Түркия жаранынан 100 миң сом талап кылган. Бул акчаны сөөктү берүү процессин тездеткени үчүн сураган", — деп айтылат маалыматта. Медик белгиленген акчаны алгандан кийин колго түшкөнү кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0