00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
12:32
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Студенттер арасындагы фестиваль жаштарга эле эмес мугалимдерге да тажырыйба, мүмкүнчүлүк берет
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
On air
14:08
60 мин
Ачык кеп
Ыш менен күрөшүү жаатында мекеме аралык комиссия түзүлүп иш-пландарды кароодо
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
КР реалдык секторду өнүктүрүүдө ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу зарыл
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
ИП или патент: зачем предпринимателям вернули право выбирать
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ыш менен күрөшүү жаатында мекеме аралык комиссия түзүлүп иш-пландарды кароодо
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал 1-майга чейин уланат. Салык декларациясын тапшырууга милдеттүүлөр: жеке ишкерлер; патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар; чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КР жараны; киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъектиден салык салынуучу киреше алган жеке жактар. Аталган өнөктүктүн биринчи этабы 1-апрелде аяктаган. Анда ата мекендик уюмдар, туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырган. Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермелерге картошканын аянтын былтыркы 66,4 миң гектардан ашырбоону сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы жөнөткөн маалыматта айтылган. Маалыматка ылайык, өткөн жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдө муктаждык жогору болгондуктан картошканын баасы 45-60 сомго чыккан. Демек, алар картошканын аянтын көбөйтүшү мүмкүн. "Ушуга байланыштуу картошка өстүрүүдө технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багыт алып, картошканын аянтын былтыркыдан 66,4 миң гектардан ашырбоону дыйкан-фермелерге сунуштайбыз. Анткени дыйкандар баа жогору болду деген негизде көбүрөөк айдап алса картошканын баасы төмөндөп дыйкан-фермерлердин кирешеси да азайып кетиши мүмкүн", — деген министрлик. Балыкчы — Кочкор темир жолунда бургулоо-жардыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Кочкордун аймагында кызуу жүрүп, 40-чакырымында бургулоо-жардыруу жумуштары аткарылууда."Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат", — деп жазылган маалыматта. Бул ири инфраструктуралык долбоор өлкөнүн экономикалык жана транспорттук потенциалын жогорулатып, региондордун өнүгүшүнө салым кошору белгиленди. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөгө эски унааларды импорттоого чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министр Медер Машиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, ыш көмүр жагуудан, эски унаалардан жана чаңдан пайда болот. "Өлкөдө 1 миллион 674 миң автоунаа катталган. Анын 1 миллион 392 миңи 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланылып келет. Бишкекте болсо 426,9 миң унаа катталса, анын 78 пайызы эскирип, 15 жылдан ашык пайдаланылган. Ал эми шаарга кирген машиналар 750 миңден ашат", — деди Машиев.Буга байланыштуу мекеме эски унааларды импорттоого жана көмүрдү пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча токтомдорду даярдоодо.
Жазылуу
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал 1-майга чейин уланат. Салык декларациясын тапшырууга милдеттүүлөр: жеке ишкерлер; патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар; чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдарда, дипломатиялык жана консулдук мекемелерде иштеген КР жараны; киреше салыгын кармоо милдеттенмеси пайда болбогон субъектиден салык салынуучу киреше алган жеке жактар. Аталган өнөктүктүн биринчи этабы 1-апрелде аяктаган. Анда ата мекендик уюмдар, туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тапшырган.
Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермелерге картошканын аянтын былтыркы 66,4 миң гектардан ашырбоону сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы жөнөткөн маалыматта айтылган. Маалыматка ылайык, өткөн жылы коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдө муктаждык жогору болгондуктан картошканын баасы 45-60 сомго чыккан. Демек, алар картошканын аянтын көбөйтүшү мүмкүн. "Ушуга байланыштуу картошка өстүрүүдө технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багыт алып, картошканын аянтын былтыркыдан 66,4 миң гектардан ашырбоону дыйкан-фермелерге сунуштайбыз. Анткени дыйкандар баа жогору болду деген негизде көбүрөөк айдап алса картошканын баасы төмөндөп дыйкан-фермерлердин кирешеси да азайып кетиши мүмкүн", — деген министрлик.
Балыкчы — Кочкор темир жолунда бургулоо-жардыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери Кочкордун аймагында кызуу жүрүп, 40-чакырымында бургулоо-жардыруу жумуштары аткарылууда."Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат", — деп жазылган маалыматта. Бул ири инфраструктуралык долбоор өлкөнүн экономикалык жана транспорттук потенциалын жогорулатып, региондордун өнүгүшүнө салым кошору белгиленди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөгө эски унааларды импорттоого чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу министр Медер Машиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, ыш көмүр жагуудан, эски унаалардан жана чаңдан пайда болот. "Өлкөдө 1 миллион 674 миң автоунаа катталган. Анын 1 миллион 392 миңи 15 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланылып келет. Бишкекте болсо 426,9 миң унаа катталса, анын 78 пайызы эскирип, 15 жылдан ашык пайдаланылган. Ал эми шаарга кирген машиналар 750 миңден ашат", — деди Машиев.Буга байланыштуу мекеме эски унааларды импорттоого жана көмүрдү пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча токтомдорду даярдоодо.
Жаңылыктар түрмөгү
0