00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жыйындар залын оңдоо иштери 1-майдан башталат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал май-июнда жалпы жыйындар өкмөттүн мурдагы имаратында өтөрүн билдирди. "Эки ай ошол жакта иштеп, каникулдан кийин сентябрда оңдолгон залга кайтып келебиз. Жаңыланган залга жаңы электрондук система киргизилет, Face ID дагы болушу ыктымал", — деди Бекешев. Парламенттин маалымат кызматы Face ID ишке кириши ыктымалдыгын тастыктап, система добуш берүүдө колдонуларын кошумчалады. Буга чейин Жогорку Кеңеште дээрлик миллиард сомго оңдоп-түзөө иштери болору айтылган. Ак үй 1984-жылы ишке берилген, 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Россияга Бишкекте Кыргыз-орус достугу ооруканасын куруу сунушталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Министр Эркин Чечейбаев Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Андрей Плутницкий менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулаган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал Бишкек шаарында Кыргыз-түрк ооруканасынын үлгүсүндө иштей турган Кыргыз-орус достугу ооруканасын курууну сунуштаган. "Мындай борбордун түзүлүшү сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн гана жогорулатпастан, Россиянын алдыңкы клиникаларынын катышуусунда кыргызстандык адистерди даярдоо аянтчасына да айланат", — деген Чечейбаев. Мындан тышкары, кыргыз тарап медициналык кадрларды даярдоо боюнча программаларды иштеп чыгууну сунуштаганы кошумчаланды.
Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент чыгарылып, институттун директору кызматынан четтетилди. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, окуу жайдын дагы 13 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, ал эми жооптуу жетекчилерди иштен алуу сунушталган. "2023-жылдын аягында окуу жайдын жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери 400дөн ашуун чет өлкөлүк студентти башка ЖОЖдордон которуу жолу менен кабыл алган. Тактап айтканда, атайын комиссия студенттерди окууга кирүү үчүн керектүү документтеринин жоктугуна жана сабактар боюнча академиялык айырмачылыктардын тийиштүү санынан ашып кеткенине карабастан дистанттык окууга өткөргөн", — деди УКМК. Мындан тышкары, окуу жайдын жетекчилиги компетенттүү эмес кызматкерлерин комиссиянын курамына киргизип, айрым чет элдик студенттерди жасалма документтер менен университетке өтүүгө жол бергени белгиленди.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинаны кереги жок деп эсептеп, Россия, тескерисинче, зарыл деген пикирде. Бул тууралуу Украинанын мурунку тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Жеке өзү Россия менен биригип көп жакшы нерсе жасоого болот деп эсептеп жатат, ошондуктан Россия ага керек. Украинанын ага эч зарылы жок. Болгону ушул. Бул киши азыркы абалды ушундай көрүүдө", — деп нааразы болду экс-министр. 18-март күнү Владимир Путин Трамп менен телефондон сүйлөшүп, АКШ лидери жаңжалдашкан эки тарапка 30 күнгө чейин энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотууну сунуштап тараптар макул болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0