00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте тейлөө кызматындагы баалар асман чапчып кеткенин айтты. "Кафе, ресторан, чачтарач, такси жана башка тейлөө кызматтарынын баары эби жок кымбаттап кеткен. Биздеги баалар дүйнөдөгү мегаполис шаарлардан: Стамбулдан, Москвадан ашат. Бизнеске тоскоолдук жок, бирок бааны реалдуулукка алып келиш керек. Оюна келген бааны коюп жатышат, мониторинг жүргүзгүлө", — деди спикер. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Женалы Орозбаев абалды көзөмөлгө алып, жооп берерин айтты.
Эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева түз эфирде билдирди. Анын айтымында, мектепке кабыл алуу санариптештирилип, баланы каттоо автоматтык түрдө (ата-эненин макулдугу керек) жүргүзүлүүдө. Бирок бала эмдөөлөрдү алганы жана медициналык кароодон өткөнү боюнча маалым кат кагаз түрүндө талап кылынат. Самыкбаева бул маалым каттарды 15-августтан кийин мектепке алып баруу керектигин белгиледи. "Эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбайт. Бул тиешелүү токтом менен бекитилген. Келечекте бул медициналык маалым каттарды автоматтык түрдө алуу боюнча иш жүрүүдө", — деди Самыкбаева. Ошондой эле ал электрондук күбөлүк менен мектепке каттоо дагы бириктирилип, окуучунун жеке маалыматтары дагы дароо толтуруларын кошумчалады.
Көк бөрү оюнуна тыюу салынбайт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Буга чейин депутаттардын бир катары көк бөрү оюнун жок кылууга аракет болуп жатканын айтышкан. Агенттик бул маалыматты четке кагып, Ноорузга карата өткөрүлчү турнир убактылуу токтотулганын, бирок көк бөрү оюнуна толугу менен тыюу салынбаганын белгиледи.Ошондой эле мамагенттик жакында Көк бөрү федерациясы менен жоопкерчилик нормалары так жазылган кызматташуу келишимин биргеликте иштеп чыгарын билдирди. Мындан тышкары, көк бөрү боюнча калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутуу пландалган. Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинаны кереги жок деп эсептеп, Россия, тескерисинче, зарыл деген пикирде. Бул тууралуу Украинанын мурунку тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Жеке өзү Россия менен биригип көп жакшы нерсе жасоого болот деп эсептеп жатат, ошондуктан Россия ага керек. Украинанын ага эч зарылы жок. Болгону ушул. Бул киши азыркы абалды ушундай көрүүдө", — деп нааразы болду экс-министр. Белгилей кетсек, 18-мартта Россия президенти Владимир Путин Трамп менен телефондон сүйлөшкөн. Кремлдин маалыматы боюнча, АКШ лидери жаңжалдашкан эки тарапка 30 күнгө чейин бири-биринин энергетикалык объектилерине сокку урууну токтотууну сунуштаган. Андан бери Украина шартты бузуп бир канча ирет чабуул койду.
Жаңылыктар түрмөгү
0