00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. "Адамзатты руханий жактан тазаланууга жана ар тараптуу өркүндөөгө жетелеген бул ыйык майрамда элибиздин биримдиги бекемделип, бакубатчылыгыбыз өсө берсин. Бардык мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп, кайгыруу менен узатып жаткан ушул ыйык күндөрдө Сизге чоң бакыт жана жооптуу кызматта ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева аткезчилик үчүн жазаны катаалдатууну сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган. Учурдагы мыйзамда экономикалык контрабанда үчүн негизинен айып пул жана кээ бир учурда гана эркинен ажыратуу каралган. Жаңы сунушталган редакцияда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр бар: түзөтүү жумуштарына тартуу жоюлуп, эки жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. Жосун ири өлчөмдө жасалса мүлк конфискацияланат. Бирок чыгымды 10 эсе төлөп берсе жазадан бошотулат; кызмат адамы өзүнүн абалын колдонуп аткезчилик кылса мүлкүн конфискациялоо менен 5-7 жылга чейин камалат; аткезчилик товардын наркы 100 миң сомго жетсе аны конфискациялоо сунушталды. Учурда 500 миң сомго жеткенде гана конфискация болот.
Мурдагы күнү таңга маал Таласта болгон жер титирөөдөн 48 үй жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, жарака кеткен 48 турак үйдүн 31и камсыздандырылган.Эске салсак, Кыргызстанда 28-март күнү таңга маал жер силкинип, Таластын Көпүрө-Базар айылында 6 баллга жеткени айтылган. Ал эми Бишкекте 4 балл сезилген.
Украина Вашингтон менен пайдалуу кен казуу боюнча макулдашуунун жаңы долбоорунда көрсөтүлгөн АКШ берген аскердик жардамды карыз деп эсептебейт. Бул тууралуу Владимир Зеленский билдиргенин РИА Новости жазды.Буга чейин Киев режиминин башчысы Украина АКШга карыз эместигин айтып, 500 тургай 100 миллиард долларын дагы карыз катары таануудан баш тартканын билдирген. Анын айтымында, Украина АКШдан жардамды грант түрүндө алган. Өткөн жумада “Европейская правда” басылмасы АКШ менен Украинанын кен боюнча макулдашуусунун жаңы долбоорунда Киев Вашингтондон жардамга алган акчанын баарын кайтарып бермей болгонун жазган. Басылманын айтымында, документ буга чейин Киев менен Вашингтон макулдашкан бардык “кызыл сызыктан” чыгып кетерин, Украинанын көз карандысыздыгынын бир бөлүгүнөн ажыратып, ЕБге мүчө болууга карама-каршылык жаратып, ошондой эле Украинаны АКШга мурдагы жардамдын баарын төлөөгө милдеттендирет. Украин журналисттеринин айтымында, төлөмдөрдү баштоо чечими прецедент болуп, мунун аркасында Киев режиминин башка донорлору өз салымдарын кайтарууну талап кылышы мүмкүн. “Европейская правда” басылмасы шилтеме берген Киль дүйнөлүк экономика институту 2022-жылдын февраль айынан бери АКШ Украинага 123 миллиард долларлык жардам бергенин айтууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0