00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда буудай менен арпаны айдоо аянттары көбөйтүлөт. Өзгөртүү айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында жасалып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. План боюнча 2025-жылы буудайды 250 миң гектар жерге себүү каралган. Ал эми арпа 252,1 миң гектарга айдалат. Бирок жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр жана башка дан эгиндерин айдоо аянттары мурдагыдай эле көлөмдө калат.
Кыргызстан кредиттик рейтингин “Туруктуу” деген көрсөткүч менен В+ деңгээлине ийгиликтүү көтөрдү. Бул тууралуу өкмөт кабарлады. Рейтингди S&P Global Ratings эл аралык агенттиги жүргүзгөн. Аталган агенттик Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2022-2024-жылдар аралыгында 9 пайызга жеткенин, ички керектөө 15 пайызга өскөнүн, жумушсуздуктун деңгээли 4 пайызга чейин төмөндөгөнүн, банк секторун капиталдаштыруу жогорулаганын белгилеген. Туруктуу фискалдык абал, мамлекеттик карыздын орточо деңгээли жана жүргүзүлүп жаткан реформалар да агенттик тарабынан жогору бааланган. В+ рейтингин ыйгаруу Кыргызстанга эл аралык каржы рыногунда позициясын бекемдөөгө шарт түзөрү айтылат. Бул өз кезегинде инвесторлорду тартууга жардамдашат.
Түштүк-Чыгыш Азиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. ТИМден билдиришкендей, Индия жана Малайзиядагы элчиликтер Мьянма, Таиланддагы дипөкөлчүлүктөр жана Бангкоктогу диаспора менен байланышта болууда. Эске салсак, 28-мартта Түштүк-Чыгыш Азияда кыйратуучу жер титирөө болгон. Анын магнитудасы 7,7ге жетип, жердин силкинүүсү Бангладеш, Лаос жана Кытайда сезилген. Апааттан Мьянмада 1,6 миңден ашык, ал эми Бангкокто 14 адам каза болгон.
Россия президенти Владимир Путин мусулмандарды Айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоо сөзүн РИА Новости агенттиги жарыялады. Анда мамлекет башчы россиялык мусулмандардын Россиянын өнүгүшүнө салымын белгилеген. Өлкө башчы Орозо айынын соңунда белгиленген бул майрам элди кайрымдуулукка, боорукерликке үндөй турганын айткан. Ошондой эле Путин россиялык мусулмандардын ата-бабалардын бай руханий жана тарыхый мурастарына аяр мамиле жасоосунун маанилүүлүгүн белгилеген. Россия лидери мусулмандардын аскердик атайын операциялардын жүрүшүндө анын катышуучулары менен ардагерлерине, жакындарына көрсөткөн жардамын өзгөчө белгилеп, ден соолук, ийгилик каалаган.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы өлкөнүн Конгресси каржылаган Тынчтык институтунун дээрлик бардык кызматкерин иштен бошотту. Бул тууралуу Washington Post гезити уюмдун кызматкерлеринин билдирүүсүнө таянып жазганын РИА Новости жарыялады."Трамптын администрациясы тездетилген шартта АКШнын Тынчтык институтунун 200дөн 300гө чейинки кызматкерин, мекеменин штаб-квартирасынын дээрлик бардык кызматкерин жумуштан бошотту", — деп айтылат маалыматта. Маалыматта иштен алынгандардын айрымдарына сотко кайрылуудан баш тартуусу үчүн жөлөк пул жана медициналык камсыздандыруусун дагы бир айга узартуу сунушталган.USIP — дүйнө жүзүндөгү чыр-чатактарды чечүүгө көмөктөшүү жана аны алдын алуу милдетин аткара турган америкалык федералдык мекеме.
Жаңылыктар түрмөгү
0