https://sputnik.kg/20250328/1092967572.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Таластын Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым алыстыкта... 28.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-28T19:00+0600
2025-03-28T19:00+0600
2025-03-28T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092967440_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1bed068daebbfd62da35d3fbdf1b117b.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Таластын Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым алыстыкта болуп, магнитудасы 5,3кө жеткен. Эске салсак, бүгүн таңга маал дагы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында күчү очогунда 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга сезилген. Ошондой эле 7:17де Жалал-Абаддын Аксы районундагы Аркыт, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Итагар айылдарында 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Министрликтин маалыматы боюнча, Талас районунда эртең мененки жер титирөөдөн 17 турак жай жараксыз абалга келген. Алардын 11и камсыздандырылган болсо, алтоо камсыздандырылган эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттыкка талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу боюнча суроо УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусунун негизинде каралып жатканын билдирди. УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов белгилегендей, Султанбай Айжигитовго 2018-жылы "Бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү эскиргендиктен жазадан бошоткон. Бирок Айжигитов депутаттыкка талапкерлигин койгондо соттолгондугу жөнүндө маалыматты бербей койгон. БШКнын 11 мүчөсү Айжигитовдун мандатын алууга "макул" болсо, бирөө каршы чыкты. БШК төрагасы жыйынга катышкан Айжигитовго чечимге макул болбосо сотко даттанса болорун айтты.
Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов биринчилерден болуп ID-картаны онлайн арыз аркылуу алды. “Менин жаңы ID паспортумду “Кыргыз почтасы” ААКсынын кызматкерлери жасап, түз эле кеңсеге алып келишти”, — деп Жамангулов соцтармакка жазды. Буга чейин Президент Садыр Жапаровго "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT борборуна барганда ID картаны алмаштырууга арызды онлайн тапшыруу функциясы көрсөтүлгөн.
Түрдүү санкцияларга жана ар кандай билдирүүлөргө карабастан европалыктардын басымдуу бөлүгү Россия менен соода алакасын түзүүнү каалайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин Экономикалык кызматташуу департаментинин директору Дмитрий Биричевский билдиргенин РИА Новости жазды. Ал КМШ мамлекеттеринин эл аралык экономикалык форумуна катышкан. "Европа Россия менен соода жүргүзбөйм деп ар кыл чектөөлөрдү киргизе бергени менен бизнеси мамиленин уланышын каалайт. Өлкөлөрүнүн саясий көз карашына, позициясына карабастан көбү аны улантууда", — деди Биричевский. Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун съездинде сүйлөп жатып Россияга кайтууга ниеттенип жаткан батыш компанияларына эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбей турганын билдирген.
Кыргызстанда кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Таластын Көпүрө-Базар айылынан 18 чакырым алыстыкта болуп, магнитудасы 5,3кө жеткен. Эске салсак, бүгүн таңга маал дагы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында күчү очогунда 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга сезилген. Ошондой эле 7:17де Жалал-Абаддын Аксы районундагы Аркыт, Жылгын, Тегирмен-Сай, Жол-Сай, Итагар айылдарында 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Министрликтин маалыматы боюнча, Талас районунда эртең мененки жер титирөөдөн 17 турак жай жараксыз абалга келген. Алардын 11и камсыздандырылган болсо, алтоо камсыздандырылган эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров депутаттыкка талапкер катары каттоосун жокко чыгаруу боюнча суроо УКМКнын тергөөчүсүнүн кайрылуусунун негизинде каралып жатканын билдирди. УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов белгилегендей, Султанбай Айжигитовго 2018-жылы "Бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылган. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок мөөнөтү эскиргендиктен жазадан бошоткон. Бирок Айжигитов депутаттыкка талапкерлигин койгондо соттолгондугу жөнүндө маалыматты бербей койгон. БШКнын 11 мүчөсү Айжигитовдун мандатын алууга "макул" болсо, бирөө каршы чыкты. БШК төрагасы жыйынга катышкан Айжигитовго чечимге макул болбосо сотко даттанса болорун айтты. Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов биринчилерден болуп ID-картаны онлайн арыз аркылуу алды. “Менин жаңы ID паспортумду “Кыргыз почтасы” ААКсынын кызматкерлери жасап, түз эле кеңсеге алып келишти”, — деп Жамангулов соцтармакка жазды. Буга чейин Президент Садыр Жапаровго "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин IT борборуна барганда ID картаны алмаштырууга арызды онлайн тапшыруу функциясы көрсөтүлгөн.Түрдүү санкцияларга жана ар кандай билдирүүлөргө карабастан европалыктардын басымдуу бөлүгү Россия менен соода алакасын түзүүнү каалайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин Экономикалык кызматташуу департаментинин директору Дмитрий Биричевский билдиргенин РИА Новости жазды. Ал КМШ мамлекеттеринин эл аралык экономикалык форумуна катышкан. "Европа Россия менен соода жүргүзбөйм деп ар кыл чектөөлөрдү киргизе бергени менен бизнеси мамиленин уланышын каалайт. Өлкөлөрүнүн саясий көз карашына, позициясына карабастан көбү аны улантууда", — деди Биричевский. Эскерте кетсек, буга чейин Россия президенти Владимир Путин Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун съездинде сүйлөп жатып Россияга кайтууга ниеттенип жаткан батыш компанияларына эч кандай артыкчылык жана жеңилдик берилбей турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1c/1092967440_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_099c861e1c1a5e4aa3e60da47f1810e3.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио