https://sputnik.kg/20250326/aleksandr-romanyutin-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092898153.html
Александр Романютин — согушка Кыргызстандан аттанган СССР Баатыры
Александр Романютин — согушка Кыргызстандан аттанган СССР Баатыры
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман адамдар... 26.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-26T20:05+0600
2025-03-26T20:05+0600
2025-03-26T20:05+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
ссср
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
эрдик
учкуч
александр романютин
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:351:1600:1251_1920x0_80_0_0_eb5dbc17a8dc85ee2a4bdc779cf8e217.jpg.webp
Кенже лейтенант Александр РоманютинАл 1924-жылы 8-августта Георгиевка кыштагында (азыркы Кордай айылы, Жамбыл облусу, Казакстан) туулган. Бирок 1930-жылы жер которуп, үй-бүлөсү менен Кыргызстандын Кант айылынан (азыркы Кант шаары) орун алышат.Орто мектепти бүткөндөн кийин 1942-жылы сентябрда Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат. 1943-жылы Романютин Харьковдогу артиллерия училищесин аяктайт да, ошол эле жылы июнда согушка кирет. 1943-жылы кенже лейтенант Александр Романютин Воронеж фронтунда взвод жетекчиси болот. Ал 38-армиянын 136-аткычтар дивизиясынын 342-аткычтар полкунун ок атуучу взводу болчу. Днепр дарыясынан кечип баратканда каармандыгын көрсөтөт. 1943-жылдын 15-17-октябрында аталган дарыянын батыш жээгиндеги (Старые Петровцы жана Новые Петровцы айылдарынын аймагында) плацдармда болгон согушта Романютин башкарган взвод немецтердин чабуулунун мизин кайтарган. Бригадалардын бири согушканга мүмкүнчүлүк болбой калганда куралды өзү башкарып, түздөп, мээлеп көрсөтүп берип, душмандын үч куралын талкалашат. Алар атып жаткан пушка жок кылынгандан кийин майдандаштарын алдыга сүрөй чуркап, душманды артка сүргөн.СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы 9-февралда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" Александр Романютинге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин ордени, Алтын медалы ыйгарылган. Андан сырткары, Александр Невский, Ата Мекендик согуштун I даражадагы эки жана Кызыл Жылдыз ордени, бир катар медалдар менен сыйланган.1948-жылы капитан Романютин запаска бошотулган. 1953-жылы Ленинград мамлекеттик университетин аяктайт. Алгач Алматы, андан кийин Киев шаарында жашайт. 2006-жылы 4-февралда каза таап, Киевдеги Берковец көрүстөнүнө коюлат.
https://sputnik.kg/20250324/tashmamat-dzhumabaev-kyrgyzstandan-chykkan-sovetter-soyuzunun-baatyry-1092852086.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/18/1092261052_0:201:1600:1401_1920x0_80_0_0_7b54afc448aedf0a2ad604a969e652d7.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, учкуч, александр романютин
ссср, кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, эрдик, учкуч, александр романютин
Александр Романютин — согушка Кыргызстандан аттанган СССР Баатыры
Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан аттанган каарман адамдар тууралуу баяндоосун улантат.
Кенже лейтенант Александр Романютин
Ал 1924-жылы 8-августта Георгиевка кыштагында (азыркы Кордай айылы, Жамбыл облусу, Казакстан) туулган. Бирок 1930-жылы жер которуп, үй-бүлөсү менен Кыргызстандын Кант айылынан (азыркы Кант шаары) орун алышат.
Орто мектепти бүткөндөн кийин 1942-жылы сентябрда Жумушчу-дыйкандардын Кызыл армиясына чакырылат. 1943-жылы Романютин Харьковдогу артиллерия училищесин аяктайт да, ошол эле жылы июнда согушка кирет. 1943-жылы кенже лейтенант Александр Романютин Воронеж фронтунда взвод жетекчиси болот. Ал 38-армиянын 136-аткычтар дивизиясынын 342-аткычтар полкунун ок атуучу взводу болчу. Днепр дарыясынан кечип баратканда каармандыгын көрсөтөт. 1943-жылдын 15-17-октябрында аталган дарыянын батыш жээгиндеги (Старые Петровцы жана Новые Петровцы айылдарынын аймагында) плацдармда болгон согушта Романютин башкарган взвод немецтердин чабуулунун мизин кайтарган. Бригадалардын бири согушканга мүмкүнчүлүк болбой калганда куралды өзү башкарып, түздөп, мээлеп көрсөтүп берип, душмандын үч куралын талкалашат. Алар атып жаткан пушка жок кылынгандан кийин майдандаштарын алдыга сүрөй чуркап, душманды артка сүргөн.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен 1944-жылы 9-февралда "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" Александр Романютинге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, Ленин ордени, Алтын медалы ыйгарылган. Андан сырткары, Александр Невский, Ата Мекендик согуштун I даражадагы эки жана Кызыл Жылдыз ордени, бир катар медалдар менен сыйланган.
1948-жылы капитан Романютин запаска бошотулган. 1953-жылы Ленинград мамлекеттик университетин аяктайт. Алгач Алматы, андан кийин Киев шаарында жашайт. 2006-жылы 4-февралда каза таап, Киевдеги Берковец көрүстөнүнө коюлат.