00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Балдарды мектепке каттоонун 1-этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бөбөктөрдү "Түндүк", 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу каттоого болот. Жол-жобого ылайык, ата-эне "Мектепке электрондук каттоо" бөлүмүнө кирип, сунушталган варианттарды тандашы керек. Мектептер ата-энелердин жашаган эмес, катталган жерине жараша сунушталат; Ошондой эле ата-эне 2018-2019-жылдары туулган балдарын каттоону 1-июнга чейин ырасташы керек; 2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылкылар 2-класска катталат. Ошол эле учурда "Наристе" программасынан даярдыктан өткөн 2019-жылкылар 2-класска кире алышат. макулдук берип жатканда окуу тилин дароо тандаш керек. Тиркемеде кыргыз тили коюлган. Кийинчерээк тилди өзгөртүү мүмкүн эмес. Сунушталган мектептерге баланы каттоодон баш тарткан учурда экинчи этапка калат. Ал 2-июнда башталат. Бул этапта микроучасток боюнча эмес, бош орун бар мектепти тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Кыргызстан менен Кытай маданий байланыштарды чыңдоого ниеттенүүдө. Мекемеден билдиришкендей, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө министр элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-кытай маданий, маалыматтык жана жаштар саясаты боюнча кызматташтыктын дагы да бекемделишине ишенерин баса белгиледи. Өз кезегинде, элчи Лю Цзянпин эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы жакшыртууга даярдыгын билдирди. Ошондой эле кыргыз тарапты Кытайда өтө турган бир катар ири маданий иш-чараларга катышууга чакырды.Жыйынтыгында тараптар маданий мурасты сактоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо, жаштар программаларын уюштуруу, чыгармачыл жамааттардын гастролдорун өткөрүү жана башка биргелешкен долбоорлор боюнча кызматташтыкты күчөтүү боюнча өз ара тилектештигин билдиришти
Баткенде кооптуу аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, облус аймагында быйылкы жылга карата кооптуу делген аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлдү. ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти менен кошо Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн офицерлери жумуш алып барды. Адистер Кадамжай районунун аймагында жер көчкү жана таш кулоо кооптуулугу бар тилкелерде болуп, изилдөө иштерин жүргүзүү менен бирге жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Атайын аппараттын жардамы менен кооптуулуктун активдешүүсүнө байкоо жүргүзүлдү. Ал эми кооптуу тилкеде жашап жаткан тургундарга тиешелүү маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0