00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Балдарды мектепке каттоонун 1-этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бөбөктөрдү "Түндүк", 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу каттоого болот. Жол-жобого ылайык, ата-эне "Мектепке электрондук каттоо" бөлүмүнө кирип, сунушталган варианттарды тандашы керек. Мектептер ата-энелердин жашаган эмес, катталган жерине жараша сунушталат; Ошондой эле ата-эне 2018-2019-жылдары туулган балдарын каттоону 1-июнга чейин ырасташы керек; 2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылкылар 2-класска катталат. Ошол эле учурда "Наристе" программасынан даярдыктан өткөн 2019-жылкылар 2-класска кире алышат. макулдук берип жатканда окуу тилин дароо тандаш керек. Тиркемеде кыргыз тили коюлган. Кийинчерээк тилди өзгөртүү мүмкүн эмес. Сунушталган мектептерге баланы каттоодон баш тарткан учурда экинчи этапка калат. Ал 2-июнда башталат. Бул этапта микроучасток боюнча эмес, бош орун бар мектепти тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн эки эсе тездеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Кыргызстандын айлана-чөйрөсүнүн өзгөрүүсү жөнүндөгү санарип атласты талкуулоо учурунда белгилүү болду. Спутниктен алынып атласка киргизилген маалыматтарга ылайык, 1960-2023-жылдар аралыгында Кыргызстанда жылдык орточо температура 1,2°Cге көтөрүлгөн. БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын Борбор Азия Субрегионалдык кеңсесинин башчысы Айдай Курманованын айтымында, жогоруда аталган маселе суу тартыштыгынын күчөшүнө жана жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келет жана бул көрсөткүч мындан да ылдам өсүшү мүмкүн. "Температуранын жогорулашы менен дарыялардын агымы азайып, ошол эле учурда суу керектөө көлөмү өсөт. Андыктан климатка ылайыкташуу саясатын активдүү жүргүзүү зарылдыгы келип чыгат. Бул үчүн сугат сууларын пайдаланууну азайтуу, жайыттарды башкарууну жакшыртуу керек экендигин атластагы маалыматтар тастыктайт”, - деди ал.
Бишкектеги Айтматов проспекти реконструкциядан кийин ушундай болот. Эскизди президенттин иш башкармалыгы жарыялады. "Президенттин тапшырмасы менен проспект кеңейтилип жатат. Жарыктандыруу жаңыртылып, ирригациялык каналдар жердин асты менен кетет, тротуарлар веложолдордон өзүнчө бөлүнөт. Буюрса ишти майдын соңунда аяктайбыз", — деди президенттик иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев. Эскизде проспектинин эки тарабындагы "дублер" жолдор көрсөтүлгөн. Буга чейин Бишкек мэри Айбек Жунушалиев эл менен жолукканда ошол жолдордон баш тартышарын билдирген.
*Нарын шаарындагы эски көрүстөн рекультивацияланып, сейил бак түшө турган болду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаардагы Матен Сыдыков аймагындагы көрүстөн 50 жылдан бери пайдаланылбай калган."Жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен Нарындын мэри Канболот Тутуев эски көрстөндү көрүп, түздөө иштери менен кошо айланасындагы каралбаган курулуштарды алуу, таштандыны чыгарып, иретке келтирүүнү тийиштүү мекемелерге тапшырды", — деп айтылат маалыматта. Көрүстөндү бузуу алдында куран окулуп, диний жөрөлгөлөр аткарылганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0