00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Минкаб төрагасы Жогорку технологиялар паркынын жаңыланган инфраструктурасы менен таанышып, жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгын көрдү. Парктын жетекчиси Азис Абакиров уюмдун 2024-жылга карата аткарган ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, негизги көрсөткүчтөргө, анын ичинде адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана IT-секторуна инвестиция тартууга басым жасады. Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку технологиялар паркын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде инвестицияларды тартуу, IT-билим берүүнү стимулдаштыруу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Министрлер Кабинети бул багыттарды ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү көздөйт.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кетүүчү социалдык төлөмдү көбөйтүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Документте каражаттын тартыштыгынан улам саламаттык сактоо тармагында көптөгөн көйгөйлөр бар экени айтылган. Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу системасы бар. Ага ылайык, ар бир кызматкер айлык маянасынын эки пайызын которот. Саламаттык сактоо министрлиги ММК фондуна жумушчулардын айлык маянасынан кошумча эки пайыз которууну сунуштап жатат. Башкача айтканда, мурда жалпы социалдык төлөм 10 пайыз болсо, аны 12 пайызга көтөрүү демилгеленүүдө. Министрлик бул чара медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшырта турганын кошумчалады.
Чолпон-Ата, Кант, Балыкчы шаарларында таштанды сорттогон завод курулат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, былтыр министрлик Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкы жана "Таза Альянс" компаниясы менен үч шаарда таштандыны сорттоо заводун куруу боюнча төрт тараптуу келишимге кол койгон."Булар Чолпон-Ата, Кант, Балыкчы шаарларында болот. Азыр биринчи кадамдар башталып, таштандыны сорттоо боюнча долбоор иштелип жатат. Ал ишке киргенден кийин айланасындагы майда полигондорду камтып кетет", — деди министр.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украинадагы согуштун өзөгүн түшүнүп турат, бирок кепке келүүнүн мөөнөтү боюнча Владимир Зеленскийдин "алсыздыгына" жол бербөө ниетиндеги Европа элитасын ашыра баалап жиберди. Киев бийлигинин башчысы мөөнөтү бүтүп бара жатканын түшүнүп турса да кепке келгиси келбей турат. Бул туурасында Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазган."Ал — акылдуу, энергиялуу адам. Элдин баары жөнөкөй эле нерселерди түшүнүшү керек деп эсептейт. Такер Карлсонго берген интервьюсундагы айткандарына караганда, согуштун маңызын түшүнүп турат. Бирок Зеленскийдин алсырап кетпеши үчүн ага жүк артууну каалап турган европалык элиталарды ашыра баалап алган", — деген Лавров. Министр муну менен катар эле Зеленский өзү да бошоңку тарткысы келбегендигин, себеби Украинадагы радикалдык маанайдагы чөйрөлөрдөн тышкары анын "кеменгерлик образы" эбак эле өчкөнүн жана саналуу күнү калганын түшүнүп турганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0