https://sputnik.kg/20250325/1092879717.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын укук коргоо органдарында жазуу (кагаз) түрүндөгү кылмыш иштери менен кошо “Электрондук иш” пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу... 25.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-25T19:00+0600
2025-03-25T19:00+0600
2025-03-25T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/19/1092879585_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_87c8fb2142a5305ea6a20122e62a9dda.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын укук коргоо органдарында жазуу (кагаз) түрүндөгү кылмыш иштери менен кошо “Электрондук иш” пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү жана прокуратура органдарынын кызматкерлери толугу менен окутулду. “Электрондук иш” долбоорунун алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, 80 процессуалдык жана башка документтер система аркылуу генерацияланып, иштин материалдарына тиркелүүдө. Кошумчалай кетсек, бул иштер президенттин “2024-2028-жылдарга санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгынын талаптарын аткаруу жана укук коргоо органдарынын санариптештирүү багытын өнүктүрүү, кылмыш иштер жана тергөөгө чейинки материалдарды электрондук-санариптик формада жүзөгө ашыруу максатында аткарылууда.
Бубусара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети “улуттук” макамын алды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгонун университеттин фейсбук баракчасында жазылат. Маалыматка ылайык, макам окуу жайдын өзгөчө позициясы жана өлкөнүн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Белгилей кетсек, макамга ээ болуу менен университеттин ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну жакшыртуу боюнча каржылоону жана башка чараларды, анын ичинде анын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну билдирет.
Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Катар менен беттешет Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келген оозу бек күйөрмандарга ооз ачар уюштурулган. Аларга баштыктарга салынган тамак таратылууда. Футболдук беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында болмокчу. Оюн саат 20:00дө башталат.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия менен АКШнын Эр-Рияддагы жолугушуусунун айрым жагдайларын ачыктаганын РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, сүйлөшүүлөр 24-мартта өтүп, 12 саатка созулган. Делегациялар бул арада үч жолу тыныгууга чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасалат делгени менен кийинчерээк маалымат берилбей турганы кабарланган. Лавров сүйлөшүүдө негизинен Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугу боюнча маселелер талкууланганын билдирди. Министр маек куруп жатып азыркы кырдаалга да баасын берген.АКШ Киевди терактылардан, жарандык объектилерге кол салуудан Вашингтон гана баш тарттыра аларын жакшы түшүнөт; экс-президент Жо Байден Россияны укпай, Украинаны НАТОго кошууга далалаттанып, Москвага кооптуулук жаратты. Ушунусу менен чоң ката кетирди; Европа өлкөлөрүнүн жардамы болбосо Украина эбак эле жеңилүүгө дуушар болмок. Лондон менен Париж Киевди куралга шыкоо жагынан лидер болууда;
Бишкек шаарынын укук коргоо органдарында жазуу (кагаз) түрүндөгү кылмыш иштери менен кошо “Электрондук иш” пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү жана прокуратура органдарынын кызматкерлери толугу менен окутулду. “Электрондук иш” долбоорунун алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, 80 процессуалдык жана башка документтер система аркылуу генерацияланып, иштин материалдарына тиркелүүдө. Кошумчалай кетсек, бул иштер президенттин “2024-2028-жылдарга санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгынын талаптарын аткаруу жана укук коргоо органдарынын санариптештирүү багытын өнүктүрүү, кылмыш иштер жана тергөөгө чейинки материалдарды электрондук-санариптик формада жүзөгө ашыруу максатында аткарылууда.Бубусара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети “улуттук” макамын алды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койгонун университеттин фейсбук баракчасында жазылат. Маалыматка ылайык, макам окуу жайдын өзгөчө позициясы жана өлкөнүн маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Белгилей кетсек, макамга ээ болуу менен университеттин ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну жакшыртуу боюнча каржылоону жана башка чараларды, анын ичинде анын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну билдирет.Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Катар менен беттешет Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келген оозу бек күйөрмандарга ооз ачар уюштурулган. Аларга баштыктарга салынган тамак таратылууда. Футболдук беттеш 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында болмокчу. Оюн саат 20:00дө башталат. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия менен АКШнын Эр-Рияддагы жолугушуусунун айрым жагдайларын ачыктаганын РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, сүйлөшүүлөр 24-мартта өтүп, 12 саатка созулган. Делегациялар бул арада үч жолу тыныгууга чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгы менен биргелешкен билдирүү жасалат делгени менен кийинчерээк маалымат берилбей турганы кабарланган. Лавров сүйлөшүүдө негизинен Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугу боюнча маселелер талкууланганын билдирди. Министр маек куруп жатып азыркы кырдаалга да баасын берген.АКШ Киевди терактылардан, жарандык объектилерге кол салуудан Вашингтон гана баш тарттыра аларын жакшы түшүнөт; экс-президент Жо Байден Россияны укпай, Украинаны НАТОго кошууга далалаттанып, Москвага кооптуулук жаратты. Ушунусу менен чоң ката кетирди; Европа өлкөлөрүнүн жардамы болбосо Украина эбак эле жеңилүүгө дуушар болмок. Лондон менен Париж Киевди куралга шыкоо жагынан лидер болууда;
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/19/1092879585_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_77bb2833866f29b8459c8eeca187c5b8.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио