https://sputnik.kg/20250325/1092875263.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда президентке... 25.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-25T17:00+0600
2025-03-25T17:00+0600
2025-03-25T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/19/1092875131_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f13cf51e047fc025be7349094ba623f2.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда президентке шаардын транспортун өнүктүрүү стратегиясы тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, быйыл жалпы узундугу 42 чакырымдык сегиз негизги жолду реконструкциялоо пландаштырылууда."Манас" аэропортуна кеткен жол реконструкцияланып, төрт жаңы автожол, анын ичинде Жибек Жолунун "дублеру" курулуп, Аламүдүн дарыясына үч көпүрө салынат. Мындан тышкары, экологиялык стандартка жооп берген 250 автобус алуу мерчемделүүдө. Коомдук транспортту модернизациялоонун жалпы бюджети 8,2 миллиард сом", — деп айтылат маалыматта. Президент каналдардын жээктерин жакшыртуу иштерин тездетүүнү тапшырды. Ал ошондой эле жолдорду курууга 4,5 миллиард сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлгөнү кошумчаланды.
2025-жылы Бишкекте жалпы узундугу 42 чакырымды түзгөн 8 негизги жолду комплекстүү реконструкциялоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев президент менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, “Манас” аэропортуна баруучу жол реконструкцияланып, буга катар төрт жаңы автожол, анын ичинде Жибек-Жолу проспектиси сыяктуу жол жана Аламүдүн дарыясынан өтүүчү үч көпүрө курулат. Ал эми президент Садыр Жапаров шаардын дарыялары менен каналдарынын жээк тилкелерин жакшыртуу боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле жолугушууда мамлекет башчысы жол долбоорлорун ишке ашырууга 4,5 млрд сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлгөндүгү маалым болду.
Бишкек шаарынын бюджети 2024-жылы 36,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Джунушалиев президенттин кабыл алуусунда билдирди. Анын айтымында, бул мурдагы мезгилдин көрсөткүчүнөн 1,7 эсе көп. “Жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларынан ашкан инвестициялык келишимдер түзүлдү”, - деди Жунушалиев. Андан тышкары, калаа башчысы инфратүзүм тармагындагы долбоорлор, анын ичинде жалпы инвестициянын көлөмү 3,1 млрд долларды түзгөн турак жай комплексин куруу жөнүндө да айтып берди.
УКМК чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдаган каналды аныктап, кылмышка шектүү катары Пакистандын жараны кармалганын кабарлады. Маалыматта анын 14 мекендешинин ишенимине кирип тиешелүү документтердин баарын берүүнү убадалаганы айтылат. "Шектүү 17 жылдан бери Кыргызстанда жашап келген, бул абалын ал өлкөдө тиешелүү байланыштары бар экенин жана мекендештерине электрондук виза (E-Visa) бере аларын ырастоо үчүн колдонуп, жабырлануучулардан 1 миллион сомдон ашуун акча алган", — деп жазылган билдирүүдө. Факт боюнча 18-март күнү кылмыш иши козголуп, 379 ("Документтерди жасалмалоо") жана 209-беренелердин ("Алдамчылык") негизинде шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар тараптарды жана ушул сыяктуу учурларды аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды.
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда президентке шаардын транспортун өнүктүрүү стратегиясы тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, быйыл жалпы узундугу 42 чакырымдык сегиз негизги жолду реконструкциялоо пландаштырылууда."Манас" аэропортуна кеткен жол реконструкцияланып, төрт жаңы автожол, анын ичинде Жибек Жолунун "дублеру" курулуп, Аламүдүн дарыясына үч көпүрө салынат. Мындан тышкары, экологиялык стандартка жооп берген 250 автобус алуу мерчемделүүдө. Коомдук транспортту модернизациялоонун жалпы бюджети 8,2 миллиард сом", — деп айтылат маалыматта. Президент каналдардын жээктерин жакшыртуу иштерин тездетүүнү тапшырды. Ал ошондой эле жолдорду курууга 4,5 миллиард сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлгөнү кошумчаланды.2025-жылы Бишкекте жалпы узундугу 42 чакырымды түзгөн 8 негизги жолду комплекстүү реконструкциялоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев президент менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, “Манас” аэропортуна баруучу жол реконструкцияланып, буга катар төрт жаңы автожол, анын ичинде Жибек-Жолу проспектиси сыяктуу жол жана Аламүдүн дарыясынан өтүүчү үч көпүрө курулат. Ал эми президент Садыр Жапаров шаардын дарыялары менен каналдарынын жээк тилкелерин жакшыртуу боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле жолугушууда мамлекет башчысы жол долбоорлорун ишке ашырууга 4,5 млрд сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 миллион сом бөлгөндүгү маалым болду.Бишкек шаарынын бюджети 2024-жылы 36,5 млрд сомго жетти. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Джунушалиев президенттин кабыл алуусунда билдирди. Анын айтымында, бул мурдагы мезгилдин көрсөткүчүнөн 1,7 эсе көп. “Жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларынан ашкан инвестициялык келишимдер түзүлдү”, - деди Жунушалиев. Андан тышкары, калаа башчысы инфратүзүм тармагындагы долбоорлор, анын ичинде жалпы инвестициянын көлөмү 3,1 млрд долларды түзгөн турак жай комплексин куруу жөнүндө да айтып берди.УКМК чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдаган каналды аныктап, кылмышка шектүү катары Пакистандын жараны кармалганын кабарлады. Маалыматта анын 14 мекендешинин ишенимине кирип тиешелүү документтердин баарын берүүнү убадалаганы айтылат. "Шектүү 17 жылдан бери Кыргызстанда жашап келген, бул абалын ал өлкөдө тиешелүү байланыштары бар экенин жана мекендештерине электрондук виза (E-Visa) бере аларын ырастоо үчүн колдонуп, жабырлануучулардан 1 миллион сомдон ашуун акча алган", — деп жазылган билдирүүдө. Факт боюнча 18-март күнү кылмыш иши козголуп, 379 ("Документтерди жасалмалоо") жана 209-беренелердин ("Алдамчылык") негизинде шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар тараптарды жана ушул сыяктуу учурларды аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/19/1092875131_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_749fee49764a6daff2d38a67471b7907.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио