00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
50 жашка чейинки кыргызстандыктарга маалым каттар кагаз түрүндө берилбей калышы мүмкүн. Бул тууралуу Аяз Баетов мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу боюнча "Ынтымак ордодо" өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, алар "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук маалым кат алса болот."Жарандар үчүн бул "шок" болушу ыктымал, бирок санариптештирүүгө акыры өтүшүбүз керек" — деди ал. Баетов санариптештирүү, бюрократизацияны жоюунун алкагында мамлекеттик органдардын бири-биринен маалымат сураган учуру да жоюларын белгиледи. Эске салсак, өлкөдө жарым жылдын ичинде мамлекеттик башкарууну реформалоо пландалууда. Анын негизинде юстиция министри Аяз Баетов минкаб төрагасынын орун басары даражасында Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун (СДУИ) директору болгон.
Жыл башынан бери өлкөдө 1300дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 110 адамдын өмүрү кыйылган. Бул тууралуу Жол милициясынын маалымат катчысы Байказы Айткул уулу "Биринчи радиого" билдирген. Каргашадан 2000ге жакын адам жабыркаган. "Өткөн жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Бирок өтө оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктары азайып жатат. Айып пулдар көтөрүлүп, айдоочуларга чара күчөтүлгөнү менен жол эрежесинин бузулушу курч көйгөй бойдон калууда", — деди Айткул уулу. Анын айтымында, каргаша көбүнчө катуу айдагандардын, аралыкты сактабагандардын, алдыдагы унаадан озуп өтүп, мас абалында рулга отургандардын айынан болууда. Жол кырсыктарынын 38%ы — жолдо бараткандарды сүзүп кеткен учурлар. "Бул жерде жүргүнчүлөрдүн дагы айыбы бар, жолдон чуркап чыккандар, коомдук транспортту күтүп жатып аялдамадан чыга койгондор да кырсыкка себепкер болушат", — деди Айткул уулу.
Ош шаарында эски көрүстөндөрдүн ордун коомдук максатта кайра пайдалануу үчүн рекультивациялоо иштери "Ак көрдөн" башталды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган жай Шакиров көчөсүндө жайгашкан. Бул жерди коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдаланууну чечишкен. Алгач жалпы маркумдарга куран окулуп, курмандык чалынган. Тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында "Астон Вилла" футболдук клубунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов билдирди. Жолугушууда Кыргызстандын машыктыруучулар курамын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, жаштар жана балдар футболун өнүктүрүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу маселелери талкууланган. Ташиев биргелешкен машыгууларды, жолдоштук беттештерди өткөрүү, келечекте футболчулар менен алмашуу программалары боюнча оюн ортого салды.КФБ президенти "Астон Вилла" менен кызматташуу кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына токтолгон. Англиялык клубдун өкүлдөрү биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даярдыгын айтышты. Эскерте кетсек, "Астон Вилла" Англия премьер-лигасынын учурдагы сезонунда 9-орунду ээлеп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0