https://sputnik.kg/20250324/1092854508.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасы Маданият министрлигинде 913 млн. сомдук мыйзам бузууну аныкталды"Россияга каршы даярдалган нацисттер". Лавров Киевдин азыркы жетекчилиги тууралуу... 24.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-24T19:00+0600
2025-03-24T19:00+0600
2025-03-24T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/18/1092854376_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3c7055b348609eca7bfd520abd3460e6.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Эсеп палатасы Маданият министрлигинде 913 млн. сомдук мыйзам бузууну аныкталды"Россияга каршы даярдалган нацисттер". Лавров Киевдин азыркы жетекчилиги тууралуу айттыКыргыз сому өзүбүздө чыгарыла баштады. Жапаров "Учкундун" ишин көрүп чыктыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров "Учкун" ачык акционердик коомуна барып, анын ишмердүүлүгүн көрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, мамлекет башчынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишкана модернизацияланган. Паспортторду, акциздик маркаларды жана окуу адабияттарын чыгаруу үчүн заманбап басма орнотмолору сатып алынып, инфратүзүм жаңыртылган. Бул өз кезегинде өндүрүштү күчөтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачты.Маалыматта 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 770 103 паспорт, анын ичинде 359 221 жалпы жарандык паспорт жана 410 882 ID-карта чыгарганы айтылат. Ошондой эле миллионго жакын нуска китеп басылган. Компаниянын салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 278 млн сомдон ашты.Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарыларын, бул Бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Турганбаев "Учкунда" чыгарылган жаңы кыргыз сому жасалма акча жасоодон корголгон эң алдыңкы дүйнөлүк стандарттарына жооп берип, улуттук валютанын ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларын айтты", — деп жазылган кабарда.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде 913 миллион сомдук каржылык эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы кабарлады. Маалыматка караганда, аудит 2022-2023-жылдарга карата бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн. Анда процедуралык эреже бузуу 509 168,8 миң сомду, каржылык эреже бузуу 403 993,9 миң сомду түзгөн. "Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миллион сомдун ичинен 33,5 миллион сому максатсыз сарпталган. Ал эми 62,9 миллион сомдук мүлк жана товарлар бухгалтердик баланска киргизилбей калган. Финансылык документтерди туура эмес жүргүзүү жана дебитордук карыздарды жашырууда 29 миллион 261,4 миң сом ачыкка чыккан. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар 84,4 миллион сомго тиешелүү жол-жоболорсуз жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Аудиттин жүрүшүндө 120 миллион сомдой каражат калыбына келтирилиши зарыл экени аныкталып, 56,7 миллион сому кайтарылганы кошумчаланды.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев бийлигин Европаны Россияга каршы согушка бурууга атайылап даярдалган нацисттер деп атады. А.М.Горчаков атындагы Элдик дипломатияны колдоо фондунун камкорчулар кеңешинин жыйынында сүйлөгөн министр Москва Украинаны денацификациялоо милдетинен баш тартпай турганын айтты. "Орус маданиятын, тилин, ЖМКсын, православиесин мыйзам чегинде жок кылып жаткан Киев режиминин көзөмөлүндөгү мамлекетти денацификациялоону көз жаздымда калтырбайбыз... Бул бүтүндөй Европаны Россияга каршы согушка буруу үчүн атайылап даярдалган нацисттер", — деди Лавров. Министр Украинада оруска байланыштуу нерсенин баарын жокко чыгаруу БУУ Уставы менен Киевдин эл аралык милдеттемелеринин бузулушу экенин белгилеген. Лавровдун айтымында, буга Европа мамлекеттери шыкакчы болууда.
АБА ЫРАЙЫ25-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 25-март, шейшембиде күндүз тоолуу райондорго кар түшүп, өрөөндөргө жаан жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу болушу күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында +7...+12 градус жылуу болот. Борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз түшкө чейин жаан жаап, +9...+11 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 90 тыйынгаевро 93 сом 34 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда
Эсеп палатасы Маданият министрлигинде 913 млн. сомдук мыйзам бузууну аныкталды"Россияга каршы даярдалган нацисттер". Лавров Киевдин азыркы жетекчилиги тууралуу айттыКыргыз сому өзүбүздө чыгарыла баштады. Жапаров "Учкундун" ишин көрүп чыктыАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров "Учкун" ачык акционердик коомуна барып, анын ишмердүүлүгүн көрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, мамлекет башчынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишкана модернизацияланган. Паспортторду, акциздик маркаларды жана окуу адабияттарын чыгаруу үчүн заманбап басма орнотмолору сатып алынып, инфратүзүм жаңыртылган. Бул өз кезегинде өндүрүштү күчөтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачты.Маалыматта 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 770 103 паспорт, анын ичинде 359 221 жалпы жарандык паспорт жана 410 882 ID-карта чыгарганы айтылат. Ошондой эле миллионго жакын нуска китеп басылган. Компаниянын салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 278 млн сомдон ашты.Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарыларын, бул Бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Турганбаев "Учкунда" чыгарылган жаңы кыргыз сому жасалма акча жасоодон корголгон эң алдыңкы дүйнөлүк стандарттарына жооп берип, улуттук валютанын ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларын айтты", — деп жазылган кабарда. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде 913 миллион сомдук каржылык эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы кабарлады. Маалыматка караганда, аудит 2022-2023-жылдарга карата бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн. Анда процедуралык эреже бузуу 509 168,8 миң сомду, каржылык эреже бузуу 403 993,9 миң сомду түзгөн. "Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 300 миллион сомдун ичинен 33,5 миллион сому максатсыз сарпталган. Ал эми 62,9 миллион сомдук мүлк жана товарлар бухгалтердик баланска киргизилбей калган. Финансылык документтерди туура эмес жүргүзүү жана дебитордук карыздарды жашырууда 29 миллион 261,4 миң сом ачыкка чыккан. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар 84,4 миллион сомго тиешелүү жол-жоболорсуз жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Аудиттин жүрүшүндө 120 миллион сомдой каражат калыбына келтирилиши зарыл экени аныкталып, 56,7 миллион сому кайтарылганы кошумчаланды.РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Киев бийлигин Европаны Россияга каршы согушка бурууга атайылап даярдалган нацисттер деп атады. А.М.Горчаков атындагы Элдик дипломатияны колдоо фондунун камкорчулар кеңешинин жыйынында сүйлөгөн министр Москва Украинаны денацификациялоо милдетинен баш тартпай турганын айтты. "Орус маданиятын, тилин, ЖМКсын, православиесин мыйзам чегинде жок кылып жаткан Киев режиминин көзөмөлүндөгү мамлекетти денацификациялоону көз жаздымда калтырбайбыз... Бул бүтүндөй Европаны Россияга каршы согушка буруу үчүн атайылап даярдалган нацисттер", — деди Лавров. Министр Украинада оруска байланыштуу нерсенин баарын жокко чыгаруу БУУ Уставы менен Киевдин эл аралык милдеттемелеринин бузулушу экенин белгилеген. Лавровдун айтымында, буга Европа мамлекеттери шыкакчы болууда.АБА ЫРАЙЫ25-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 25-март, шейшембиде күндүз тоолуу райондорго кар түшүп, өрөөндөргө жаан жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу болушу күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында +7...+12 градус жылуу болот. Борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз түшкө чейин жаан жаап, +9...+11 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы +14...+16 градуска чейин көтөрүлөт. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 90 тыйынгаевро 93 сом 34 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/18/1092854376_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8012a9c9ab4844bb2cb68c73faf7a29a.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио