https://sputnik.kg/20250323/1092819624.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди. Каражатка шаардын 11 көчөсү тротуарлары... 23.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-23T08:59+0600
2025-03-23T08:59+0600
2025-03-23T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/17/1092819492_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0eb422d5f09d9c00203e1776e5bf5388.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди. Каражатка шаардын 11 көчөсү тротуарлары, жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле эскилиги жеткен жол оңдоочу техниканын ордуна жаңысы сатып алынат. "Ал эми жалпы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүндү. Бул каражатка аймактагы үч стратегиялык автожол: Өзгөн — Мырзаке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков автожолунун Ноокат — Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош — Кара-Суу автожолу оңдолмокчу", — деди өлкө башчы.
Өлкөдө жазгы талаа иштеринин 10 пайызы аяктады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Министрдин айтымында, аймактарда жер айдоо, үрөн себүү жана техника менен камсыздоо иштери өз графигине ылайык жүрүп жатат. “Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жазгы талаа жумуштары 400 миң гектар жерге план коюлган болсо, азыр анын 40 миң гектар жеринде үрөн себүү иштери аяктады. Жалпысынан жазгы талаа жумуштарынын 10 пайызы аткарылды. Айрыкча Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иштер жигердүү жүрүүдө. Нарын жана Талас облустарында азырынча баштала элек, бирок алар жазгы талаа иштерине толук даяр. Дыйкандарга бардык деңгээлде көмөк көрсөтүлүүдө, техника жана үрөн маселесинде мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатат", — деди Бакыт Төрөбаев. Ал белгилегендей, аймактарга күйүүчү май жеткирүү, минералдык жер семирткичтерди бөлүштүрүү жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча иштер да өз убагында уюштурулган.
Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев 12 жылдык билим берүү тутумуна даярдыктар тууралуу айтты. Учурда 12 жылдык билим берүү жаатында мамлекеттик стандарт кабыл алынды. Эми предметтик стандарттарды кабыл алуу боюнча иш жүрүүдө.Анын айтымында, учурда окумуштуулар, Билим берүү академиясы окуу программаларын даярдоонун үстүндө иштеп жатышат. "Жылына 1-класска 120-130 миңдин тегерегинде бала кабыл алынчу. Ал эми биздин эсептөөбүз боюнча, быйыл 200 миңге жакын бала келет. 1-класста оюн тибиндеги таанып-билүү сабактары көп болот. Буга социалдаштыруу, коомдо өзүн алып жүрүү, тазалык, адептүүлүккө, мамиле курууга үйрөтүү камтылган. Ал эми негизги мектептеги 2-баскычта илим сабагы киргизилет", — деди Козуев. Ал бардыгы эле класстан класска секире бербей турганын жана бул маселе такталып жатканын билдирди.Ал СТЕМ багытындагы тренерлер да жер-жерлерге барып, сабакка жолтоо болбой мугалимдерди окутуп жатканын кошумчалады.
Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди. Каражатка шаардын 11 көчөсү тротуарлары, жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле эскилиги жеткен жол оңдоочу техниканын ордуна жаңысы сатып алынат. "Ал эми жалпы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүндү. Бул каражатка аймактагы үч стратегиялык автожол: Өзгөн — Мырзаке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков автожолунун Ноокат — Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош — Кара-Суу автожолу оңдолмокчу", — деди өлкө башчы. Өлкөдө жазгы талаа иштеринин 10 пайызы аяктады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Министрдин айтымында, аймактарда жер айдоо, үрөн себүү жана техника менен камсыздоо иштери өз графигине ылайык жүрүп жатат. “Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жазгы талаа жумуштары 400 миң гектар жерге план коюлган болсо, азыр анын 40 миң гектар жеринде үрөн себүү иштери аяктады. Жалпысынан жазгы талаа жумуштарынын 10 пайызы аткарылды. Айрыкча Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иштер жигердүү жүрүүдө. Нарын жана Талас облустарында азырынча баштала элек, бирок алар жазгы талаа иштерине толук даяр. Дыйкандарга бардык деңгээлде көмөк көрсөтүлүүдө, техника жана үрөн маселесинде мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатат", — деди Бакыт Төрөбаев. Ал белгилегендей, аймактарга күйүүчү май жеткирүү, минералдык жер семирткичтерди бөлүштүрүү жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча иштер да өз убагында уюштурулган. Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев 12 жылдык билим берүү тутумуна даярдыктар тууралуу айтты. Учурда 12 жылдык билим берүү жаатында мамлекеттик стандарт кабыл алынды. Эми предметтик стандарттарды кабыл алуу боюнча иш жүрүүдө.Анын айтымында, учурда окумуштуулар, Билим берүү академиясы окуу программаларын даярдоонун үстүндө иштеп жатышат. "Жылына 1-класска 120-130 миңдин тегерегинде бала кабыл алынчу. Ал эми биздин эсептөөбүз боюнча, быйыл 200 миңге жакын бала келет. 1-класста оюн тибиндеги таанып-билүү сабактары көп болот. Буга социалдаштыруу, коомдо өзүн алып жүрүү, тазалык, адептүүлүккө, мамиле курууга үйрөтүү камтылган. Ал эми негизги мектептеги 2-баскычта илим сабагы киргизилет", — деди Козуев. Ал бардыгы эле класстан класска секире бербей турганын жана бул маселе такталып жатканын билдирди.Ал СТЕМ багытындагы тренерлер да жер-жерлерге барып, сабакка жолтоо болбой мугалимдерди окутуп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/17/1092819492_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_39efe7666f781e8f5a21b90336fc6c5e.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио