https://sputnik.kg/20250322/1092811888.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жазгы талаа иштеринин 10 пайызы аяктады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун... 22.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-22T15:00+0600
2025-03-22T15:00+0600
2025-03-22T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092811756_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_85afdc1dc3a20e419cacf391d4a1596e.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жазгы талаа иштеринин 10 пайызы аяктады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Министрдин айтымында, аймактарда жер айдоо, үрөн себүү жана техника менен камсыздоо иштери өз графигине ылайык жүрүп жатат.Ал белгилегендей, аймактарга күйүүчү май жеткирүү, минералдык жер семирткичтерди бөлүштүрүү жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча иштер да өз убагында уюштурулган. "Мындан сырткары, дыйкандарга кайсыл продукту өндүрүү боюнча, ал продуктуну кайсыл жактарга сатуу керектиги боюнча дагы маалыматтар берилип жатат",- министр.
Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев 12 жылдык билим берүү тутумуна даярдыктар тууралуу айтты. Учурда 12 жылдык билим берүү жаатында мамлекеттик стандарт кабыл алынды. Эми предметтик стандарттарды кабыл алуу боюнча иш жүрүүдө.Анын айтымында, учурда окумуштуулар, Билим берүү академиясы окуу программаларын даярдоонун үстүндө иштеп жатышат."Жылына 1-класска 120-130 миңдин тегерегинде бала кабыл алынчу. Ал эми биздин эсептөөбүз боюнча, быйыл 200 миңге жакын бала келет.", — деди Козуев. Ал бардыгы эле класстан класска секире бербей турганын жана бул маселе такталып жатканын билдирди.Ал СТЕМ багытындагы тренерлер да жер-жерлерге барып, сабакка жолтоо болбой мугалимдерди окутуп жатканын кошумчалады.
Кыргызстандык киши Вьетнамда эс-учун жоготкон тейде табылып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, 50 жаштагы кыргызстандык 19-мартта Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, медициналык жайга жеткирилген. "Алган жарааты күчөп кеткен, азыр абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы ооруканага көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат", — деп айтылат маалыматта. Окуя дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө экенин кошумчалашты.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Европа биримдигинин саммитинде европалык лидерлердин жүзүнөн Украинанын жаңжалда жеңилгенин сезип турушканын байкаганын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал Украинанын Евробиримдикке кабыл алынышы боюнча кырдаалга "анча жакшы эмес, бирок жакшырууда" деп баа берген. Орбандын айтымында, убакыттын өтүшү менен бүтүндөй коомчулук Киевдин ЕБге кошулуусу европалык экономиканын кыйрашына алып келерин түшүнөт. Буга чейин Орбан Брюссель Украинанын 2030-жылга чейин Евробиримдикке мүчө болушун каалай турганын, чечүүчү сөз Венгрияда экенин, бирок өлкөнүн уюмга кириши Венгриянын экономикасын талкалай турганын билдирген. Анын айтымында, Евробиримдик Украинага жардам бергиси келбейт, аны колониялаштырууну көздөп, Киевди жаңжалды улантууга мажбурлайт.
Өлкөдө жазгы талаа иштеринин 10 пайызы аяктады. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Министрдин айтымында, аймактарда жер айдоо, үрөн себүү жана техника менен камсыздоо иштери өз графигине ылайык жүрүп жатат.Ал белгилегендей, аймактарга күйүүчү май жеткирүү, минералдык жер семирткичтерди бөлүштүрүү жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча иштер да өз убагында уюштурулган. "Мындан сырткары, дыйкандарга кайсыл продукту өндүрүү боюнча, ал продуктуну кайсыл жактарга сатуу керектиги боюнча дагы маалыматтар берилип жатат",- министр.Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев 12 жылдык билим берүү тутумуна даярдыктар тууралуу айтты. Учурда 12 жылдык билим берүү жаатында мамлекеттик стандарт кабыл алынды. Эми предметтик стандарттарды кабыл алуу боюнча иш жүрүүдө.Анын айтымында, учурда окумуштуулар, Билим берүү академиясы окуу программаларын даярдоонун үстүндө иштеп жатышат."Жылына 1-класска 120-130 миңдин тегерегинде бала кабыл алынчу. Ал эми биздин эсептөөбүз боюнча, быйыл 200 миңге жакын бала келет.", — деди Козуев. Ал бардыгы эле класстан класска секире бербей турганын жана бул маселе такталып жатканын билдирди.Ал СТЕМ багытындагы тренерлер да жер-жерлерге барып, сабакка жолтоо болбой мугалимдерди окутуп жатканын кошумчалады.Кыргызстандык киши Вьетнамда эс-учун жоготкон тейде табылып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, 50 жаштагы кыргызстандык 19-мартта Нячанг шаарындагы мейманканалардын биринен эс-учун жоготкон абалда табылып, медициналык жайга жеткирилген. "Алган жарааты күчөп кеткен, азыр абалы туруксуз. Хошимин шаарындагы ооруканага көчүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жергиликтүү органдар менен кызматташып, жабыркаган жаранга керектүү жардамды көрсөтүп жатат", — деп айтылат маалыматта. Окуя дипломатиялык өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө экенин кошумчалашты.Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Европа биримдигинин саммитинде европалык лидерлердин жүзүнөн Украинанын жаңжалда жеңилгенин сезип турушканын байкаганын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ал Украинанын Евробиримдикке кабыл алынышы боюнча кырдаалга "анча жакшы эмес, бирок жакшырууда" деп баа берген. Орбандын айтымында, убакыттын өтүшү менен бүтүндөй коомчулук Киевдин ЕБге кошулуусу европалык экономиканын кыйрашына алып келерин түшүнөт. Буга чейин Орбан Брюссель Украинанын 2030-жылга чейин Евробиримдикке мүчө болушун каалай турганын, чечүүчү сөз Венгрияда экенин, бирок өлкөнүн уюмга кириши Венгриянын экономикасын талкалай турганын билдирген. Анын айтымында, Евробиримдик Украинага жардам бергиси келбейт, аны колониялаштырууну көздөп, Киевди жаңжалды улантууга мажбурлайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092811756_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fbf17bff42624f455bbceca872811c58.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио