https://sputnik.kg/20250322/1092809017.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Кыргызстанда 128 ишкана ишке берилерин президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, тизмеге Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп... 22.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-22T13:00+0600
2025-03-22T13:00+0600
2025-03-22T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092808885_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_868a226eac6fb0cd2f689994692131ea.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылы Кыргызстанда 128 ишкана ишке берилерин президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, тизмеге Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтер, Чүйдөгү жаңы логистикалык борбор, республика боюнча курулуш материалдарын чыгарган ишканалар, Бишкектеги заманбап автобекет менен жаңы "Ош" базары кирет. "Ошентип быйыл жалпы 128 ишкананы ишке киргизебиз деп турабыз. Урматтуу мекендештер, жогоруда мен алардын айрымдарын гана атап өттүм, бул долбоорлор жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз сыяктуу жалпы аракетибиздин жана жаркын келечекке болгон умтулуубуздун жыйынтыгы болот", — деди Жапаров.
Президент Садыр Жапаров Ош базарын шаардын сыртындагы жаңы жайга көчүрүп, азыркы базардын ордун сейил бакка айландыруу тапшырмасын койгон. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, жаңы "Ош базары" – аэропортко кетип жаткандагы жолдун боюна курулууда. Инфраструктурасы толугу менен жаңыртылган, ыңгайлуу жана заманбап соода борбору болот. Азыркы Ош базарга караганда аянты 4-5 эсеге чоң. "Ош базары 1983-жылы расмий негизделгенден бери шаардыктарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келет. Бирок учурда базардын инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп бербей, соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн ыңгайсыз. Жайында ысык, кышында суук, кардан, жамгырдан коргогог эч шарты жок. Жаңы базар жабык, жайында кондиционер, кышында жылуу болот. Азыркы базар, шаардагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири деп айтсам дагы болот. Ал эми жаңы соода комплексинин курамына ар кандай дүкөндөр, соода павильондору, кафелер, унаа токтотуучу жайлар жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар кирет. Калганын ушул базарды куруп жаткан президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин оозунан угасыздар", - деп жазды ал.
Түркиянын Стамбул жана Анкара калааларында саясатчы Экрем Имамоглун колдоп, бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан эл менен полиция кызматкерлери кагышып кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгондор билдиргенин РИА Новости жазды. Алардын айтымында, тартип сактоочулар көздү ачыштырып, дем алууну оорлоткон баллончолорду колдонушкан. Муну менен катар эле оппозициядагы Элдик Республикалык партиянын лидери Өзгүр Озел митингде сүйлөп жатып, полиция кызматкерлерин мындай кадамга барбоого чакырган.РИА Новостинин кабарчысы Анкарада жаш активисттер, негизинен студенттер темир жол баррикадаларын талкалагандыгын билдирди. Озелдин айтымында, Стамбулдагы бул күнкү митингге 300 миңге чукул киши келген. Азырынча жабырлангандар боюнча маалымат жок. Эл акцияны бүгүн да улантууга камынып турушат.Кечээ Имамоглун колдогон демонстрациялар Анкара менен Стамбул шаарларында өткөн. Бир катар ЖМКлар полиция желим ок менен элди карай атканын жазып, бирок президент Режеп Тайип Эрдогандын администрациясы муну четке каккан. ИИМ 16 тартип сакчы жабырланганын билдирген.
2025-жылы Кыргызстанда 128 ишкана ишке берилерин президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, тизмеге Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтер, Чүйдөгү жаңы логистикалык борбор, республика боюнча курулуш материалдарын чыгарган ишканалар, Бишкектеги заманбап автобекет менен жаңы "Ош" базары кирет. "Ошентип быйыл жалпы 128 ишкананы ишке киргизебиз деп турабыз. Урматтуу мекендештер, жогоруда мен алардын айрымдарын гана атап өттүм, бул долбоорлор жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз сыяктуу жалпы аракетибиздин жана жаркын келечекке болгон умтулуубуздун жыйынтыгы болот", — деди Жапаров.Президент Садыр Жапаров Ош базарын шаардын сыртындагы жаңы жайга көчүрүп, азыркы базардын ордун сейил бакка айландыруу тапшырмасын койгон. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, жаңы "Ош базары" – аэропортко кетип жаткандагы жолдун боюна курулууда. Инфраструктурасы толугу менен жаңыртылган, ыңгайлуу жана заманбап соода борбору болот. Азыркы Ош базарга караганда аянты 4-5 эсеге чоң. "Ош базары 1983-жылы расмий негизделгенден бери шаардыктарга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келет. Бирок учурда базардын инфраструктурасы заманбап талаптарга жооп бербей, соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн ыңгайсыз. Жайында ысык, кышында суук, кардан, жамгырдан коргогог эч шарты жок. Жаңы базар жабык, жайында кондиционер, кышында жылуу болот. Азыркы базар, шаардагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири деп айтсам дагы болот. Ал эми жаңы соода комплексинин курамына ар кандай дүкөндөр, соода павильондору, кафелер, унаа токтотуучу жайлар жана башка кызмат көрсөтүүчү жайлар кирет. Калганын ушул базарды куруп жаткан президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин оозунан угасыздар", - деп жазды ал.Түркиянын Стамбул жана Анкара калааларында саясатчы Экрем Имамоглун колдоп, бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан эл менен полиция кызматкерлери кагышып кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгондор билдиргенин РИА Новости жазды. Алардын айтымында, тартип сактоочулар көздү ачыштырып, дем алууну оорлоткон баллончолорду колдонушкан. Муну менен катар эле оппозициядагы Элдик Республикалык партиянын лидери Өзгүр Озел митингде сүйлөп жатып, полиция кызматкерлерин мындай кадамга барбоого чакырган.РИА Новостинин кабарчысы Анкарада жаш активисттер, негизинен студенттер темир жол баррикадаларын талкалагандыгын билдирди. Озелдин айтымында, Стамбулдагы бул күнкү митингге 300 миңге чукул киши келген. Азырынча жабырлангандар боюнча маалымат жок. Эл акцияны бүгүн да улантууга камынып турушат.Кечээ Имамоглун колдогон демонстрациялар Анкара менен Стамбул шаарларында өткөн. Бир катар ЖМКлар полиция желим ок менен элди карай атканын жазып, бирок президент Режеп Тайип Эрдогандын администрациясы муну четке каккан. ИИМ 16 тартип сакчы жабырланганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/16/1092808885_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9ead7c4d61ca6ced89bbd9865f07307c.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио