https://sputnik.kg/20250321/nooruz-zhaparov-kuttuktoo-chek-ara-1092789225.html
Журтума ырыскы, береке тилейм! Садыр Жапаров элди Нооруз майрамы менен куттуктады
Журтума ырыскы, береке тилейм! Садыр Жапаров элди Нооруз майрамы менен куттуктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-мар.— Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. 21.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-21T12:11+0600
2025-03-21T12:11+0600
2025-03-21T12:39+0600
кыргызстан
нооруз
ош
садыр жапаров
чек ара
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092790061_0:133:2048:1285_1920x0_80_0_0_f53eb9277ddd175ae100b250ead6fff2.jpg
БИШКЕК, 21-мар.— Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.Өлкө башчы быйыл майрамды Ош шаарында тосууда.Ал ошондой эле куттуктоо сөзүндө коңшу мамлекеттер менен такталган чек ара маселесине токтоло кетти."Коңшу Өзбекстан менен үч жыл мурун чек арабызды тактоого жетиштик эле, Тажикстан менен 1924-жылдан тарта, бир кылымдан бери жүрөк өйүтүп, чечилбей келе жаткан чек ара маселесине түбөлүккө чекит койдук. Төрт жыл ичинде чек аранын ой-чуңкурун жакшы билген адистер менен бел чечпей иштешип, жети өлчөп, бир кесип, акыры жөнгө салууга жетиштик. Албетте, ата-бабаларыбыздан бери медер тутуп мекендеген айрым жерлерибизди алмашуу оңойго турган жок. Ошентсе да эки мамлекеттин чек араны тактоо боюнча өкүлдөрү эки жактын кызыкчылыгын ортого салып, талашып-тартышып, кызыл чеке болуп отуруп, акыры кыргыз-тажик чек ара сызыгы такталып бүттү. Чек араларыбыздын толук такталышы Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен бүтүндүгүнүн чыңдалгандыгын айгинелеп турат", — деди президент.Жапаров 31-март күнү Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери үч мамлекеттин чек арасы кесилишкен жери боюнча ноталар менен алмашып, декларацияга кол коюларын кошумчалады. Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасын тактоодо көчүүгө туура келген Баткен аймагынын тургундарына мамлекет заманбап үйлөрдү салып берерин убадалады.
https://sputnik.kg/20250320/sadyr-zhaparov-osh-oblusu-zavod-1092772939.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/15/1092790061_234:115:1877:1347_1920x0_80_0_0_ce60f790fe300328dd2bf0f59ce04d3f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нооруз, ош, садыр жапаров, чек ара, куттуктоо
кыргызстан, нооруз, ош, садыр жапаров, чек ара, куттуктоо
БИШКЕК, 21-мар.— Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
Өлкө башчы быйыл майрамды Ош шаарында тосууда.
"Ата-бабаларыбыз күн менен түн теңелген Нооруз күнү элибиздин амандыгын, мал-жандын эсендигин, тынчтыкты тилеп, ырыскынын, токчулуктун майрамы катары карап, берекелүү күздө мол түшүм берүүнү суранышкан. Бүгүн мен ата-баба салтын улап, айланасы көрккө бөлөнгөн, береке, куту төгүлгөн ордолуу Ош шаарында жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчунда болсо да ар дайым жүрөгү мекен деп соккон мекендештеримди Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктап, жамы журтума молчулук, ыйман-ынсап, акыл-парасат, ырыскы, береке тилейм. Нооруз майрамыңыздар менен, кутман элим!" — деди Жапаров.
Ал ошондой эле куттуктоо сөзүндө коңшу мамлекеттер менен такталган чек ара маселесине токтоло кетти.
"Коңшу Өзбекстан менен үч жыл мурун чек арабызды тактоого жетиштик эле, Тажикстан менен 1924-жылдан тарта, бир кылымдан бери жүрөк өйүтүп, чечилбей келе жаткан чек ара маселесине түбөлүккө чекит койдук. Төрт жыл ичинде чек аранын ой-чуңкурун жакшы билген адистер менен бел чечпей иштешип, жети өлчөп, бир кесип, акыры жөнгө салууга жетиштик. Албетте, ата-бабаларыбыздан бери медер тутуп мекендеген айрым жерлерибизди алмашуу оңойго турган жок. Ошентсе да эки мамлекеттин чек араны тактоо боюнча өкүлдөрү эки жактын кызыкчылыгын ортого салып, талашып-тартышып, кызыл чеке болуп отуруп, акыры кыргыз-тажик чек ара сызыгы такталып бүттү. Чек араларыбыздын толук такталышы Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен бүтүндүгүнүн чыңдалгандыгын айгинелеп турат", — деди президент.
Жапаров 31-март күнү Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери үч мамлекеттин чек арасы кесилишкен жери боюнча ноталар менен алмашып, декларацияга кол коюларын кошумчалады. Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасын тактоодо көчүүгө туура келген Баткен аймагынын тургундарына мамлекет заманбап үйлөрдү салып берерин убадалады.
"Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы тынчтыктын, бейпилдиктин чек арасы, коңшулук ынак кызматташуунун чек арасы болот. Кыргыз-тажик-өзбек чек ара сызыгынын аныкталышын эл аралык уюмдар жана дүйнө коомчулугу тегиз кубаттоого алышкандыгын да баса белгилеп айта кетейин", — деди өлкө лидери.