00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
23:42
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
2025-жылы Кыргызстанда 128 ишкана ишке берилерин президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, тизмеге Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтер, Чүйдөгү жаңы логистикалык борбор, республика боюнча курулуш материалдарын чыгарган ишканалар, Бишкектеги заманбап автобекет менен жаңы "Ош" базары кирет. "Быйыл жалпы 128 ишкананы ишке киргизебиз деп турабыз. Мен алардын айрымдарын гана атап өттүм, бул долбоорлор жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз сыяктуу жалпы аракетибиздин жана жаркын келечекке болгон умтулуубуздун жыйынтыгы болот", — деди Жапаров. Кечээ, 20-мартта, Максим Бакиевге жана анын досторуна тиешелүү болгон "ЭлКат" ЖЧКсы мамлекетке кайтарылып, кайрадан президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди. "Бул компания 2007-жылы мурдагы президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу президенттин иш башкармалыгы "ЭлКаттын" негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылылып, Максим Бакиевдин адамдарынын колуна өтүп кеткен. Ошондон тартып 65-70 миллион долларлык активи бар "ЭлКат" компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген", — деди Орунбеков. Ал "ЭлКатка" байланышкан факт Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана ачыкка чыкканын белгиледи. Баткенде Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү жетекчилер кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак аш көргөзмөсүн көрүп чыгышты. Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү жетекчилер жалпы журтту куттукташты. Баткен элин Өзбекстандын Сох районунан келген коноктор да жаз майрамы менен куттуктап, эки элге ынтымак каалашты. Украинанын Куралдуу күчтөрү буга чейин россиялык газды Европага Украина аркылуу жеткирип турган "Суджа" газ өлчөөчү станциясын жардырып салды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин атайын өкүлү Светлана Петренко билдиргенин РИА Новости жазды. "Суджа" газ өлчөөчү станциясынын жардырылышы боюнча теракт беренеси менен кылмыш иши козголду", — деп билдирди Петренко. Кремль Украинанын энергетикалык объектилер боюнча 30 күндүк ок атышпоонун шартын бузганын, Киев режиминин жетекчилерине ишенүүгө болбой турганын айтты. Россия Коргоо министрлиги муну Трамптын тынчтык демилгесин бузууга багытталган чагым деп атады. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялык аскерлер азырынча украиналык энергоинфраструктурага ок атпай карманып турганын, Киев макулдашуунун шартын бузса дагы Путиндин буйругу күчүндө экенин билдирди.
Жазылуу
2025-жылы Кыргызстанда 128 ишкана ишке берилерин президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, тизмеге Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарында курулуп жаткан жаңы ГЭСтер, Чүйдөгү жаңы логистикалык борбор, республика боюнча курулуш материалдарын чыгарган ишканалар, Бишкектеги заманбап автобекет менен жаңы "Ош" базары кирет. "Быйыл жалпы 128 ишкананы ишке киргизебиз деп турабыз. Мен алардын айрымдарын гана атап өттүм, бул долбоорлор жаңылануунун жарчысы болгон Нооруз сыяктуу жалпы аракетибиздин жана жаркын келечекке болгон умтулуубуздун жыйынтыгы болот", — деди Жапаров.
Кечээ, 20-мартта, Максим Бакиевге жана анын досторуна тиешелүү болгон "ЭлКат" ЖЧКсы мамлекетке кайтарылып, кайрадан президенттин иш башкармалыгынын карамагына өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди. "Бул компания 2007-жылы мурдагы президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу президенттин иш башкармалыгы "ЭлКаттын" негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылылып, Максим Бакиевдин адамдарынын колуна өтүп кеткен. Ошондон тартып 65-70 миллион долларлык активи бар "ЭлКат" компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген", — деди Орунбеков. Ал "ЭлКатка" байланышкан факт Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана ачыкка чыкканын белгиледи.
Баткенде Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү жетекчилер кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак аш көргөзмөсүн көрүп чыгышты. Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү жетекчилер жалпы журтту куттукташты. Баткен элин Өзбекстандын Сох районунан келген коноктор да жаз майрамы менен куттуктап, эки элге ынтымак каалашты.
Украинанын Куралдуу күчтөрү буга чейин россиялык газды Европага Украина аркылуу жеткирип турган "Суджа" газ өлчөөчү станциясын жардырып салды. Бул тууралуу Россиянын Тергөө комитетинин атайын өкүлү Светлана Петренко билдиргенин РИА Новости жазды. "Суджа" газ өлчөөчү станциясынын жардырылышы боюнча теракт беренеси менен кылмыш иши козголду", — деп билдирди Петренко. Кремль Украинанын энергетикалык объектилер боюнча 30 күндүк ок атышпоонун шартын бузганын, Киев режиминин жетекчилерине ишенүүгө болбой турганын айтты. Россия Коргоо министрлиги муну Трамптын тынчтык демилгесин бузууга багытталган чагым деп атады. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялык аскерлер азырынча украиналык энергоинфраструктурага ок атпай карманып турганын, Киев макулдашуунун шартын бузса дагы Путиндин буйругу күчүндө экенин билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0