00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:21
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Садыр Жапаров Ош шаарында Нооруз майрамына карата куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып 12 жылдык билим берүүгө учкай токтолду. Ал дүйнөнүн 150дөн ашуун өнүккөн өлкөсү бул система менен билим берип, артыкчылыгын тастыктап келгенин билдирди. "Мындай шартта биз дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек. Мурдагыдай түшүнсө-түшүнбөсө да эреже жаттоону таштап, алып жаткан билимин турмушта пайдаланууга, кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалууда. Алгач анын күнгөй-тескейин талкуулап, максат, милдеттерин аныктап алдык, тиешелүү жоболорду бекиттик. Билим берүү тармагына материалдык, моралдык, идеологиялык колдоо канча керек болсо, ошончо колдойбуз. Анткени билим алда канча ашык ийгиликтерге жеткирерин баарыбыз билебиз. Билим берүүнү жолго коймоюнча башка тармактардын өнүгүшү кыйын деп так кесе айтам", — деди өлкө башчы. Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал элди жаз майрамы менен куттуктады. “Нооруз майрамы – руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү, чыгыш цивилизациясынын салттуу майрамы. Нооруз кылымдап келе жаткан салтты, маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат. Ала-Тоо койнунда жашаган көп улуттуу элибиздин коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин”, - деди ал. Ал өз сөзүндө республикада болуп жаткан алгылыктуу окуяларга токтолду. Ал өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүн, бюджеттин кирешелеринин көбөйүшүн, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук оюндар, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси менен таанышты. Россиянын элчилиги "Кыргызстандагы орус тили" сайтын ишке киргизди. Анда расмий тилди билүүнүн артыкчылыктары, кирилл алфавитинин азыркы кыргыз тили менен адабиятынын өнүгүшүндөгү орду тууралуу илимий фактылар, статистикалык маалыматтар камтылган. Сайт өлкөдө орус тилин үйрөнүү боюнча курстар, гранттык программалар, мугалимдер үчүн методикалык колдоо тууралуу билдирип турат. Маалыматтар орус жана кыргыз тилдеринде болмокчу. Элчилик бардык кызыкдар тараптарды ресурсту толтурууда кызматташууга чакырат. Россия менен АКШ делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 24-март күнү Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта россиялык топту сенатор Георгий Карасин менен ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жетектеп барары айтылган. Ушаков америкалык команданын курамы да белгилүү экенин кошумчалады. "Боло турган сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деген ишеничтебиз", — деген президенттин жардамчысы. Россия менен АКШнын мамилесин жөнгө салуучу алгачкы жолугушуу 18-февралда өткөн. Ага Москва тараптан ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, ал эми Вашингтондон мамкатчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф катышып, жолугушуу натыйжалуу болгон.
Жазылуу
Садыр Жапаров Ош шаарында Нооруз майрамына карата куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып 12 жылдык билим берүүгө учкай токтолду. Ал дүйнөнүн 150дөн ашуун өнүккөн өлкөсү бул система менен билим берип, артыкчылыгын тастыктап келгенин билдирди. "Мындай шартта биз дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек. Мурдагыдай түшүнсө-түшүнбөсө да эреже жаттоону таштап, алып жаткан билимин турмушта пайдаланууга, кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалууда. Алгач анын күнгөй-тескейин талкуулап, максат, милдеттерин аныктап алдык, тиешелүү жоболорду бекиттик. Билим берүү тармагына материалдык, моралдык, идеологиялык колдоо канча керек болсо, ошончо колдойбуз. Анткени билим алда канча ашык ийгиликтерге жеткирерин баарыбыз билебиз. Билим берүүнү жолго коймоюнча башка тармактардын өнүгүшү кыйын деп так кесе айтам", — деди өлкө башчы.
Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында өткөн майрамдык иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал элди жаз майрамы менен куттуктады. “Нооруз майрамы – руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү, чыгыш цивилизациясынын салттуу майрамы. Нооруз кылымдап келе жаткан салтты, маданияттагы көп түрдүүлүктү сактайт жана жакындаштырат. Ала-Тоо койнунда жашаган көп улуттуу элибиздин коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин”, - деди ал. Ал өз сөзүндө республикада болуп жаткан алгылыктуу окуяларга токтолду. Ал өлкө экономикасынын туруктуу өнүгүшүн, бюджеттин кирешелеринин көбөйүшүн, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук оюндар, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси менен таанышты.
Россиянын элчилиги "Кыргызстандагы орус тили" сайтын ишке киргизди. Анда расмий тилди билүүнүн артыкчылыктары, кирилл алфавитинин азыркы кыргыз тили менен адабиятынын өнүгүшүндөгү орду тууралуу илимий фактылар, статистикалык маалыматтар камтылган. Сайт өлкөдө орус тилин үйрөнүү боюнча курстар, гранттык программалар, мугалимдер үчүн методикалык колдоо тууралуу билдирип турат. Маалыматтар орус жана кыргыз тилдеринде болмокчу. Элчилик бардык кызыкдар тараптарды ресурсту толтурууда кызматташууга чакырат.
Россия менен АКШ делегацияларынын кезектеги жолугушуусу 24-март күнү Эр-Рияд шаарында өтөт. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматта россиялык топту сенатор Георгий Карасин менен ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жетектеп барары айтылган. Ушаков америкалык команданын курамы да белгилүү экенин кошумчалады. "Боло турган сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деген ишеничтебиз", — деген президенттин жардамчысы. Россия менен АКШнын мамилесин жөнгө салуучу алгачкы жолугушуу 18-февралда өткөн. Ага Москва тараптан ТИМ башчысы Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, ал эми Вашингтондон мамкатчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүл Стивен Уиткофф катышып, жолугушуу натыйжалуу болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0