https://sputnik.kg/20250320/1092777192.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдорду ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 9 миллион... 20.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-20T18:59+0600
2025-03-20T18:59+0600
2025-03-20T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092777060_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8a320531df7597553f21dcefd93c1a20.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдорду ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 9 миллион доллардан ашык каражатка салынган бул долбоор Кара-Суу районунун калкы үчүн 250 жумушчу орун түзмөкчү. Жылына 50 миллион даана кыш жана 600 миң тонна көмүр өндүрүү планы бар. Президент мындай долбоорлор экономиканын туруктуулугун чыңдоого, курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна токтолду."Заводдордун иши ийгиликтүү болсун, бүгүнкү күндөгү атаандаштыкка жөндөмдүү, технологиялык жактан өнүккөн ишкана болсун! Мээнет төккөндөрдүн колу мындан ары да берекеге, ийгиликке тунсун", — деди мамлекет башчы.
Жол жээгине мыйзамсыз көрнөк жарнак орноткондорго 4 күндө 671 миң сом айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын жана башка өз билемдик менен орнотуп алган фактыларын аныктоо максатында, “Жарнама тактасы” аталышында рейд өткөрдү. Анын алкагында 4 күн ичинде 223 мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды аныкталып, жалпы 671 мин сом айып салынды.
"Улуттук санарип валютанын" укуктук статусун аныктоо мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген бул мыйзам долбоору «Санарип сом» улуттук санарип валютасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин түзүү жана статусун белгилөө максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорунун максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп эсептелет.
Финляндиянын президенти Александр Стубб Украинаны болушунча куралдандыруу керек деп айтканын "Известия" басылмасы жазды. "Токтотуп кармап туруу үчүн Украина тишине чейин куралданышы керек", — деген ал Politico басылмасына интервью берип жатканда. Финндердин президенти Евробиримдиктин өлкөлөрүнө Киевди колдоп, каржылоого чакырык салган. Саясат таануучу Дмитрий Солонников 17-мартта ЕБдин өлкөлөрү "мажбурлаган-ыктярдуу тартипте" Украинага 40 млрд. еврого чукул каражат берүүнү макулдашып жатканын, Венгриянын вето долбооруна кабылбаш үчүн чыгымды Брюсселдин жалпы чечимисиз эле мүчө мамлекеттерге бөлөрү туурасында сөз кылган эле.
Президент Садыр Жапаров Ош облусунда кыш жана байытылган көмүр өндүрүүчү заводдорду ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 9 миллион доллардан ашык каражатка салынган бул долбоор Кара-Суу районунун калкы үчүн 250 жумушчу орун түзмөкчү. Жылына 50 миллион даана кыш жана 600 миң тонна көмүр өндүрүү планы бар. Президент мындай долбоорлор экономиканын туруктуулугун чыңдоого, курулуш материалдарын импорттоодогу көз карандылыкты азайтууга жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болоруна токтолду."Заводдордун иши ийгиликтүү болсун, бүгүнкү күндөгү атаандаштыкка жөндөмдүү, технологиялык жактан өнүккөн ишкана болсун! Мээнет төккөндөрдүн колу мындан ары да берекеге, ийгиликке тунсун", — деди мамлекет башчы. Жол жээгине мыйзамсыз көрнөк жарнак орноткондорго 4 күндө 671 миң сом айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын жана башка өз билемдик менен орнотуп алган фактыларын аныктоо максатында, “Жарнама тактасы” аталышында рейд өткөрдү. Анын алкагында 4 күн ичинде 223 мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды аныкталып, жалпы 671 мин сом айып салынды. "Улуттук санарип валютанын" укуктук статусун аныктоо мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кенештин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген бул мыйзам долбоору «Санарип сом» улуттук санарип валютасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин түзүү жана статусун белгилөө максатында иштелип чыккан. Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорунун максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп эсептелет.Финляндиянын президенти Александр Стубб Украинаны болушунча куралдандыруу керек деп айтканын "Известия" басылмасы жазды. "Токтотуп кармап туруу үчүн Украина тишине чейин куралданышы керек", — деген ал Politico басылмасына интервью берип жатканда. Финндердин президенти Евробиримдиктин өлкөлөрүнө Киевди колдоп, каржылоого чакырык салган. Саясат таануучу Дмитрий Солонников 17-мартта ЕБдин өлкөлөрү "мажбурлаган-ыктярдуу тартипте" Украинага 40 млрд. еврого чукул каражат берүүнү макулдашып жатканын, Венгриянын вето долбооруна кабылбаш үчүн чыгымды Брюсселдин жалпы чечимисиз эле мүчө мамлекеттерге бөлөрү туурасында сөз кылган эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092777060_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_30957adfd8ffc7e4ad6fdf30c5e0f0ac.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио