00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Садыр Жапаров Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин ачты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ал кыргыз-тажик чек арасы такталганына токтолуп, көчүүгө туура келген баткендиктерди мамлекет көңүл сыртында калтырбай турганын убадалады. Жапаров бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берүүнү өз мойнуна аларын айтты.“Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы тынчтыктын, бейпилдиктин, ынак коңшулук кызматташуунун чек арасы болот. Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрүп, жалпы журтубуздун санаасы тынчыйт”, — деди президент. Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган конференц-зал бар. Клиниканын курулушуна 292 миллион сом, ал эми медициналык жабдууларга 99 миллион сом сарпталган.Ошондой эле президенттин катышуусу менен республика боюнча 15 социалдык объектинин: 6 мектептин, 4 бала бакчанын, 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, 1 музыкалык мектеп менен 2 спорт залдын онлайн-форматта ачылышы болду.
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, ал криминалдык чөйрөдө Потап ылакап аты менен белгилүү. “Шектүү Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болуп, анын колдоосу менен 2017-жылы Чолпон-Атанын мэри болуп шайланган. Ал Көлбаевдин бизнес-долбоорлорун андан ары илгерилетмек. Мындан тышкары, ал криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча алган”, — деп айтылат маалыматта. Чогултулган материалдардын негизинде ал 13-мартта кармалып, ЖАКтын №21 мекемесине киргизилгени кошумчаланды.
Ырчы Кайрат Примбердиевге 100 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечиминде айтылган. Маалыматка ылайык, ал “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу" боюнча күнөөлүү деп табылган. Буга чейин ырчынын Ормон хан боюнча айтканы коомдо талкуу жараткан. Мындан улам кылмыш иши козголуп, УКМК ырчыга өлкөдөн чыгууга тыюу салган.
АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү кабинетине орнотулган диета коласын сураганда пайдаланчу кызыл баскычты башкалар өзөктүк куралды ишке киргизиш үчүн баса турган пульт катары көрө турганын Fox News телеканалына айтып берген. Журналист Ак үйдү кыдырып көрүп жүргөн учурда мамлекет башчысынан кола ичимдигине буюртма кылган баскычтын кайда жайгашканын сураган.“Мына, турбайбы. Баары муну өзөктүк куралдыкы деп ойлойт. Басып жиберсем, дүйнө жок болот дешет”, — деп көрсөтүп, айтып берген Трамп иш столуна кол жаңсап. Видеосун спутник.кж сайтынан көрсөңүз болот.2021-жылы Associated Press агенттиги мурдагы президент Жозеф Байден Ак үйдөгү иш столунан Трамп жакшы көргөн суусундукту буюртма кыла берчү баскычты алдырып салганын жазган. Ал эми быйыл январда бийликке келген Трамп “айтылуу баскычты” кайра ордуна койдургандыгын маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0