00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди колдоду. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, алгач парламенттин 6 комитети колдоду. Андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө" келишим, "Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө" жана "Суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча" макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралды. Натыйжада жыйынга катышкан 87 депутаттын 85и "макул", бир эл өкүлү "каршы" добушун берди. Белгилей кетсек, Тажикстандын парламенти чек ара боюнча макулдашууну кечээ, 18-мартта, ратификациялаган.
Адахан Мадумаровду азыр дагы алып келип камап койсо болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште айтты. Ал белгилегендей, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда "Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алабыз" деген протоколго кол коюп, ал тажиктерге тиешелүү деген сыяктуу бүтүмгө ишарат кылган. Натыйжада аны тажик тарап сүйлөшүүлөрдө басым катары колдонгон. "Дача — Капчыгай жолу нейтралдуу болду. Ошонун негизинде Төрт-Көчө жана Миң-Өрүк — Самаркандек жолун нейтралдуу кылдык. Төрт-Көчө боюнча мурдагы жетекчилер ката кетирген. Адахан Мадумаров Курманбек Бакиевдин буйругун аткаргам деп жатат. Биринчиден, анын кол коюуга укугу болгон эмес. Ушундан улам Адахан Мадумаровго "чыккынчылык" беренеси менен иш козголгон. Аны азыр дагы камап койсо болот, анткени ал берене эскирбейт", — деди Ташиев. Ошондой эле УКМК төрагасы 2009-жылы кол коюлган протокол боюнча кыргыз тарап курган көпүрө дагы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айтып, 3-4 айлык сүйлөшүүлөрдөн кийин гана көпүрө толугу менен кыргыз тарапта калганын кошумчалады.
Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыкка 4 миңден ашуун бала чалдыгып, анын 95%ы эмдөөдөн өтпөгөнү аныкталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Спутник Кыргызстандын пресс-борборудо берген маегинде билдирди. Анын айтымында, быйыл 8 бала чарчап калган. Ооруну алдын алуунун бирден бир жолу — эмдөө. “Ооругандардын 95%ы эмдөө алган эмес. Алардын 32%ы — вакцина сайылбай турган бир жашка чейинки бөбөктөр, 44%ы — ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан балдар”, — деди
Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн кээ бир жагдайлары жекшемби күнү Сауд Арабияда талкууланып, иштелип чыгат. Бул туурасында АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды. "Албетте, бир катар жерлерин аягына чейин иштеп чыгышыбыз керек, иш жекшембиде Жидда шаарында башталат. Мындан соң согушту толугу менен токтотууга өтөбүз. Ага жетиш үчүн зарыл болуп турган кечээки сүйлөшүү эң сонун өттү", — деген ал. Уиткоффтун айтымында, АКШнын президенти Дональд Трамп Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүп жатканда эки тарапка тең туруктуу жана түбөлүк тынчтык керектигин баса белгилеген. Чабарман муну Россия да колдогондугун кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0